Kyrgyz Community Center

Kyrgyz Community Center Kyrgyz Community Center in Chicago, IL.

09/06/2026

🏆 YNTYMAK CUP 2026

Өткөн дем алыш күндөрү болуп өткөн Yntymak Cup 2026 иш-чарасынын отчеттук видеосун сиздер менен бөлүшүүгө шашылабыз!

Бул масштабдуу иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөрүбүзгө өзгөчө ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин колдооңуздар биз үчүн абдан баалуу.

Ошондой эле иш-чаранын уюштурулушуна өз убактысын, күчүн жана эмгегин жумшаган ар бир волонтерубузга терең ыраазычылык билдиребиз!

Ар бириңиздердин салымыңыздар менен бул иш-чара ийгиликтүү өтүп, унутулгус көз ирмемдерге бай болду.

Баарыңыздарга чоң рахмат! Биримдикте — күч! 🇰🇬

08/31/2026

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!🇰🇬

08/30/2026

Кыргызстанды Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! 🇰🇬

Бүгүн Yntymak Cup 2026нын расмий ачылыш аземи өтүп, ага 2 000ден ашуун кыргызстандык катышты. Бул күн мекендештерибиздин биримдигин, ынтымагын жана Мекенге болгон сүйүүсүн дагы бир жолу көрсөттү.

Эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин! 🇰🇬

08/29/2026

Yntymak Cup 2026 🇰🇬

08/29/2026

🇰🇬 YNTYMAK CUP 2026нын башкы демөөрчүсү — EMARK GROUP!

Биз YNTYMAK CUP 2026 иш-чарасынын башкы демөөрчүсү — EMARK GROUP компаниясын сыймыктануу менен тааныштырабыз!

Кыргыз коомчулугун бириктирген, спортту, ынтымакты жана улуттук баалуулуктарыбызды даңазалаган чоң иш-чарага көрсөткөн колдоосу үчүн EMARK GROUP компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз.

Сиздердин колдооңуздар — биздин биримдигибизге, жаштарыбызга жана келечегибизге кошулган чоң салым! 🤝🇰🇬

Бирге — күчтүүбүз! Бирге — ынтымактабыз!

YNTYMAK CUP 2026 | CHICAGO
📅 29–30-август, 2026

08/29/2026

Даярдык каттуу болуп жатат Yntymak cup | 2026 ⬇️

📅 29–30-август, 2026
📍 Canlan Sports Lake Barrington
28156 W Northpointe Pkwy, Lake Barrington, IL 60010

08/27/2026

Сиз катышууга жетиштиңизби?

08/26/2026

Гавайиге эки кишилик жолдомо утуп алгыңыз келеби?

Шарттары абдан жөнөкөй: Гала-кечеге билет сатып алыңыз — жана автоматтык түрдө Гавайиге эки кишилик жолдомонун розыгрышына катышыңыз! 🎟️

Жеңүүчү ошол эле күнү аныкталат!

Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз — балким, Гавайиге жолдомо дал сиздики болот!

08/24/2026

КЕЧЕНИН ХЕДЛАЙНЕРИ — КУБАТ КУБАНЫЧБЕКОВ Kuba Showman 🎤🔥

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу Гала-кече өзгөчө маанайда өтөт!

Кечебиздин хедлайнери — Кубат Кубанычбеков! Сиздерди шаңдуу программа, күлкү, жакшы маанай жана унутулгус көз ирмемдер күтөт. 🇰🇬✨

Бул кечени биз менен бирге өткөрүп, майрамдык атмосферанын бир бөлүгү болуңуз!

📅 30-август
⏰ 7:00 PM
📍 Belvedere Events & Catering
1170 W Devon Ave, Elk Grove Village, IL 60007

Address

1114 N Arlington Heights Road
Arlington Heights, IL
60004

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Kyrgyz Community Center posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share