05/06/2025
Урматтуу туугандар, мекендештер!
Сиздерди ыйык Курман Айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул майрам ар бир мусулман үчүн ыймандын, кайрымдуулуктун жана жан дүйнөнүн тазалыгынын символу болуп саналат. Курман Айт күндөрү ар бир үйдө жакшылык, молчулук жана бакубатчылык болсун деп тилек кылабыз.
Бул ыйык күндөрдө ар бириңиздерге чын ден соолук, узун өмүр, бак-таалай жана тынчтык каалайбыз. Жараткан Алла ар бирибиздин курмандыгыбызды, дубаларыбызды кабыл кылсын. Жакындарыңыздар менен бирге ынтымакта, биримдикте жашап, ар дайым бейпилдик болсун!
Курмандык чалуу менен биз Жараткан Аллага болгон ишенимибизди, берилгендигибизди көрсөтөбүз. Бул күндөрдө бири-бирибизге жардам берип, муктаждарга кол сунуп, кайрымдуу болууга чакырабыз. Курман Айт майрамы сиздердин үй-бүлөлөрүңүздөргө тынчтык, кубаныч жана бакыт алып келсин!
Курман Айт майрамыңыздар менен!!!