Фонд развития "Альянс Алтын"

Фонд развития "Альянс Алтын" Фонд развития «Альянс Алтын» создан для решения местных социальных вопросов, содействия созданию раб

Талас шаарынын борбордук аянтында жайгашкан сейил бакты заманбап талаптарга ылайык жаңылоо иштери активдүү жүрүп жатат.Б...
29/04/2026

Талас шаарынын борбордук аянтында жайгашкан сейил бакты заманбап талаптарга ылайык жаңылоо иштери активдүү жүрүп жатат.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан 4 500 940 сом каражат бөлүнүп, учурда реконструкция иштери кызуу уланууда. Жаңыланган сейил бак шаар тургундары үчүн эс алуу, сейилдөө жана маданий убакыт өткөрүү үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап жайга айланат.

Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду инфраструктураны өнүктүрүү багытында буга чейин 63 долбоорду ийгиликтүү ишке ашырып, жалпы 78 миллион сом инвестиция жумшаган.

Бул иштер аймактын өнүгүүсүнө салым кошуп, калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Бүгүн, 25-апрелде Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Талас бизнес ассоциациясынын демилгеси ...
25/04/2026

Бүгүн, 25-апрелде Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Талас бизнес ассоциациясынын демилгеси менен, “Альянс Алтын” компаниясынын колдоосунда “TALAS CONNECT” бизнес форму ийгиликтүү өттү.

Форумдун алкагында катышуучулар бизнес баштоонун негизги сырлары менен таанышып, ийгиликтүү ишкерлердин баалуу тажрыйбасын угушту. Ошондой эле жаңы бизнес идеялар талкууланып, келечектүү сунуштар айтылды.

Бул иш-чара ишкерлик чөйрөнүн өнүгүшүнө чоң түрткү берип, катышуучуларга жаңы дем, мүмкүнчүлүк жана пайдалуу байланыштарды түзүүгө шарт жаратты.

“TALAS CONNECT” бизнес форуму ийгиликтүү өтүп жатат!
25/04/2026

“TALAS CONNECT” бизнес форуму ийгиликтүү өтүп жатат!

5 likes. "TALAS CONNECT форуму"

23/04/2026

Чоң-Алыш айыл аймагына караштуу Манас айылындагы “Чырканак” өзөнүндө (№1423 контур) казылган скважинадан сууну натыйжалуу пайдалануу үчүн өзүнчө трансформатор орнотулуп, электр карагайлары тартылды.

Бул ишке Альянс Алтын өнүктүрүү фонду тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлдү.

Аталган долбоордун негизинде 50 гектардан ашык үлүш жерлерди сугарууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, дыйкандардын ишине чоң жеңилдик алып келди.

Альянс Алтын өнүктүрүү фонду , айыл чарбасын колдоо багытында фонд тарабынан 58 долбоор ишке ашырылып, 103 миллион сом каражат бөлгөн.

“Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Таластын 4 районунда ирригацияны жакшыртууга 7 млн сом бөлдү.    Бакай-Ата, Айтматов, Ман...
16/04/2026

“Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Таластын 4 районунда ирригацияны жакшыртууга 7 млн сом бөлдү.
Бакай-Ата, Айтматов, Манас жана Талас райондорунда сугат тармактарын иретке келтирүү максатында БСР, БДР жана каналдарды тазалоо боюнча долбоор ишке ашууда. Аталган демилгенин алкагында “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан 7 миллион сом каражат бөлүнүп, күйүүчү жана майлоочу майлар алынып берилди.

Бул колдоо ирригациялык системаларды оңдоп-түзөөгө, суунун үзгүлтүксүз жетишине жана дыйкандардын эмгегин жеңилдетүүгө чоң өбөлгө түзөт.

Жалпысынан “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча 58 долбоорду ишке ашырып, 102 641 863 сом каражат бөлгөн.

Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт…Бүгүн, 6-апрелде Талас шаарынын борбордук паркында Апрель революциясынын кур...
06/04/2026

Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт…

Бүгүн, 6-апрелде Талас шаарынын борбордук паркында Апрель революциясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү. Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Нургазы Чолпонкулов, 7-Апрель революциясынын катышуучулары, баатырлардын ата-энелери жана жакындары катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө курман болгондордун элесине арналган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулуп, алардын жаркын элеси бир мүнөт эскерилди. Ошондой эле баатырлардын урматына аскердик залп атылды.

Андан соң иш-чара Талас облустук драма театрында улантылып, Апрель окуяларын чагылдырган театралдаштырылган пролог көрүүчүлөргө тартууланды. Мындан сырткары, “7-Апрель окуучулардын көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, жаш муундун тарыхка болгон көз карашы даңазаланды.

Белгилей кетсек, быйыл 7-Апрель окуясына 16 жыл толду.

Иш-чараны уюштурууга “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду колдоо көрсөттү.

Таласта Нооруз – 2026 майрамы салтанаттуу белгилендиТалас облусунун Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында Нооруз майр...
21/03/2026

Таласта Нооруз – 2026 майрамы салтанаттуу белгиленди

Талас облусунун Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында Нооруз майрамы кеңири жана жогорку деңгээлде белгиленди. Майрам Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин демилгеси жана Альянс Алтын өнүктүрүү фондунун колдоосу менен уюштурулду.

Салтанатка Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышып, эл-журтту куттукташты. Майрам салттуу жөрөлгөлөр, айтыш, Манас айтуу, сүмөлөк жана концерттик программа менен коштолду.

Нооруз – биримдиктин, жаңылануунун жана үмүттүн символу. Бул майрам Талас элинин ынтымагын дагы бир ирет бекемдеди.

Урматтуу мекендештер!Сиздерди улуу жана ыйык Орозо айт майрамы менен Альянс Алтын өнүктүрүү фондунун атынан чын жүрөктөн...
20/03/2026

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди улуу жана ыйык Орозо айт майрамы менен Альянс Алтын өнүктүрүү фондунун атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Аллах Таала кылган ибадаттарыңыздарды кабыл кылып, ар бир үйгө тынчтык, ар бир жүрөккө ыйман, ар бир кадамга береке берсин! Өлкөбүздө тынчтык, элибизде ынтымак түбөлүк болсун!

Айтыңыздар маарек болсун! 🤲

Таласка келген дарыгерлерге 40 миң сомго чейин кошумча төлөмдөр төлөнүүдө.Талас облусунда медицина тармагындагы кадр жет...
12/02/2026

Таласка келген дарыгерлерге 40 миң сомго чейин кошумча төлөмдөр төлөнүүдө.

Талас облусунда медицина тармагындагы кадр жетишсиздигин жоюу максатында облус башчысы Эрмат Жумаевдин демилгеси менен келген 18 дарыгер жана 15 ординатор 2025-жылдын сентябрь айынан бери үзгүлтүксүз иштеп келишет.

Аларды колдоо үчүн “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан кошумча төлөмдөрдү ай сайын төлөп туруу боюнча келишимдер түзүлүп, 2025-жыодын сертябрь айынан тарта иштеген ар бир айы үчүн кошумча акчаларын толук алып жатышат.

Тактап айтканда, дарыгерлерге врачтык жүктөмүнө жараша 40 миң сомго чейин, ал эми ординаторлорго 12 миң сомдон кошумча төлөмдөр берилип келет.

Облус башчысы Эрмат Джумаев дарыгерлер менен жолугушууда иштеп жаткан адистерге толук колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Ал кошумча төлөмдөр токтобой, үзгүлтүксүз төлөнөрүн баса белгилеп, медицина кызматкерлерине ишеним артып, иштерине ийгилик каалады.

Мындан тышкары, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду буга чейин Талас облусунун саламаттык сактоо тармагын колдоо багытында жалпы 59 долбоорду ишке ашырып, 63 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлгөн.

Бул иштер калктын саламаттыгын жакшыртууга, медициналык кызматтын сапатын көтөрүүгө жана дарыгерлер үчүн шарт түзүүгө багытталган.

28/01/2026

Талас шаарында 250 орундуу жаңы бала бакча ишке кирди

Талас шаарында балдар үчүн заманбап, кеңири шарттары бар 250 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Учурда 4 тайпа иштеп жатат жана мекеме кошумча балдарды кабыл алууга даяр.

Аталган имарат мурда жеке менчикте болуп, мейманкана катары колдонулуп келген. Мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамдаштыруу иштеринин алкагында өткөн жылы мэриянын балансына кайтарылып, кайрадан бала бакчага ылайыкташтырылды.

Имаратты толук оңдоп-түзөө жана жабдуу иштерин “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду колдоп, керектүү каржылык жардам көрсөттү. Анын эсебинен ички жасалгалар, эмеректер, ашкана жабдуулары, санитардык түйүндөр, ички жана сырткы эшиктери, ошондой эле электр системалары толук жаңыланды.

Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду билим берүү тармагында жалпы 145 долбоорду колдоп, 83 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн.

Жаңы ачылган бала бакча шаардагы мектепке чейинки билим берүүгө болгон муктаждыкты азайтууга өбөлгө түзүп, балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыздайт.

Address

Улица Бердике баатыра
Talas
724200

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Фонд развития "Альянс Алтын" posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Фонд развития "Альянс Алтын":

Share