WE Central Asia

WE Central Asia Аялдардын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетебиз

✨ Кыздардын эл аралык күнү ✨Бүгүн биз ар бир кыздын күчүн, потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп жатабыз!  Алар кел...
11/10/2024

✨ Кыздардын эл аралык күнү ✨

Бүгүн биз ар бир кыздын күчүн, потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп жатабыз! Алар келечегибиз үчүн маанилүү болгон өз кыялдарына жана максаттарына жетүү үчүн өзүнө ишенген, күчтүү жана шыктанган болуп өссүн. Биз ар бир кыз өз потенциалын толугу менен ишке ашыра алышы үчүн эмгектенүүнү улантабыз.
_____
✨ Международный день девочек ✨

Сегодня мы отмечаем силу, потенциал и возможности каждой девочки! Пусть они растут уверенными, сильными и вдохновленными, зная, что их мечты и цели важны для будущего нашего общества. Мы верим в равные возможности для всех и продолжаем работать над тем, чтобы каждая девочка могла реализовать свой потенциал.

#МеждународныйДеньДевочек #ДевочкиМогут #Равенство

Общественный фонд «WE» совместно с Таласским областным центром молодежи с гордостью объявляют о запуске нового мобильног...
12/09/2024

Общественный фонд «WE» совместно с Таласским областным центром молодежи с гордостью объявляют о запуске нового мобильного приложения Jashaar

Приложение предоставляет молодежи платформу для участия в процессах принятия решений, информирования о местных проблемах и внесения вклада в развитие своего сообщества.
 
Приложение предлагает целый ряд функций, включая:
 
• Голосование и обсуждение;
• Доступ к информации;
• Участие в жизни сообщества.
 
Презентация мобильного приложения пройдет:

Дата и время: 13 сентября в 13:00
Место: актовом зале Таласского государственного университета, г.Талас.

30/08/2024

Баары балалыктан башталат. Балалыкта мээримге жана камкордукка курчалып өскөн кичинекей кыз келечекте турмуштун кыйынчылыктарын жеңүүгө даяр, жашоодо ишенимдүү кадамдарды жасоого дараметтүү күчтүү инсан болуп чоңоет. Каарманыбыз Рысгүлдүн окуясы буга далил.

[S]HERO | Эл кыздары
«Кыздарын колдогон эл ырыстуу»

#ЭлКыздары #аялдыколдо ​​

🔸🔸🔸

Жасалгалар үчүн .kyrgyz ыраазычылык билдиребиз✨
Видеограф: Виталий Белошапкин

Саясатта аялдардын катышуусу менен коомдо социалдык, экономикалык жана саясий аспектилерди камтыган олуттуу оң өзгөрүүлө...
29/08/2024

Саясатта аялдардын катышуусу менен коомдо социалдык, экономикалык жана саясий аспектилерди камтыган олуттуу оң өзгөрүүлөрдү көрсөткөн бир нече мисалдар менен тааныштырабыз. Албетте, мисалдар муну менен эле чектелип калбайт жана алардын тизмеси улам өсө беришине тилектешпиз.

[S]HERO | Эл кыздары
«Кыздарын колдогон эл ырыстуу»

#ЭлКыздары #аялдыколдо ​​

Сүрөт/иллюстрация: Жылдыз Бекова

28/08/2024

Аялды аял түшүнөт. Кыйналып тургандарга өз каражаты менен жардам берүүгө шарты жок болсо да, демилге көтөрүп, элди уюштура алат. Анткени башкалардын азабын көрүп туруп, кол шилтеп кетип кала албайт. Андайга жүрөгү чыдабайт. Муну бүгүнкү каарманыбыз Зейнептин окуясы далилдейт.

[S]HERO | Эл кыздары
«Кыздарын колдогон эл ырыстуу»

#ЭлКыздары #аялдыколдо ​​

🔸🔸🔸

Жасалгалар үчүн .kyrgyz ыраазычылык билдиребиз✨
Видеограф: Виталий Белошапкин

Аялдын өзүнө болгон ишеним – бул тоскоолдуктарды жеңүүнүн ачкычы. Бирок ал жөн жерден калыптанбайт. Жакындарынын колдоос...
27/08/2024

Аялдын өзүнө болгон ишеним – бул тоскоолдуктарды жеңүүнүн ачкычы. Бирок ал жөн жерден калыптанбайт. Жакындарынын колдоосу жана кубаттоосу аялдын умтулууларын азыктандырат жана аны чечкиндүү болууга шыктандырат. Ар бир кызды, аялды өзүнө болгон ишенимин өнүктүрүүгө үндөгөн чөйрө менен курчайлы.

[S]HERO | Эл кыздары
«Кыздарын колдогон эл ырыстуу»

#ЭлКыздары #аялдыколдо ​​

Темиргүл күнүмдүк маселени чечүү менен гана чектелбестен, алыска көз чаптырып, бүтүндөй айылдын турмушун жакшырткан жаңы...
26/08/2024

Темиргүл күнүмдүк маселени чечүү менен гана чектелбестен, алыска көз чаптырып, бүтүндөй айылдын турмушун жакшырткан жаңы технологияны ишке киргизе алды. Ал эски көз караштарды жеңип, өз айылы үчүн жаңы шарттарды түзүп берди.

Кыздардын акылы, эрки жана шыгы коомду кандайча өзгөртө аларын чагылдырган комиксибиздин АкылAI эпизодуна назарыңыздарды бурабыз.

[S]HERO | Эл кыздары
«Кыздарын колдогон эл ырыстуу»

#ЭлКыздары #аялдыколдо ​​

Сүрөт/иллюстрация: Боб Дакман, Dom-Art көркөм студиясынын окутуучусу

23/08/2024

Көптөгөн кыздар жана айымдар "бул жерге жарабайсың" же "кыздын/аялдын иши эмес" сыяктуу терс пикирлердин айынан өз максаттарына жетүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушат. "Мындай сөздөргө көңүл бурбай, өз жолу менен кете берсе болот" деп ойлогон оңой, бирок аялдардын коомдогу салттуу көз караш, стереотиптер менен курчалган абалын экенин эске алуу зарыл. Ошол себептен аялга жакындарынын колдоосу өзгөчө керек.

[S]HERO | Эл кыздары
«Кыздарын колдогон эл ырыстуу»

#ЭлКыздары #аялдыколдо ​​

🔸🔸🔸

Жасалгалар үчүн .kyrgyz ыраазычылык билдиребиз✨

Видеограф: Виталий Белошапкин

Кыргызстандын министрлери жөнүндө сөз болсо, көпчүлүк адатынча чыкыйган костюм кийген эркек кишилерди элестетиши мүмкүн....
21/08/2024

Кыргызстандын министрлери жөнүндө сөз болсо, көпчүлүк адатынча чыкыйган костюм кийген эркек кишилерди элестетиши мүмкүн. Бирок биздин өлкөбүздүн Тышкы иштер министрлигинин түпкүлүгүндө аял киши турган, ал 60-жылдардын башында бир эмес, атүгүл эки министрликти башкарган десек, таң калычтуу угулса керек…
Стереотиптерди талкалаган, кесипкөй жана күчтүү каарманыбыз менен таанышууга чакырабыз.

[S]HERO | Эл кыздары
«Кыздарын колдогон эл ырыстуу»

#ЭлКыздары #аялдыколдо ​​

Сүрөт/иллюстрация: Жылдыз Бекова

20/08/2024

Үй-бүлөлүү аял үчүн өзүнүн жеке жашоосу менен алек болгон учурлары өзгөчө баалуу: досторуна жолугуу, кызыккан иш-чараларына баруу, же жөн гана өз ойлору менен жалгыз калуу — адатта байкалбаган бул кичине нерселер анын психологиялык абалын туруктуу кылып, жүрөгүн жылытат. Жакындары мындай учурлардын маанилүүлүгүн түшүнүп, ага шарт түзүп бериши зарыл.

[S]HERO | Эл кыздары
«Кыздарын колдогон эл ырыстуу»

#ЭлКыздары #аялдыколдо ​​
🔸🔸🔸

Жасалгалар үчүн .kyrgyz ыраазычылык билдиребиз✨

Видеограф: Виталий Белошапкин

Айланасындагы адамдардан колдоо көргөн аялдар коомдо өз ордун таап, жаңы бийиктиктерди багындырышат. Алар кыздар үчүн үл...
19/08/2024

Айланасындагы адамдардан колдоо көргөн аялдар коомдо өз ордун таап, жаңы бийиктиктерди багындырышат. Алар кыздар үчүн үлгү болуп, "мүмкүн эмес" деген ойлорду жокко чыгарышат. Бул өзгөрүүлөр өз кезегинде бүткүл коомдун өнүгүүсүнө жол ачат.

[S]HERO | Эл кыздары
«Кыздарын колдогон эл ырыстуу»

#ЭлКыздары #аялдыколдо ​​

Сүрөт/иллюстрация: Жылдыз Бекова

16/08/2024

Баланын болочок инсан болуп калыптануусунда ата-эненин ролу чоң. Алардын жүрүм-туруму жана баалуулуктары баланын келечектеги жашоого болгон көз карашына, жарандык позициясына олуттуу таасир берет.

Каарманыбыз Элери Битикчинин ата-энеси буга мисал: апасы кыйчалыш учурда ишкана ачып, бир топ аялдардын ишин жетектесе, атасы ага болушунча колдоо көрсөткөн. Мындай мамиледе чоңойгон Элери азыр эми өз жубайын колдоп, ага тирек болуп келет. “Аялды колдогондор — бул жашоону түшүнгөн кишилер”, – дейт Элери.

[S]HERO | Эл кыздары
«Кыздарын колдогон эл ырыстуу»

#ЭлКыздары #аялдыколдо ​​
🔸🔸🔸
Жасалгалар үчүн handmade.kyrgyz ыраазычылык билдиребиз✨
Видеограф: Виталий Белошапкин

Address

Talas

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when WE Central Asia posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share