Интербилим-Ош

Интербилим-Ош Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Интербилим-Ош, Nonprofit Organization, Улица Ленина 335/11, Osh.

🔹1997-жылдан бери жарандык коомду чыңдап келебиз
🤝Коомдук демилгелерди жана уюмдарды колдойбуз
💬Бийлик, эксперттер жана жарандар үчүн ачык диалог түзөбүз

Жоопкерчиликтүү өнөктөштүк аркылуу жергиликтүү жамааттардын жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшүү

16/06/2026

📍 Жайгашкан жери: Өзгөн/ Тогуз-Тоо айылы
⏳ Узактыгы: 7 күн
💰 Баасы: 10 000 сом

«Келечектин Лидери» лагеринде балдар:

✅ Лидерлик сапаттарын өнүктүрүшөт
✅ Эл алдында сүйлөөнү үйрөнүшөт
✅ Команда менен иштөөгө көнүшөт
✅ Өзүнө болгон ишенимин арттырышат
✅ SMM жана контент жаратуунун негиздерин өздөштүрүшөт
✅ Биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүшөт
✅ Жаңы досторду табышат
✅ Табият койнунда эс алышат

🏕 Программада:

🥾 Тоого жөө жүрүш
🌳 Токойдо хайкинг жана кызыктуу квесттер
🏊 Бассейн жана суу оюндары
🔥 От жанындагы кечелер
⛺ Палаткада түнөө
🎤 Оратордук өнөр сабактары
🤝 Командалык оюндар
📱 SMM жана видеоконтент жаратуу
🎬 Өз медиадолбоорун даярдоо
🏆 Сыйлыктар жана сертификаттар

Ар бир күн — жаңы чакырык, жаңы тажрыйба жана жаңы жеңиш!

✨ Биз лидерликти лекция аркылуу эмес, турмуштук тажрыйба аркылуу үйрөтөбүз.

🎯 Бул лагерь кимдер үчүн?
• Өзүн өнүктүрүүнү каалаган жаштар үчүн
• Жайкы эс алууну пайдалуу өткөргүсү келгендер үчүн
• Жаңы досторду табууну каалагандар үчүн
• Лидерлик жана коммуникация көндүмдөрүн өнүктүргүсү келгендер үчүн
• Унутулгус жайкы эмоцияларды алгысы келгендер үчүн

Катталып жана кошумча маалымат алуу үчүн: ‪+996 995 030 072‬

🔥Орундар чектелүү!

11/06/2026

Урматтуу ата-энелер! ✨ Балаңыздын жайкы эс алуусу пайдалуу жана кызыктуу өтүүсүн каалайсызбы? ☀️ Үйдө отуруп калбай, жаңы билимдерди жана досторду табуу үчүн — сиздер үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк!

Табиятта өтө турган «Келечектин лидери» аттуу жайкы лагери старт алды! 🎉
Бул — 12–16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн лагер.
3 агым:
📅 1-агым: 20-июнь
📅 2-агым: 14-июль
📅 3-агым: 28-июль
⏰ 7 күн бою Кыргызыстандын соонун табиятында шаардын ысык-чаңыдан алыс жерде.

Программада:
💡 Лидерлик жана сүйлөө өнөрү
📱 СММ мастер-класстар
🧠 Эмоция жана өзүн таануу
🤝 Командалык оюндар
🏊‍♀️ Бассейн, фотосессиялар

Лагерден эмне алат?
– Лидерлик сапаттар
– Чечим кабыл алуу жөндөмү
– Өз оюн жеткирүү
– Командада иштөө
– Креативдүүлүк

📲Байланыш учун телефон: +996 557 973 396

09/06/2026

🌙 Түнкү Ош канчалык жарык?

Шаардагы көчө жарыктандыруусунун учурдагы абалы, жетишпеген мамычалар жана үнөмдүү LED технологиялары тууралуу видеодон көрүңүз.

💬 Сиздин оюңузча, шаарда жарык жетиштүүбү?

Биздин долбоорубуздун алкагындагы акыркы достук турнири өзгөчө маанайда өттү.Бул жолу турнирдин мааниси абдан чоң болду ...
04/06/2026

Биздин долбоорубуздун алкагындагы акыркы достук турнири өзгөчө маанайда өттү.

Бул жолу турнирдин мааниси абдан чоң болду — мугат коомчулугунун балдары биринчи жолу башка коомчулуктун балдары менен бир командада жана бир аянтчада оюн өткөрүштү. Буга чейин алар өз ара гана турнирлерге катышып келишкен.

Бул оюн жөн гана футбол эмес, балдардын бири-бирин жакындан таанып, достошуусуна жана коомго аралашуусуна чоң кадам болду. Аянтчада улутка, айырмачылыкка бөлүнүү эмес, колдоо жана биримдик үстөмдүк кылды. 💚

Балдардын жанында болуп, аларды колдоп келген машыктыруучуларга жана бул долбоордун ишке ашуусуна салым кошкон бардык жарандарга терең ыраазычылык билдиребиз. 🙌

Футбол аркылуу чек аралар эмес, достук курулат. ⚽️✨

30/05/2026

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, көчүрүү аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, үй-бүлөдөгү жана психологиялык жүктү көбөйткөн. Ошондой эле медициналык жана социалдык кызматтарга жетүүнү кыйындатып, үй-бүлөдөгү чыңалууну күчөткөн.

Гендер маселелери боюнча эксперт Жамиля Капарова.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, көчүрүү аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, үй-бүлөдөгү жана психологиялык жүкт...
29/05/2026

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, көчүрүү аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, үй-бүлөдөгү жана психологиялык жүктү көбөйткөн. Ошондой эле медициналык жана социалдык кызматтарга жетүүнү кыйындатып, үй-бүлөдөгү чыңалууну күчөткөн.

29/05/2026

2025-жылы Ош шаарындагы турак жайларды бузуу жана алып коюу болжол менен 750 үй-бүлөгө жана 5000ден ашуун адамга таасирин тийгизди. Анын ичинде балдарга да таасирин тийгизген. Балдар жаңы мектепке толук адаптация боло албай, айрымдары мектепке барбай калышкан. Ошондой эле бала бакчага орношо албай калган үй-бүлөлөр да бар.

2025-жылы Ош шаарындагы турак жайларды бузуу жана алып коюу болжол менен 750 үй-бүлөгө жана 5000ден ашуун адамга таасири...
25/05/2026

2025-жылы Ош шаарындагы турак жайларды бузуу жана алып коюу болжол менен 750 үй-бүлөгө жана 5000ден ашуун адамга таасирин тийгизди. Изилдөөнүн жыйынтыгында адам укуктарынын көптөгөн бузулуулары аныкталды: мыйзамдуу жол-жоболор, алдын ала эскертүүлөр, сот чечимдери жана адекваттуу компенсация камсыздалган эмес. Көптөгөн үй-бүлөлөр жаңы турак жайына документ ала элек жана оор социалдык-экономикалык шартта жашап жатышат. Көчүрүү адамдардын психологиялык абалына, жашоо шарттарына жана кирешесине терс таасир тийгизди. Эксперттер жабыркаган үй-бүлөлөргө адилеттүү компенсация берип, турак жай документтерин тез арада бүтүрүү жана социалдык колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилешет. Бул изилдөө Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүзүлдү.

Форум «Турак жайды сүрдүрүүнүн кесепеттери: бир жылдан кийинки жашоо» ийгиликтүү өттү.Бүгүнкү форумдун алкагында турак ж...
21/05/2026

Форум «Турак жайды сүрдүрүүнүн кесепеттери: бир жылдан кийинки жашоо» ийгиликтүү өттү.

Бүгүнкү форумдун алкагында турак жайы бузууга кабылган жарандардын тагдыры тууралуу ачык талкуу өтүп, аларды көчүрүүнүн социалдык-экономикалык жана гендердик кесепеттери боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталды. Ошондой эле жабыркаган үй-бүлөлөрдүн чыныгы окуялары айтылып, турак жай укуктарын коргоо жана адилеттүү компенсация маселелери кеңири талкууланды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттер, журналисттер, активисттер жана жарандык коом өкүлдөрү катышып, форумга жалпысынан 120га жакын адам келди. Катышуучулар көйгөйдү биргелешип талкуулап, өз сунуштары менен бөлүшүштү.

Катышуучулардын баарына ыраазычылык билдиребиз!

📢 «Турак жайды сүрдүрүүнүн баасы: бир жылдан кийинки жашоо» форумуна катышууга чакырабыз21-май күнү Ош шаарында турак жа...
19/05/2026

📢 «Турак жайды сүрдүрүүнүн баасы: бир жылдан кийинки жашоо» форумуна катышууга чакырабыз

21-май күнү Ош шаарында турак жайдан ажыратуунун социалдык-экономикалык жана гендердик кесепеттери боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча талкуу өтөт.

📅 2026-жылдын 21-майы
🕤 Саат 09:30
📍 Ош шаары, Курманжан Датка ч.280 «Гранд Отель Чаво» чоң жыйындар залы

Форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, эксперттерди, журналисттерди, активисттерди жана турак жай укугу менен адилеттүүлүк темасына кайдыгер карабаган бардык жарандарды күтөбүз.

📞 +996 557 973 396

————
📢 Приглашаем вас принять участие в форуме
«Цена изъятия жилья: жизнь год спустя»

21 мая в Оше состоится открытое обсуждение результатов исследования о социально-экономических и гендерных последствиях изъятия жилья.

📅 21 мая 2026
🕤 09:30
📍 Город Ош, ул. Кырманжан Датка 280 «Гранд Отель Чаво» конференц-зал.

Будем рады видеть представителей госорганов, экспертов, журналистов, активистов и всех, кого волнует тема жилищных прав и справедливости.

📞 +996 557 973 396

Address

Улица Ленина 335/11
Osh
723500

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:30
Tuesday 09:00 - 17:30
Wednesday 09:00 - 17:30
Thursday 09:00 - 17:30
Friday 09:00 - 17:30

Telephone

+996322272952

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Интербилим-Ош posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Интербилим-Ош:

Share