29/05/2025
🔴 Ош облусунун Кара-Кулжа районунда болгон адам өлүмү боюнча маалымат – бизди терең тынчсыздандырууда.
2025-жылдын 26-майында алган жарааттарынан улам ооруканага жетпей каза болгон аялдын иши Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен иликтенип жатат. Шектүү катары анын өмүрлүк жолдошу кармалган. Бул окуя үй-бүлөлүк зомбулуктун дагы бир кайгылуу мисалы болуп калды.
📍 Бул – жекече эмес, коомдук трагедия. Зомбулукка көз жумуу – бүтүндөй коомду коопсузсуздукка алып келет. Биз аялдардын коопсуздугуна кайдыгер болсок, эртеңки күн балдарыбыз үчүн дагы коркунучтуу болуп калышы мүмкүн.
📢 Урматтуу мырзалар, ата-эне, агалар, инилер! Сиздерге кайрылабыз – зомбулук көрсөткөн эркек күчтүү эмес, ал – алсыз. Чыныгы күч – сабырда, урматта жана коргоодо. Үй-бүлө – бул сүйүү менен сый-урматтын орду болушу керек, коркунуч менен тынчсыздануунун эмес.
👥 Биз бардык жарандарга кайрылабыз:
Эгер сиз зомбулуктун курмандыгы болсоңуз – унчукпай калбаңыз.
Эгер жакыныңыз зомбулукка кабылса – көңүл буруңуз, колдоо көрсөтүңүз.
Эгер зомбулукка күбө болсоңуз – кайдыгер болбоңуз.
📞 Биздин кризистик борбор – укугуңузду жана коопсуздугуңузду коргоо үчүн иштейт. Жардам бар. Колдоо бар. Үмүт бар.
Зомбулукту токтотсок – келечекке тынч коом кура алабыз.
#ЗомбулуккаКаршыБирге
#ЧыныгыКүчЗомбулуктаЭмес
#КоомдунКоопсуздугуАрБирибизгеБайланыштуу
#КризистикБорбор
#Акжүрөк