АНПО "Эдвокаси Центр по Правам Человека"

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Osh
  • АНПО "Эдвокаси Центр по Правам Человека"

АНПО "Эдвокаси Центр по Правам Человека" Оказание бесплатной юридической помощи, для уязвимых групп населения.

Ошто жаңы конуштардын тургундары үчүн санариптик кызматтар жана жасалма интеллект боюнча тренинг өттү18–19-июнь күндөрү ...
19/06/2026

Ошто жаңы конуштардын тургундары үчүн санариптик кызматтар жана жасалма интеллект боюнча тренинг өттү

18–19-июнь күндөрү Ош шаарында «Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу долбоорунун» алкагында «Мамлекеттик санариптик кызматтарды жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу аркылуу жарандардын социалдык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аталышындагы окуу-тренинг өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты жаңы конуштардын жашоочуларынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, мамлекеттик электрондук кызматтарды, мобилдик тиркемелерди жана жасалма интеллект инструменттерин күнүмдүк турмушта, билим алууда, жумушта жана ишкердикте натыйжалуу пайдалануу боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү болду.

Октууга Алай-1, Алай-2, Эдельвейс жаңы конуштарынын жаан Манас-Ата аймагындагы үй-бүлөлүк жатакана тургундары, кварталдык комитеттердин өкүлдөрү, үй башчылары, жарандык активисттер жана жаштар болуп, 60 адам катышты.

Тренинг эки күнгө бөлүнүп уюштурулуп, 18-июнда Алай-1 жана Алай-2 конуштарынын жашоочулары үчүн, ал эми 19-июнда Манас-Ата жана Эдельвейс аймагынын тургундары үчүн өткөрүлдү.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик санариптик кызматтарды пайдалануунун жолдору, мобилдик тиркемелердин мүмкүнчүлүктөрү жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу боюнча маалымат алышты. Ошондой эле алар санариптик инструменттерди практикалык түрдө колдонуп көрүп, маалыматтарды жана кызматтарды тез, ыңгайлуу жана жеткиликтүү алуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар санариптик технологияларды күнүмдүк турмушта, социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүдө натыйжалуу колдонуу боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн бекемдеп, мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү өздөштүрүштү.

В Оше были проведены обучающие семинары по профилактике семейного насилия.10–11 июня в рамках проекта «Аракет» для сотру...
11/06/2026

В Оше были проведены обучающие семинары по профилактике семейного насилия.

10–11 июня в рамках проекта «Аракет» для сотрудников МТУ, инспекторов по делам несовершеннолетних и социальных работников были организованы тренинги, посвящённые вопросам межведомственного взаимодействия в сфере предотвращения семейного насилия и защиты пострадавших.

В мероприятии приняли участие заместитель мэра города Ош Масуда Айдарбекова, руководитель проекта «Аракет» Александр Михаилов, представители правоохранительных органов, социальные работники и руководители муниципальных территориальных управлений.

В ходе семинаров участники обсудили механизмы защиты пострадавших, алгоритмы действий в кризисных ситуациях и вопросы укрепления межведомственного сотрудничества.

🎓📣 ЖАШТАР ҮЧҮН МЕДИА-МЕКТЕПКЕ КАТТОО БАШТАЛДЫ!(14–19 жаш)Сиз медиа чөйрөсүнө кызыгасызбы?Лидерлик жөндөмүңүздү өнүктүрүп...
08/06/2026

🎓📣 ЖАШТАР ҮЧҮН МЕДИА-МЕКТЕПКЕ КАТТОО БАШТАЛДЫ!
(14–19 жаш)

Сиз медиа чөйрөсүнө кызыгасызбы?
Лидерлик жөндөмүңүздү өнүктүрүп, пайдалуу контент жаратууну каалайсызбы?
Анда бул мүмкүнчүлүк сиз үчүн!

«Аракет» долбоорунун алкагында Алай-1, Алай-2, Эдельвейс жана Манас-Ата жаңы конуштарындагы активдүү жаштар Медиа-мектепке чакырабыз.

📌 Программада сиз:
✔ Медиа сабаттуулук боюнча билим аласыз
✔ Жалган маалыматтарды жана кастык тилин аныктоону үйрөнөсүз
✔ Коомго пайдалуу медиаконтент даярдайсыз
✔ Сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрөсүз
✔ Медианы коомдук көйгөйлөрдү чечүүдө натыйжалуу колдонууну өздөштүрөсүз

📅 Мөөнөтү: июль – сентябрь 2026-жыл
👥 20 катышуучу тандалат
📍 Өткөрүлүүчү жайлар: Сары-Ой жана Ош шаары

✨ Программанын жыйынтыгында катышуучулар мектеп окуучулары жана студенттер үчүн маалыматтык-агартуу сессияларын өткөрүшөт.

📌 Медиа-мектепке катышуу үчүн анкета толтуруңуз.
Шилтеме төмөндө көрсөтүлгөн жана профилде дагы жайгашкан.

Шилтеме: https://docs.google.com/forms/d/1nr_wR_SPJAbmJS36Cv7OOqLGCOwBtciCm7cXk7iQoU8/edit

Ош шаарында Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында поликлиника куруу боюнча келишимге кол коюлдуБүгүн, 4-июнь күнү Ош шаар...
04/06/2026

Ош шаарында Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында поликлиника куруу боюнча келишимге кол коюлду

Бүгүн, 4-июнь күнү Ош шаардык мэриясы менен “Аракет” долбоорунун ортосунда Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында поликлиника куруу боюнча келишимге кол коюу аземи болуп өттү.

Бул демилге жергиликтүү тургундардын муктаждыгынан келип чыгып, коомчулуктун сунушунун негизинде ишке ашырылууда. “Аракет” долбоору жана Ош шаардык мэриясы биргелешип чакан гранттар механизми аркылуу маанилүү социалдык объекттин курулушун жүзөгө ашырууну пландаштырууда.

Поликлиниканын курулушу жаңы конуштардагы тургундардын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, ошондой эле жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Долбоордун алкагында калк үчүн сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүгө шарт түзүлүп, аймактагы социалдык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүлөт.

Ош шаарында “Аракет” долбоорунун алкагында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдүОш шаарында ...
03/06/2026

Ош шаарында “Аракет” долбоорунун алкагында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү

Ош шаарында “Аракет” долбоорунун алкагында максаттуу жаңы конуштарда 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата эки күндүк маданий иш-чара уюштурулду. Иш-чаралар Алай-1, Алай-2, Эдельвейс конуштарындагы жана Манас-Ата МАБындагы үч бала бакчада өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — жаңы конуштардагы бала бакчаларда тарбияланып жаткан бөбөктөргө жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына маданий оюн-зоок кызматтарын жеткирүү, алардын көңүлүн көтөрүү, майрамдык маанай тартуулоо жана чыгармачылык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү болду.

Балдар үчүн “Баластан” куурчак театры тарабынан “Чыныгы дос” аттуу жомок көрсөтүлүп, андан соң аниматорлордун катышуусунда оюн-зоок программалары, бийлер жана кызыктуу оюндар өткөрүлдү. Иш-чаранын соңунда бала бакчадагы тайпалар үчүн оюнчуктар тапшырылып, майрамдык маанай тартууланды.

Мындай демилгелер балдардын социалдык активдүүлүгүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, алардын театр жана маданий кызматтарга жетүүсүн кеңейтет.

22-май күнү “Аракет” долбоорунун алкагында Ош шаардык мэриясынын алдында Координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлдү.Жыйынг...
22/05/2026

22-май күнү “Аракет” долбоорунун алкагында Ош шаардык мэриясынын алдында Координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү катышты. Анда эл аралык уюмдар жана долбоорлор боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле Координациялык кеңештин курамын тактоо жана бекемдөө, алдыдагы жылга карата иш графигин түзүү маселелери талкууланды.

Мындан сырткары, Координациялык кеңештин ишмердүүлүгүн мындан ары да өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар менен демилгелер айтылды.

Ошто жаңы конуштардын көйгөйлөрү депутаттар менен талкууланды2026-жылдын 21-майында Ош шаарында Ош шаардык кеңешинин деп...
22/05/2026

Ошто жаңы конуштардын көйгөйлөрү депутаттар менен талкууланды

2026-жылдын 21-майында Ош шаарында Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жаңы конуштардын тургундарынын жолугушуусу өттү.

Иш-чаранын максаты жаңы конуштардагы негизги социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү депутаттарга түз жеткирүү, жарандар менен жергиликтүү бийликтин ортосунда ачык диалог түзүү жана маселелерди биргелешип чечүү боюнча кызматташууну күчөтүү болду.

Жолугушууга Ош шаардык кеңешинин депутаттары, фракция жана комитет төрагалары, ошондой эле Манас-Ата аймагынан жана Алай 1, Алай 2, Эдельвейс жаңы конуштарынын тургундары, активисттери жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрү катышты. Жалпысынан 30дан ашуун активист катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы конуштардагы негизги көйгөйлөр боюнча айтылды. Тургундар таза суу, агын суу системалары, ички жолдор, көчөлөрдү жарыктандыруу, балдар аянтчалары, электр мамычалары жана трансформаторлор, маршруттук каттамдар, мектеп жана бала бакча маселелери, жол белгилери, таштанды чыгаруу, жер маселелери, муниципалдык жана социалдык кызматтар боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Катышуучулар мындай жолугушуулар жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү чечүүдө өз ара кызматташууну күчөтүүгө жана диалог аянтчаларын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Алай-1 конушу жана Алай-2 конушунун жашоочуларынан түзүлгөн 12 адамдан турган жумушчу топ “Аракет” долбоорунун алкагында...
16/05/2026

Алай-1 конушу жана Алай-2 конушунун жашоочуларынан түзүлгөн 12 адамдан турган жумушчу топ “Аракет” долбоорунун алкагында жаңы аллея куруу иштерин жүргүздү.

Аталган иш-чара Ош шаарынын мэриясы, БУУнун Азык-түлүк программасы жана Алымбек-Датка МАБнын кызматташуусу менен ишке ашты.

Үч тараптуу келишимдин негизинде жумушчулардын ар бирине 6 кап ун, 30 литр өсүмдүк майы берилип жана 1800 сомдон эмгек акы төлөндү.

Бир ай ичинде жумушчулар аймакты тазалап, арыктарды казып, көчөт отургузууга жер даярдап, жалпы 200 түп көчөт отургузушту. Долбоор аймакты жашылдандырууга жана инфраструктураны жакшыртууга чоң салым кошту.

Ош шаарында инвестиция жана  эл аралык гранттарды тартуу боюнча консультациялык семинар өттү2026-жылдын 27–29-апрель күн...
30/04/2026

Ош шаарында инвестиция жана эл аралык гранттарды тартуу боюнча консультациялык семинар өттү

2026-жылдын 27–29-апрель күндөрү Ош шаарында муниципалдык кызматкерлер үчүн маанилүү болгон консультациялык семинар өткөрүлдү. “Эл аралык гранттарды жана техникалык жардамды тартуу: Ош шаарынын мэриясы үчүн практикалык колдонмо” аталышындагы иш-чара үч күнгө созулуп, практикалык окутуу форматында уюштурулду.

Аталган семинар «Аракет» долбоорунун алкагында өткөрүлүп, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлерине эл аралык донорлор менен иш алып баруу, гранттык каражаттарды тартуу жана долбоорлорду натыйжалуу башкаруу боюнча билимдерин тереңдетүүгө багытталды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-декабрындагы №419 Тескемесинин талаптарына ылайык уюштурулду.

Семинардын негизги максаты – муниципалдык деңгээлде эл аралык жардамдарды тартуу механизмдерин жакшыртуу жана кызматкерлердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү болду. Катышуучуларга долбоордук документтердин толук пакетин даярдоо, комиссиянын баалоо критерийлери, ошондой эле көп кездешкен каталар боюнча кеңири маалымат берилди.

Үч күндүк программа алкагында катышуучулар долбоордун паспортун жана презентациясын түзүү, мониторинг жүргүзүү жана кварталдык жана жыйынтыктоочу отчетторду даярдоо боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты. Мындан тышкары, мэриянын ичинде донорлор менен иштөө боюнча ички процедураларды жөнгө салуу маселеси да талкууланды.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар нормативдик база жана комиссиянын ролу тууралуу толук түшүнүккө ээ болуп, долбоорлорду сапаттуу даярдоо жана баалоо талаптарына жооп берүү боюнча көндүмдөрүн бекемдешти. Ошондой эле тышкы жардам маселелери боюнча координаторду аныктоо жана 1991-жылдан берки долбоорлор боюнча маалыматтарды берүү боюнча иш-план иштеп чыгуу каралды.

Адистердин айтымында, мындай практикалык семинарлар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатууга жана эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Ош шаарында  финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү2026-жылдын 23-апрелинде Ош шаарында «Аракет – Кыргызстандаг...
23/04/2026

Ош шаарында финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү

2026-жылдын 23-апрелинде Ош шаарында «Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу долбоорунун» алкагында «Финансылык сабаттуулук» боюнча бир күндүк тренинг өткөрүлдү.

Окутууга Манас Ата аймагындагы үй-бүлөлүк жатакананын жашоочулары, ошондой эле Алай-1, Алай-2 жана Эдельвейс конуштарынын тургундары, кварталдык комитеттердин өкүлдөрү, жергиликтүү лидерлер жана активисттер катышты.

Окуу программасынын алкагында катышуучулар үй-бүлөлүк бюджетти түзүү, каражат топтоо жана инвестициялоонун негиздери боюнча маалымат алышты. Ошондой эле банктык аманаттар, кредиттик продуктылар жана ислам каржылоо принциптери тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Мындан тышкары, электрондук финансылык кызматтарды колдонуу жана финансылык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланып, практикалык көнүгүүлөр аркылуу бекемделди.

Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар топтук иштерге активдүү катышты. Тренингдин жыйынтыгында алар алынган билимдерди пайдалуу деп баалап, жаңы конуштарда финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгилешти.

Address

Кыргызстан, г. Ош, Улица Молдо Ниязова 119
Osh
723500

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30

Telephone

+996322270452

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when АНПО "Эдвокаси Центр по Правам Человека" posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to АНПО "Эдвокаси Центр по Правам Человека":

Share