20/09/2024
Жагымдуу жаңылык!!!
"Бир адамдан бир китеп" долбоору Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кыргыз/Тажик чек арасына чектеш болгон Шибээ айылынын Ташбек уулу Гапар атындагы орто мектепте старт алды..!!!
✋📚Ар бирибиз китеп берип, жаркын келечекке салым кошолу!💡💡💡 Бул долбоордун негизги максаты:
📚Мекенибизде китеп окууну даңазалоо
📈Руханий, интеллектуалдык потенциалды жогорулатуу
🏣Шаар, регион, алыскы айылдарда китеп жетишсиздиги жана китепкана көйгөйлөрүн чечүү
💶Аздан болсо да билимге инвестиция жасоого багытталат!
Бул долбоорго ар бир мекендешибиз катыша алат жана колдон келет!!! 🙌🙌🙌 Анда эмесе акцияга көңүл буруңуз.
1)🙋♂📚Ар бир адам бирден китеп берет(мүмкүнчүлүгүнө жараша көбөйтсө болот).
2)📚 Зарыл китептердин тизмеси түзүлөт, алардан сатып берсе же өзү окуган каалаган китебин берсе болот.
3) Китептерди чогултуп топтоо, аягына чейин ар бир шаар, район, айылдын жаштарына жүктөлөт.
Тел.ном-и көрсөтүлөт.
4) Китептерди чогултуу учурунда бардыгы ачык-айкын, фото-видео отчет, китептин жана салым кошкон адамдын аты-жөнү менен жүргүзүлөт.
5) Чогулган китептерди акциянын соңунда🔷Уюштуруучу топ белгиленген аймакка(шаар, регион, айылына) салтанаттуу түрдө тапшырышат.
6) Китептерди эң зарыл делген китепкана, мектеп, бала бакча, жаштар үйүнө ж.б. жайларга жайгаштырылат.
7) Долбоордо чогулган китептер жалпы элдин менчиги болот жана жергиликтүү комиссия тарабынан текшерилип, жоопкерчилик алышат.
8) Китептерге соңунда атайын мөөр басылып, жалпы жашоочулар эркин китеп окуй алышат. ♻📚
Ар бир жерде "Китеп Time", "Бир жумага бир китеп" өңдүү ар кандай оюндары уюштурулуп турса дагы да китеп окуу тез өнүгөт!!! Долбоордун соңунда жыл жыйынтыгы чыгарып КЫРГЫЗСТАНДАГЫ
🏅Эң мыкты китепкана
🏅Эң көп китептер
🏅Эң алдыңкы окурман айыл
🏅Мыкты уюштуруучулар аныкталып, сыйлоо аземи болот!!! Долбоордун жобосу, суроолор боюнча:
🔷 Тилебалдыева Канымбүбү
📞:0700758099
Мбанк +996700758099
🔷Абдуллаев Абдимухид Эсеналиевич
тел:+996 773 030 295
Элкарт: 9417 3723 3225 3757
Visa, RSK bank:
4724 1440 3461 0488
"Элибизди китеп окууга эле көндүрүп алсак көп маселеден айрылган болот элек" Н. Кадырбеков