23/06/2026
Мечиттердин дааратканаларындагы тазалык жана тартип көзөмөлдөндү
Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагына караштуу Эки-Нарын, Таш-Башат, Дөбөлү жана Кеңеш айылдарындагы мечиттерди кыдырып, алардын дааратканаларынын абалы менен жеринен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө мечиттердин тазалыгы, санитардык абалы жана жалпы шарттары текшерилип, айрым кемчиликтер аныкталды. Натыйжада ар бир мечиттин имамдарына тиешелүү тапшырмалар берилип, аныкталган көйгөйлөрдү өз убагында жоюу, тазалыкты сактоо жана дааратканалардын абалын талапка ылайык ирээтке келтирүү зарылдыгы белгиленди.