14/03/2026
🔹Нарын Жаштар Ордосу ишембиликте
🔹Нарын Жаштар Ордосунда ишембилик өткөрүлдү. 🧹🌿
🔺Ишембиликке жаштар, ыктыярчылар жана кызматкерлер активдүү катышты. Алар имараттын айланасын тазалап, таштандыларды жыйнап, аймакты иретке келтиришти. Ошондой эле бак-дарактарды сугарып, короону көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Бул иш-чаранын негизги максаты — шаардын тазалыгын сактоо жана жаштарды коомдук иштерге активдүү катышууга үндөө. Ишембилик учурунда катышуучулар биргелешип иштеп, ынтымакты жана жоопкерчиликти көрсөтүштү. 🤝
🔺Мындай иш-чаралар шаарды таза кармоого гана эмес, жаштардын биримдигин чыңдоого да чоң салым кошот.