НурЖолБер

НурЖолБер Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from НурЖолБер, Nonprofit Organization, Naryn.

"Асылзат" кризистик борбору тарабынан «Менин жеке чек арам» аталыштагы семинар-тренинг уюштурулдуЖумгал райондук мамлеке...
25/05/2024

"Асылзат" кризистик борбору тарабынан «Менин жеке чек арам» аталыштагы семинар-тренинг уюштурулду

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен “Асылзат” кризистик борборунун жетекчиси Шахра Турусбекова тарабынан “Менин чек арам” аттуу семинар-тренинг өттү. Семинар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун, анын ичинде балдарга карата жасалган зомбулуктун, балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана аларды жоюу максатында уюштурулду. Иш-чарага райондун билим берүү бөлүмүнүн, эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынын, ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү, мектептердин социалдык педагогдору, айыл өкмөттөрдүн социалдык адистери жана башка тийиштүү тармактардык өкүлдөрү катышты. Семинардын соңунда райондо зомбулукту алдын алуу боюнча план түзүлүп, ошол боюнча иштер алынып барылмакчы.

.kg Абийир Эл Общественное Объединение Кризисный Центр Ак-Журок Aruulan_osh Ayalzat Maana Центр помощи и реабилитации женщин "Химая" " .kg USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору Жумгал Райондук Мамлекеттик Администрациясы

Жакшы жаңылык! Жумгалдагы муниципалдык кризистик борбор Юстиция министрлигинен ийгиликтүү каттоодон өттүЖумгал районунда...
08/05/2024

Жакшы жаңылык! Жумгалдагы муниципалдык кризистик борбор Юстиция министрлигинен ийгиликтүү каттоодон өттү

Жумгал районунда USAID “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында “НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан ачылган муниципалдык кризистик борбор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин каттоосунан ийгиликтүү өттү. Аталган борбор Кыргыз Республикасынын аймагындагы экинчи муниципалдык кризистик борбор катары өз ишмердүүлүгүн баштады. Борбордун ишмердүүлүн улантуу багытында устав, жоболору иштелип чыгып өз ишин улантууда.

Маалымат үчүн айта кетсек аталган кризистик борбор Жумгал районунда 2022-жылы “Жигердүү жарандар” долбоорунун каржылоосунун алкагында ачылган. Жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациянын колдоосу жана биргелешкен иш аракеттин натыйжасында аталган борбор муниципалдык кризистик борбор болуп түзүлүп, ачылыш аземи үстүбүздөгү жылдын 30-апрель күнү болуп өткөн. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен буга чейин бир катар жолугушуулар, окуулар өткөрүлүп, борбор толугу менен Чаек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди.
@подписчики

.kg Абийир Эл Общественное Объединение Кризисный Центр Ак-Журок Aruulan_osh Ayalzat Maana Центр помощи и реабилитации женщин "Химая" " .kg USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору

USAID “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында Жумгал районунда Кыргызстанда экинчилерден болуп муниципиалдык кризистик...
30/04/2024

USAID “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында Жумгал районунда Кыргызстанда экинчилерден болуп муниципиалдык кризистик борбор ачылды

Бүгүн 30-апрель күнү Нарын облусунун Жумгал районунда USAID “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында, “НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылган “Асылзат” муниципалдык кризистик борбордун ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Гэри Роббинс, КР Президентининин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Адыбек Набиев, анын орун басары Аида Ишеналиева, “Жигердүү жарандар” долбоорунун орун басары Жолдошбек Осмонов, ушул эле долбоордун координатору Чыңгыз Калыков, “НурЖолБер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Сүйүн Жумалиева жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

Ачылыш аземине келген сыйлуу коноктор муниципалдык кризистик борбордун ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалоо менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндердин убактылуу баш калкалоочу жайы катары гана эмес, үй-бүлөлүк институтту бекемдөө багытында үй-бүлөлүк баалулуктарды жайылтуу жана бекемдөө борбору болушун тилек кылышып, борбордун айланасына көчөт отургузушту.
Ошондой эле кризистик борборду ачууга салым кошондорго жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан ыраазчылык каттар тапшырылып берилди.

Маалымат үчүн айта кетсек аталган кризистик борбор Жумгал районунда 2022-жылы “Жигердүү жарандар” долбоорунун каржылоосунун алкагында ачылган. Анда, райондогу үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, кыйын кырдаалга туш болгон жарандардын убактылуу баш калкалоочу жайы катары, психологиялык, юридикалык жана социалдык жардамдарды көрсөтүп келет. Жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациянын колдоосу жана биргелешкен иш аракеттин натыйжасында аталган кризистик борбордун ишмердүүлүгүн жогорулатуу, улантуу максатында борбор мунициалдык кризистик борбор болуп түзүлүп, мындан ары ишин улантмакчы. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен буга чейин бир катар жолугушуулар, окуулар өткөрүлүп, борбор толугу менен Чаек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди. 2024-жылдын июль айынан баштап аталган муниципиалдык мекеменин каржылоосу толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

@подписчики

.kg Абийир Эл Общественное Объединение Кризисный Центр Ак-Журок Aruulan_osh Ayalzat Maana Центр помощи и реабилитации женщин "Химая" " .kg USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору

Жумгал районундагы “Асылзат” муниципалдык кризистик борборунун жетекчиси болуп Турусбекова Шахра Талатбековна дайындалды...
29/04/2024

Жумгал районундагы “Асылзат” муниципалдык кризистик борборунун жетекчиси болуп Турусбекова Шахра Талатбековна дайындалды

Бүгүн 29-апрель күнү Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү айылдык Кеңешинин сессиясы болуп өттү. Сессияга Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Аида Ишеналиева, “НурЖолБер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Сүйүн Жумалиева катышып, райондогу кризистик борбор боюнча маселе каралды. Сессияда депутаттарга Кыргыз Республикасында экинчи болуп ачылып жаткан муниципалдык кризистик борбор экендиги боюнча жалпы маалымат берилди, депутаттар борбордун ачылып калышына себепчи болгондорго ыраазычылыктарын билдиришти. Сессиянын жүрүшүндө ушул эле кризистик борбордун жетекчиси жалпы эл өкүлдөрүнө тааныштырылды.

Турусбекова Шахра Талатбековна 1960-жылдын 30-майында Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында төрөлүп, өскөн.

Билими жогорку; 1985-жылы Кыргызстан Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн, кесиби мугалим.

Эмгек жолун 1978-жылы мугалим болуп баштап, бир катар мектептерде директор кызматын аркалаган.

Шахра Талантбекова үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар жергиликтүү, облустук, мамлекеттик сыйлык, орден, медалдарга ээ болгон.

Заман талабына ылайык кесиптик билимдерди алуу жана өздөштүрүүнү колго алып, бир катар илимий иш-чараларга, конференцияларга катышып, бир катар сертификаттардын ээси.

@подписчики

.kg Абийир Эл Общественное Объединение Кризисный Центр Ак-Журок Aruulan_osh Ayalzat Maana Центр помощи и реабилитации женщин "Химая" " .kg USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору

Жумгалдагы кризистик борбор муниципиалдык мекеме болуу алдында туратНарын облусунун Жумгал районунда “Жигердүү жарандар”...
12/04/2024

Жумгалдагы кризистик борбор муниципиалдык мекеме болуу алдында турат

Нарын облусунун Жумгал районунда “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында “НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан ачылган кризистик борбор муниципиалдык мекеме катары өткөрүп берүү процесси жүрүүдө. Маалымат үчүн айта кетсек аталган кризистик борбор Жумгал районунда 2022-жылы “Жигердүү жарандар” долбоорунун каржылоосунун алкагында ачылган. Анда, райондогу үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, кыйын кырдаалга туш болгон жарандардын убактылуу баш калкалоочу жайы катары, психологиялык, юридикалык жана социалдык жардамдарды көрсөтүп келет. Жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациянын колдоосу жана биргелешкен иш аракеттин натыйжасында аталган кризистик борбордун ишмердүүлүгүн жогорулатуу, улантуу максатында борбор мунициалдык мекеме катары түзүү процесси ишке жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө штаттык бирдиктери каралып, аталган борбордун директору дайындалды. Каржылоо жана ишти жөнгө салуу боюнча НурЖолБер коомдук бирикмеси тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен буга чейин бир катар жолугушуулар, окуулар өткөрүлүп, жакынкы убакыттарда толугу менен Чаек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилет. 2024-жылдын июль айынан баштап аталган муниципиалдык мекеменин каржылоосу толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

@подписчики

.kg Абийир Эл Общественное Объединение Кризисный Центр Ак-Журок Aruulan_osh Ayalzat Maana Центр помощи и реабилитации женщин "Химая" " .kg USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору

Нарын мамлекеттик университетинин студенттерине зомбулукту алдын алуу боюнча маалыматтар берилдиСатыбалды Нааматов атынд...
09/03/2024

Нарын мамлекеттик университетинин студенттерине зомбулукту алдын алуу боюнча маалыматтар берилди

Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттерине “НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү. Коомдук бирикменинин психологу Чынара Сманова студенттер менен болгон жолугушууда үй-бүлөлүк зомбулуктун келип чыгышы, зомбулуктун түрлөрү, зомбулукту болтурбоо жана алдын алуунун маанилүүлүгү, зомбулукка кабылган жарандарга жардамдарды көрсөтүү, зомбулукка кабылган жарандардын укуктарынын корголушу боюнча кеңири маалыматтарды берди.

Жолугушууда студенттер бүгүнкү күндө болуп жаткан көйгөйлөргө кайдыгер карабай турушканын, аларга берилген маалыматтар аябай пайдалуу болгондуктарын жана өздөрүн кызыктырган суроолоруна жоопторун алышкандыктарын айтышты. Бул багытта университеттин мугалимдери студенттерге берилген маалыматтар үчүн “НурЖолБер” коомдук бирикмесине ыраазчылыктарын билдиришти.

Маалымат үчүн айта кетсек мындай жолугушуулар “НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан Нарын шаарындагы билим берүү тармактарында дагы улантылат.

.kg Абийир Эл Общественное Объединение Кризисный Центр Ак-Журок Aruulan_osh Ayalzat Maana Центр помощи и реабилитации женщин "Химая" " .kg USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору

Жумгал районунда аялдардын эл аралык күнү белгиленип, айымдарга баалуу белектер берилди2024-жылдын 5-март күнү Нарын обл...
09/03/2024

Жумгал районунда аялдардын эл аралык күнү белгиленип, айымдарга баалуу белектер берилди

2024-жылдын 5-март күнү Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында “НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан 8-март Аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Аталган райондо үй-бүлөлүк зордук, зомбулукка каршы күрөшүүдө, алдын алууда жана райондогу кризистик борбордун ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө салымдарын кошкон райондогу бир катар лидер айымдарга коомдук бирикменин атынан сыйлыктар жана баалуу белектер берилди.

Бирикменин жетекчиси Сүйүн Жумалиева коомдо аялзатынын үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө чоң салымдары бар экендигин баса белгилөө менен айымдарды майрамы менен куттуктады.

“Аялзаты үйдүн коломтосу, үй-бүлөнүн бекемдиги жана балдарды тарбиялоодо, коомдук иштерди алып барууда салымдарыңыздар абдан жогору. Райондогу бир катар алгылыктуу чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү көтөрүп чечүүдө, кризистик борбордун ишин жакшыртууда бир катар салымыңыздарды кошуу менен алгылыктуу иштерди алып барып келесиздер. Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат каалайм, жалпы эле элибизде тынччылык болуп, ар бир үй-бүлө өз ордун коомдо табуу менен бакубатчылыкта жашасын. Сиздердин майрам бир күн менен гана чектелбестек ар күнү майрам болуп турсун, майрамыңыздар менен”,-деди Сүйүн Жумалиева.

Мындан тышкары 6-март күнү Чаек айылындагы маданият үйүндө Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте аялдарга майрамдык концерт тартууланып, белектер берилди.

.kg Абийир Эл Общественное Объединение Кризисный Центр Ак-Журок Aruulan_osh Ayalzat Maanaa Центр помощи и реабилитации женщин "Химая" " .kg USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору

Жумгал районундагы кризистик борбордун алдыдагы ишмердүүлүгү талкууланды2024-жылдын 5-март күнү Нарын облусунун Жумгал р...
09/03/2024

Жумгал районундагы кризистик борбордун алдыдагы ишмердүүлүгү талкууланды

2024-жылдын 5-март күнү Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында “НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган жолугушуу болуп өттү . Жолугушууга райондогу айылдык кеңештердин депутат айымдары ,төрайымдары, лидер айымдары жана жергиликтүү комитеттердин мүчөлөрү катышты. Жолугушунун негизги максаты: Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлдүрүү маселеси талкууланды.
“НурЖолБер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Сүйүн Жумалиева райондогу үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу жана аны болтурбоо багытында маалымат берди. Райондо жайгашкан кризистик борбордун ишин улантуу боюнча кенен маалыматтар берилип, талкууланды.

“НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан ачылган кризистик борбор 2024-жылдын июль айынан баштап муниципиалдык кризистик борбор боло тургандыгына байланыштуу кызматкерлердин айлык акыларына жана кризистик борборго (жабырлануучулар үчүн) тамак ашы, гигиеналык каражаттарына акча каражаты керектиги баса белгиленди. Ошондой эле, КР министрлер кабинетинин №390 токтомуна байланыштуу жергиликтүү комитеттердин ишин жакшыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен финансылык каражаттарды бөлдүрүү боюнча талкуулар болду. Талкууда бул социалдык блокко акча каражаттарын тыгыз бөлүү керектигин катышуучулар белгилешип, ар бир айылдык кеңеште өздөрүнүн сунуштарын айтып, акча каражаттарын бөлдүртүп берээрин билдиришти.

.kg Абийир Эл Общественное Объединение Кризисный Центр Ак-Журок Aruulan_osh Ayalzat Maana Центр помощи и реабилитации женщин "Химая" " .kg USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору

Нарын шаарындагы эки билим берүү жайында зомбулукту алдын алуу боюнча жолугушуулар өттү“НурЖолБер” коомдук бирикмеси тар...
01/03/2024

Нарын шаарындагы эки билим берүү жайында зомбулукту алдын алуу боюнча жолугушуулар өттү

“НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан Нарын шаарындагы К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин студенттерине жана М.Мырзабеков атынданы №87 кесиптик лицейинин студенттерине үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү. Коомдук бирикменинин психологу Чынара Сманова студенттер менен болгон жолугушууда үй-бүлөлүк зомбулуктун келип чыгышы, зомбулуктун түрлөрү, зомбулукту болтурбоо жана алдын алуунун маанилүүлүгү, зомбулукка кабылган жарандарга жардамдарды көрсөтүү, зомбулукка кабылган жарандардын укуктарынын корголушу боюнча кеңири маалыматтарды берди.

Мындан тышкары, билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги экендигин баса белгилеп, алып жаткан билимдерин, адистиктерин мыкты өздөштүрүү менен катар үй-бүлөлүк баалуулуктарды билүү, бул багытта сабаттулукту жогорулатуу менен зомбулукту алдын алууга боло тургандыгына токтолду.
Жолугушууда студенттер аларга берилген маалыматтар аябай пайдалуу болгондуктарын жана өздөрүн кызыктырган суроолоруна жоопторун алышкандыктарын айтышып, ыраазчылыктарын билдиришти.

Маалымат үчүн айта кетсек мындай жолугушуулар “НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан Нарын шаарындагы башка билим берүү тармактарында дагы улантылат.

.kg Абийир Эл Общественное Объединение Кризисный Центр Ак-Журок Aruulan_osh Ayalzat Maana Центр помощи и реабилитации женщин "Химая" " .kg USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору

Нурлан Тобокелов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак Грамотасын алдыАдам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо иши...
29/02/2024

Нурлан Тобокелов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак Грамотасын алды

Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо ишинде кошкон салымы үчүн жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганына 75-жыл толгонуна, 10-декабрь адам укуктарын короо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппараты менен тыгыз кызматта иш алып баргандыгы үчүн “НурЖолБер” коомдук бирикмесинин координатору Нурлан Тобокелов Акыйкатчынын Ардак Грамотасын алды.

Өз сөзүндө Нурлан Тобокелов бул сыйлыкты алууда USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында Нарын облусунун аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алууда жергиликтүү администрациялар, КР Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү жана башка тийиштүү тармактар менен тыгыз иштерди алып барып жатышканын айтты. Ошондой эле долбоордун алкагында бир катар иштер ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгына токтолду. Мындан тышкары “Жигердүү Жарандар” долбоорунун өкүлү Осмонов Жолдошбек мырзаны дагы Акыйкатчысынын Ардак Грамотасын алышы менен куттуктады.

.kg Абийир Эл Общественное Объединение Кризисный Центр Ак-Журок@sezimcrisiscenter Aruulan_osh Ayalzat Maana Центр помощи и реабилитации женщин "Химая" " .kg USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору

Жумгал районундагы орто мектептерде зомбулукту алдын алуу боюнча жолугушуулар өттү2024-жылдын февраль айында Нарын облус...
29/02/2024

Жумгал районундагы орто мектептерде зомбулукту алдын алуу боюнча жолугушуулар өттү

2024-жылдын февраль айында Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызарт айылындагы 3, Доскул айылындагы 1 жана Чоң-Дөбө айылындагы 1 орто мектептеринде “НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, окуучулардын билимге умтулуусу багытында окуучулар менен жолугушуулар болду.

Жолугушууда мектеп окуучуларына жана мугалимдерине зордук-зомбулукка каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгү, зомбулуктун түрлөрү боюнча маалыматтар, чакан тасмалар, көргөзмөлөр, зомбулукка кабылган жарандарга жардамдарды көрсөтүү, зомбулукка кабылган жарандардын укуктарынын корголушу боюнча кеңири маалыматтар берилди. Окуучулар арасында кызыктуу талкуулар, суроо-жооптор коштолду.

Маалымат үчүн айта кетсек мындай жолугушуулар “НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан райондогу башка мектептерде дагы улантылмакчы.

.kg Абийир Эл Общественное Объединение Кризисный Центр Ак-Журок Aruulan_osh Ayalzat Maana Центр помощи и реабилитации женщин "Химая" " .kg USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору

Нарын облусунда 2023-жылы 2334 үй-бүлө баш кошуп, нике күбөлүгүн алышканӨткөн, 2023-жылы Нарын облусу боюнча 2334 адам н...
22/02/2024

Нарын облусунда 2023-жылы 2334 үй-бүлө баш кошуп, нике күбөлүгүн алышкан

Өткөн, 2023-жылы Нарын облусу боюнча 2334 адам никелешүүгө турган, бирок тилекке каршы ажырашкан жуптардын саны 714-түзгөн. Үй-бүлөлүк чыр чатактарга байланыштуу жыл ичинде милиция 470 учурду каттаган. Нарын облусунда бул 2022-жылга салыштырмалуу 188 учурга көбөйгөн. Зордук зомбулуктан жабыркагандардын басымдуу бөлүгүн аялдар менен балдар түзөт. Мындан улам ар бир аймактарына реаблитациялык борборлорду уюштуруу облус жетекчилиги тарабынан демилгеленип, тапшырмалар берилген. Ошондой эле үй-бүлө ынтымагын бекемдөөгө карата тиешелүү тараптардын катышуусунда түшүндүрүү, окутуу жана маданий иш чаралар өткөрүлүп келет.

«НурЖолБер» коомдук бирикмеси дагы үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу боюнча бир катар иштерди алып барып келүүдө. Өткөн жылы Нарын облусунун Жумгал районунда кризистик борборду ачуу менен Жумгал жана Нарын райондорунда бир катар иштерди алып барууда.

.kg .osh " .kg

Address

Naryn

Telephone

+996703621916

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when НурЖолБер posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to НурЖолБер:

Share