Фонд Развития Иссык-Кульской области

Фонд Развития Иссык-Кульской области Ысык-Көл өнүктүрүү фонду www.ikonuguu.gov.kg

Основной целью Фонда является внебюджетное финансирование программ социально-экономического развития Иссык-Кульской области по развитию приоритетных отраслей экономики региона, рациональное использование и эффективное управление средствами Фонда.

Урматтуу энелер!  Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!Эне- тынчтыктын, мээримдүүлүктүн, бакубат...
16/05/2026

Урматтуу энелер! Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Эне- тынчтыктын, мээримдүүлүктүн, бакубаттуулуктун, сулуулуктун символу. Эненин касиети улук. Энелер күнүн белгилөө салтка айланып, жылдан жылга өрүш алып баарыбыз үчүн жагымдуу, жакшы майрамга айланды. Бул күнү баарыбыз асыл энелерге куттуктоо жолдоп, жакшы сезимдерибизди арнайбыз.
“Бешик терметкен кол дүйнөнү башкарат” деген улуу сөз бар. Эне — өмүрдүн башаты. Эне — ар бир үйдүн, жалпы мекенибиздин куту. Эненин жүрөгү кенен, сезимтал жана айкөл. Адам баласы энелердин астында дайыма карыздарбыз.
Урматтуу энелер! Сиздер үй-бүлөдөгү уялаган жылуулукту, байыр алган кутту, ынтымакты бекем сактаган асылзатсыздар! Сиздерге чын ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Төрүбүздүн көркү болуп, урмат-сыйдын үстүндө өмүр сүрүңүздөр. Майрамыңыздар кут болсун!
Сиздерди терең урматтоо менен, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусун башкаруу боюнча дирекциясынын мүдүрү Самат Медеров.

Урматтуу мекендештер! Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана меймандары! Сиздерди 9-Май Улуу Жеңиш күнү менен кутту...
09/05/2026

Урматтуу мекендештер! Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана меймандары!
Сиздерди 9-Май Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайбыз!
9-Май – Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү! Даңктуу тарыхыбыз менен элибиз дайыма тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары белгилеп келишет.
Согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элеси ар дайым жүрөгүбүздө.
Жергебизде тынчтыктын ыры жаңырып, элибизде ынтымак ыроолоп, молчулук, токчулук болушуна тилектешбиз.
Улуу Жеңиш күнү куттуу болсун, мекендештер!
Урматым менен, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусун башкаруу боюнча дирекциясынын мүдүрү Самат Медеров.

Урматтуу мекендештер! Кадырман Ысык-Көл облусунун тургундары!​Сиздерди бүгүнкү маанилүү мамлекеттик майрамыбыз — Кыргыз ...
05/05/2026

Урматтуу мекендештер! Кадырман Ысык-Көл облусунун тургундары!
​Сиздерди бүгүнкү маанилүү мамлекеттик майрамыбыз — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм!
​Баш мыйзам — бул биздин эгемендүүлүгүбүздүн тиреги, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн кепилдиги. Ар бир жарандын укугу корголуп, мыйзам үстөмдүк кылган коомдо гана гүлдөп-өнүгүү болот.
​Ысык-Көл өнүктүрүү фонду облусубуздун инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу жана элдин жашоо шартын жогорулатуу багытында талыкпай эмгектенип келет. Биздин ар бир жасаган кадамыбыз Баш мыйзамыбызда көрсөтүлгөн баалуулуктарды ишке ашырууга багытталган.
​Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ынтымак каалайм. Ала-Тоо жерибизде ар дайым тынчтык болуп, касиеттүү Көлүбүз өнүгүүнүн борборуна айлансын!
​Майрамыңыздар менен!
Урматым менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусун башкаруу боюнча дирекцияциясынын мүдүрү, Самат Медеров.

Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана мекендештер! Сиздерди 1-май — Эмгек жана жаз майрамы менен чын дилинен кутту...
01/05/2026

Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана мекендештер! Сиздерди 1-май — Эмгек жана жаз майрамы менен чын дилинен куттуктайм!
Бул майрам — жаратмандыктын, биримдиктин жана өнүгүүнүн символу. Ар бир жасалган ак ниет эмгек биздин асыл көлүбүздүн жана жалпы өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө кошулган чоң салым болуп эсептелет. Сиздердин талыкпаган аракетиңиздер жана Мекенге болгон сүйүүңүздөр аркылуу облусубузда жаңы мектептер, бала бакчалар курулуп, инфраструктура жакшырып, элибиздин жашоо шарты жогорулоодо.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Ар бир үйгө береке кирип, өлкөбүздө ар дайым тынчтык жана
өнүгүү болсун! Майрамыңыздар менен!
Терең урматоо менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусун башкаруу боюнча дирекциясынын мүдүрү, Самат Медеров.

КАРАКОЛДО РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОР КУРУЛМАКЧЫ.Каракол шаарында реабилитациялык борбор курулмакчы. Жергиликтүү дарыгер жеке...
29/04/2026

КАРАКОЛДО РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОР КУРУЛМАКЧЫ.
Каракол шаарында реабилитациялык борбор курулмакчы. Жергиликтүү дарыгер жеке медициналык борбор куруу максатында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна долбоор жазып кайрылган. Каракол шаардык мэриясынын чечимине ылайык, Фонддун Байкоочу кенеши тарабынан ишкерге 10 млн. сом кайтарымдуу пайызсыз насыя бөлүнүп берилген. Борбордун негизги максаты аутизм спектринин бузулушунан жабыркаган балдар үчүн комплекстүү диагностикалык кызматтарды көрсөтүү, терапия, өнүктүрүү жана колдоо болмокчу. Борбор 2 жаштан 18 жашка чейинки балдарга жана алардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтмөкчү. Ошондой эле, диагностика жана эрте диагностика, индивидуалдуу жана жамаат менен терапия, логопедия, сенсордук интеграция, социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана жүрүм-турум терапия кызматтарын көрсөтүшмөкчү. Медициналык жай бардык заманбап шарттары менен камсыз болуп, сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызматтарды көрсөтүлмөкчү.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БАК ОТУРГУЗУУГА КАТЫШТЫ.2026-жылдын 25-апрелинде “Жашыл Мурас” улутт...
27/04/2026

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БАК ОТУРГУЗУУГА КАТЫШТЫ.
2026-жылдын 25-апрелинде “Жашыл Мурас” улуттук компаниясынын алкагында ийне жалбырактуу карагай көчөттөрүн отургузуу боюнча экологиялык иш-чарага Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун кызматкерлери активдүү катышышты. Иш-чара Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң тоо лыжа курортунда өттү. Ишембиликтин максаты аймактын тазалыгын сактап, санитардык абалын жакшыртып жана жашылдандырууга багытталды. Ал эми демилгечилер тарабынан алдыда келе жаткан туристик сезонго карата дагы өлкөнүн баардык аймактарында бул иш-чаралар улаанаары билгилүү болду. Андыктан жаз аяктаганга чейин аталган иш- чара ар апта сайын жүргүзүлмөкчү.

ТАСМА АЙЫЛЫНДАГЫ ЖАҢЫ КҮРӨШ ЗАЛЫНА СПОРТТУК ЖАБДУУЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ.Түп районунун Тасма айылындагы жаны күрөш залына спортт...
21/04/2026

ТАСМА АЙЫЛЫНДАГЫ ЖАҢЫ КҮРӨШ ЗАЛЫНА СПОРТТУК ЖАБДУУЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ.
Түп районунун Тасма айылындагы жаны күрөш залына спорттук жабдуулар жана эмеректер тапшырылды. Машыгууга керектелген брустар, альпинисттик аркан, швед дубалы, профессионалдуу мушташ баштыктары, бокс мээлейлери, маникен, отургучтар жана шкафтар алынып берилди. Шаймандардын жалпы суммасы 229 000 сомду түзүп, толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды. Учурда имараттын дээрлик 95 пайызы бүткөрүлүп, колдонууга берилүү алдында турат. Спорттук имараттын жалпы аянты 204 м2 түзүп, жалпысынан машыгуучу бөлмө, кийинип-чечинүүчү жайы, жуунучу жайлар, машыктыруучулардын бөлмөлөрүнөн жана ички дааратканалардан турат. Жаны имарат көптөгөн айыл жаштарын спортко шыктандырып, сергек жашоого шарт түзүп бермекчи.

ИРИ МАСШТАБТА БАК ОТУРГУЗУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ.Бүгүн, Ак-Суу районунун Жолколот айылынын түштүк-чыгыш тарабында бак-дарактар...
18/04/2026

ИРИ МАСШТАБТА БАК ОТУРГУЗУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ.
Бүгүн, Ак-Суу районунун Жолколот айылынын түштүк-чыгыш тарабында бак-дарактарын отургузуу боюнча ири иш-чара өттү. Иш-чаранын негизги максаты “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ишке ашыруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологияга аяр мамиле кылууга багытталган. Саамалык Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Абдырахман уулу Кутманалынын жана жалпы облустук түзүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусунда өттү. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун жамааты активдүү катышып, жалпысынан 1000 көчөт отургузулду. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана жаратылышты келечек муундар үчүн сактап калууда бак-дарактарды отургузуу өтө маанилүү ролду ойнойт. Дарактар бизди кычкылтек менен гана камсыз кылбастан, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу үчүн натыйжалуу каражат да болуп берет. Мындай иш-чаралар облустун бардык аймагында жүргүзүлмөкчү

Урматуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору! Сиздерди- Бүткүл түрк тилдүү элдерине ата-бабалардан мурас болуп к...
21/03/2026

Урматуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору!
Сиздерди- Бүткүл түрк тилдүү элдерине ата-бабалардан мурас болуп калган улуу Нооруз майрамы менен куттуктайм! Нооруз - аруулуктун, жаңылануунун, тилек кылуу жана тазалыктын майрамы. Нооруздун келиши менен табият ойгонуп, түн менен күн теңешип, адамдарга жаңы дем жана үмүт берет. Ошондой эле Нооруз - биримдиктин майрамы, өлкөбүздүн көп улуттуу элин ынтымакка жана ыйманга чакырып, элдердин достугун даңазалайт. Нооруз берекенин, өз ара түшүнүүнүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам. Ошондуктан бүгүн бири-бирибизди кечирип, жаман иштерди унутуп, тазаланып, жакшы жашоого умтулушубуз керек. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун. Ушул күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин. Өлкөбүз тынчтыкта, биримдикте өркүндөп өсө берсин. Майрамыңыздар кут болсун!
Урматым менен, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусун башкаруу боюнча дирекциясынын мүдүрү, Самат Медеров.

Урматтуу  кыргызстандыктар! Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары  жана  коноктору!         Сиздерди  Ысык-Көл облусун ...
20/03/2026

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору!
Сиздерди Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусун башкаруу боюнча дирекциясынын жана жеке өзүмдүн атымдан Ыйык Рамазан айынын Орозо айт майрамы менен куттуктайм!
Улуу Рамазан айы тынчтыктын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы болуп эсептелет. Рамазан айында жалпы мусулмандар руханий жактан жан дүйнөбүздү аруулантууга ниет артып келебиз. Орозо кармаган бардык мусулмандардын кармаган орозосу жана ниет кылган жакшы тилектердин бардыгы кабыл болсун! Ар бир үйгө бакыт-таалай, береке, жарык маанай каалайм! Өлкөбүздө тынчтык жана жаратмандык орун алсын! Рамазан айында жасаган соопчулук, кайрымдуулук иштер мындан ары да улана берсин! Орозо айтыңыздар маарек болсун!
Урматым менен, Ысык-Көл облусун өнүктүрүу фондусун башкаруу боюнча дирекциясынын мүдүрү, Самат Медеров.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА КОШКОН САЛЫМЫ.Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун ишмердүүлүг...
11/03/2026

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА КОШКОН САЛЫМЫ.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири облустун социалдык муктаждыктарын жоюуга багытталган. Ал эми билим берүү тармагы эн маанилүү жана чоң социалдык маселелердин бири экендиги талашсыз. Алсак, 2010-2025 жылдар аралыгында жалпысынан 1 млрд.916 млн 858. сом бөлүнгөн. Бул каражатка 43 мектептин жана 139 бала бакчасынын имараттары курулуп, колдонууга берилди. Мындан сырткары, райондор жана шаарлардан келип түшкөн сунуштарга ылайык, жыл сайын облус боюнча мектептердин жана бала бакчаларды имараттарын ондоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, заманбап окуу куралдары жана техникалар менен камсызданып турат. Ошондой эле, билим берүү мекемелерине ысык тамак долбоорун ишке ашыруу максатында керектүү жабдыктар алынып берилген. Бүгүнкү күндө, төмөндөгү объектилердин курулушу бүткөрүлүп, колдонууга берилди:
-2010-жылы Түп району боюнча Кең-Суу айылында 250 орундуу мектеп, Жылуу-Булак айылындагы 192 орундуу мектеп, Арал айылында 250 орундуу мектеп, Кудургу айылында 250 орундуу мектеп, Ак-Булуң айылында 250 орундуу мектеп, Көөчү айылында 250 орундуу мектеп, Корумду айылында 250 орундуу мектеп. Ак-Суу районунун, Ичке-Жергез айылында 270 орундуу мектеп жана Жыргалаң айылында 250 орундуу мектеп. Ошондой эле, Жети-Өгүз районунунда Үч-Кошкон айылында 70 орундуу мектеп интернат жана Талды-Булак айылында 32 орундуу чакан (карликовый) мектептери колдонууга берилген.
Ал эми 2011-жылы Тоң районундагы Шор-Булак жана Бар-Булак айылдарындагы мектеп спортзалдары менен, Түп районундагы Күрмөнтү айылындагы мектептер берилген.
-2012-жылы Жети-Өгүз районундагы Санаторий Ысык-Көл айылында 96 орундуу мектеп, Саруу айылында 320 орундуу мектеп жана Ак-Суу районундагы Пионер айылында 96 орундуу мектеп, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылындагы 150 орундуу мектептер колдонууга берилген.
-2014-жылы, Жети-Өгүз районунда, Барскоон айылында 350 орундуу мектеп спортзалы менен, Богатыровка айылында 320 орундуу мектеп, Мундуз айылында 114 орундуу мектеп, Боз-Бешик айылында 96 орундуу мектеп жана Ырдык айылында 350 орундуу мектеп спортзалы менен, Түп районунда Ой-Тал айылындагы 350 орундуу мектеп, Ысык-Көл району боюнча, Чоң Өрүктүү айылында 250 орундуу мектеп, Чолпон-Ата шаарында музыкалык мектеп жана Кашат айылында бала бакча берилген.
-2015-жылы, Жети-Огуз районунда Светлая Поляна айылындагы 320 орундуу мектеп, Тоң районунда Эшперов айылында 6 класска кошумча корпус курулган. Ал эми Кызыл-Туу айылында 320 орундуу мектеп спортзалы менен курулуп берилген. Ошондой эле, Ысык-Көл районунда Ананьево айылынын бала бакчасы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.
-2017-жылы Ак-Суу районунун Качыбек айылындагы мектеп берилген. Ысык-Көл районунда Кожояр айылынын бала бакчасы реконструкциядан өткөн. Жети-Өгүз району боюнча Ан-Өстөн айылындагы бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.
-2018-жылы Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында бала бакча капиталдык оңдоодон өтүп, Тоң районундагы Тоң айылынын бала бакчасынын курулуш иштери бүткөрүлүп, колдонууга берилген. Ошондой эле, Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылынын 100 орундуу бала бакчасы, Ак-Суу районунун Тегизчил айылындагы 60 орундуу бала бакча колдонууга берилип, иштөөдө.
- 2019-жылы Балыкчы шаарында 100 орундуу бала бакчанын курулуш иштери аяктап, колдонууга берилди. Ысык-Көл району боюнча Жаркынбаев айылында дагы бир 100 орундуу бала бакчанын курулуш иштери аяктап, бүгүнкү күндө иштеп жатат. Каракол шаарындагы №2 мектептин оңдоп түзөө иштери аяктап, ишке берилди. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университенин №4 корпусунун тышкы келбети оңдолуп, ишке берилди. Каракол шааарындагы И.Ахунбаева атындагы медицина колледжинин 1-чи жана 2-чи корпусунун оңдоо иштери жүргүзүлдү.
-2020-жылы Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы С.Сыдыков атындагы орто мектебине компьютердик класс жана интерактивдик доска жана Курорт Жети-Өгүз айылындагы Д. Иманов атындагы орто мектебине ысык-тамак долбоорун уюштурууга ашканага керектелүүчү жабдуулар алынып берилди. Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу иштери толугу менен аткарылып колдонууга берилди. Семеновка айыл аймагына караштуу П.Колесников атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу иштери жүргүзүлгөн, Кара-Ой, Бостери жана Чоң-Сары-Ой айылдарынын жана Чолпон-Ата шаарынын мектептерине коопсуздукту камсыздоо максатында видеобайкоочу камералар сатылып алынып жана турникеттер орнотулду. Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейине кондиционер сатылып алынды. Тоң районундагы Эшперов айылындагы бала бакчага керектелүүчү курулуш жана электр материалдарын сатып алууга каражат бөлүнгөн. Кара-Коо айылынын Жангазиев орто мектебине тамак, нан бышыруучу печка, Кара-Шаар айылынын жаңы бүткөн бала бакчасына трансформатор, Бөкөнбаев айылындагы №81 лицейинин жатаканасына эмеректер сатылып алынып, толугу менен өткөрүлдү. Кара-Коо айылынын Р.Жамгырчиев атындагы орто мектебине буу казан орнотулуп жана райондук библиотекасынын материалдык техникалык базасын оңдоо иштери толук аяктап ишке берилди. Шор-Булак айылынын мектебинин актовый залын куруу иштери бүткөрүлгөн. Түп районундагы Корумду айылындагы М.Темиров орто мектебине ысык-тамак долбоорун ишке ашырууга жабдууларды алуу жана Жылуу-Булак айылындагы бала бакчанын полун оңдоого жана чатырын жылуулоо боюнча иштер аткарылды. Райондук балдарды окуутуу борборунун терезелерин алмаштыруу иштери, Ак-Чий айылындагы балдар бакчасынын оңдоо иштери, Челпек айылындагы бала бакчага оюн аянтчасын куруу иштери толугу менен бүткөрүлүп ишке берилди. Сары-Камыш айылындагы балдар бакчасынын айланасын көрктөндүрүүгө жана брусчатка алууга акча каражаты бөлүнүп берилди. Каракол шаары боюнча Каракол шаарынын №2 мектебинин ашканасын оңдоо иштери бүткөрүлдү. Балыкчы шаары боюнча Т.Ибраев атындагы №22 лицейине керектүү жабдуулар алынды. Балыкчы шаарынын №3 К.Абдылдаев атындагы орто мектебининин ашканасы оңдолду жана ашкана жабдуулары алынып берилди.
-2021-жыл Жети-Өгүз району боюнча Светлая Поляна айылында 140 орундуу балдар бакчасынын имараттары бүткөрүлүп колдонууга берилди. Ак-Дөбө айылындагы 150 орундуу мектептин курулушу аяктап колдонууга берилди. Мындан тышкары көптөгөн мектептердин материалдык техникалык базалары чындалып, оңдоо иштери дагы жүргүзүлдү.
-2022-жыл Тоң районунун Шор-Булак айылындагы мектептин актовый залынын курулушу аяктап колдонууга берилди. Жолголот айылындагы бала бакчасына 8,0 млн.сомдон ашык акча каражаты каржыланып оңдоо иштери аяктап колдонууга берилди. Ой-Тал айылындагы бала бакчанын оңдоо иштерине 4,2 млн.сом каржыланып колдонууга берилди.
-2023-жылы Жаңы-Арык айылында сметалык баасы 55,7 млн.сомдук 320 орундуу мектеп спортзалы менен колдонууга берилди. Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы клубду 50 орундуу бала бакчага айландырууга курулуш иштери аяктап, колдонууга берилди.
-2024-жылы Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы университетинин тышкы келбетин (фасад) оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, колдонууга берилди.
-2025-жылы Тон районунун Коңур-Өлөң айылындагы 50 орундуу бала бакчанын, Ак-Өлөң айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу, Ан-Өстөн айылындагы 275 орундуу мектеп спорттук залы менен, Ичке-Булун айылындагы 60 орундуу бала бакчанын курулушу, Кытай айылындагы 150 орундуу мектептин, Кабак айылындагы 275 орундуу мектеп спорт залы менен, Григорьевка айылындагы 140 орундуу бала бакчанын курулушу, Темир айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Балыкчы шаарына “Жаштар борбору” (коворкинг) курулду. Жолколот айылындагы З.Сооронбаева атындагы орто мектебинин капиталдык оңдоо иштери толугу менен бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Ошондой эле, 2026-жылга карата бир катар социалдык обьектилердин курулушу аяктап, колдонууга берилүүсү күтүлүүдө.

Address

Karakol

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30

Telephone

0392252500

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Фонд Развития Иссык-Кульской области posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Фонд Развития Иссык-Кульской области:

Share