Общественный Фонд "Био Сервис"

Общественный Фонд "Био Сервис" The Bio Service Public Foundation is one of the leading Organizations in the field of Rural Service Providing in the Republic of Kyrgyzstan.

*English version below*

Общественный фонд «Био Сервис» был учрежден при поддержке Проекта Развития Производства и Продвижения Торговли Органическим Хлопком (БиоХлопок), финансируемый Seco, ICCO, Hivos и Helvetas. Некоммерческая организация была официально зарегистрирована в сентябре 2007 года. С 2007 года ОФ Био Сервис фасилитирует производство, международную органическую сертификацию, процесс уп

равления качеством, тренинг и консультации. ОФ Бои Сервис играет главную роль в повышении осведомлённости и построении потенциала и содействует новым органическим инициативам. "Bio Service" Public Foundation was founded with the support of the Development of Production and Trade Promotion Project, Organic Cotton (BioCotton), funded by Seco, ICCO, Hivos and Helvetas. A non-profit organization was officially registered in September 2007. Since 2007, "Bio Service" PF facilitates production, international organic certification, quality management process, training and consultancy. "Bio Service" PF plays a major role in raising awareness, building capacity and promoting new organic initiatives.

19/11/2025
18-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылында Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба у...
19/11/2025

18-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылында Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) "Бир өлкө бир приоритеттүү продукт" (ОСОР) программасы «Кыргызстандагы жаңгак токойлорун пайдалануучулардын билимин жана потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында тегерек стол болуп өттү.

Иш чара “Токой ресурстарын башкаруу, жаңгак токойлорун калыбына келтирүү, жаңгакты туура чогултуу жана аны кайра иштетүү боюнча сунуштарды жана пландаштырылган кийинки кадамдарды белгилөө" деген темада уланды.

Тегерек столдун катышуучулары: Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы, Аймактык өзгөчө баалуу токойлор башкармалыгынын өкүлдөрү, Токой чарба ишканалары, экологдор, токойду пайдалануучулар, башка кызыкдар тараптар жана "Био Сервис" Коомдук Фондунун кызматкерлери болду.

Жогоруда белгиленген тема боюнча, айрыкча токойлорду илдеттерден, оорулардан коргоодо биотехнологияларды колдонуу жана ошондой эле органикалык жер семирткичтерди пайдалануу жөнүндө презентациялар жасалды.

Программа боюнча темага байланышкан панелдик дискуссия уюштурулуп, катышуучулардын кызыгуусун арттырды жана токойду сактоо боюнча пикир алмашуу болуп, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору жөнүндө сунуштар айтылды. Алдыда тегерек столдун негизинде жаралган идея, максаттарды ишке ашыруу пландалды.

Yстүбүздөгү жылдын 3-октябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин "Табигый-илимий билим берүү" ...
06/10/2025

Yстүбүздөгү жылдын 3-октябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин "Табигый-илимий билим берүү" кафедрасынын профессордук окутуучу жамааты жана аталган кафедранын студенттери менен "Кыргызстанда жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" программасында семинар болуп өттү.

Иш чара "Кайра иштетилген жыгач эмес токой продукцияларынын азык-түлүк коопсуздугу" деген темада болуп, катышуучулардын кызыгуусун арттырды.

Семинар Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH

(Германиянын эл аралык кызматташтык коому) тарабынан колдоого алынып Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ), Европа Биримдиги жана Швейцариянын Өкмөтү менен биргеликте каржыланат.

Семинарды "Био Сервис" коомдук фондунун директору Кудайбердиева Гүлзада,
Органикалык өндүрүш боюнча эксперти Раимкулова Бүажар, Органикалык өндүрүш сертификациясынын регионалдык инспектору Жолдошев Болот жана "Ишкер Кей-Джи" кооперативинин төрайымы Мулабаева Зияда алып барышты.

Органик Экспо Региональный Форум Центральная Азия 2025 проходит в городе Алма-Ата.
29/09/2025

Органик Экспо Региональный Форум Центральная Азия 2025 проходит в городе Алма-Ата.

27-сентябрь КЖФРАСка мүчө уюмдар арасында тажрыйба алмашуу жана маалыматтык иш чара өткөрүлүүдө. "Био Сервис" коомдук фо...
28/09/2025

27-сентябрь КЖФРАСка мүчө уюмдар арасында тажрыйба алмашуу жана маалыматтык иш чара өткөрүлүүдө. "Био Сервис" коомдук фондунун кызматкерлери активдүү катышууда.

🖋 2025-жылдын 22-сентябрь күнү Ош технологиялык университетинин Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафед...
22/09/2025

🖋 2025-жылдын 22-сентябрь күнү Ош технологиялык университетинин Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын жана ПЦО ГПиБ колледж студенттери менен окутуучу профессордук жамааты "Кыргызстанда жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” программасында семинар болуп өттү.

🖋 Семинаp Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын эл аралык кызматташтык коому) тарабынан колдоого алынып Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ), Европа Биримдиги жана Швейцариянын Өкмөтү менен биргеликте каржыланат.

🖋 Семинарды "Био Сервис" коомдук фондунун директору Кудайбердиева Г., Органикалык өндүрүш боюнча эксперти Раимкулова Б.Э., Органикалык өндүрүштөгү сертификациясынын регионалдык инспектору Жолдошев Б. жана "Ишкер Кей-Джи" кооперативинин төрайымы Мулабаева Зияда алып барышты.

Уюштуруучулар:

*ОшТУ, Технология жана жаратылышты пайдалануу институту,
*Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасы.
*"Био Сервис" Коомдук фонду

Таласта Ширге жыяр майрамы белгиленүүдө. Майрам Көпүрө-Базар айылында өтүүдө. Анда органикалык аймакты сертификациялоо с...
09/09/2025

Таласта Ширге жыяр майрамы белгиленүүдө.

Майрам Көпүрө-Базар айылында өтүүдө. Анда органикалык аймакты сертификациялоо системасы, органикалык аймактардын үй чарбаларынын практикасы көрсөтүлүүдө. Ошондой эле Копуро-Базар жана Талды-Булак органикалык аймактарынын жана ФАО долбоорунун бенефициарларынын органикалык продукцияларынын жарманкеси уюштурулган.

В селе Копуро-Базар, Таласской области проходит праздник сбора урожая органических аймаков Таласской области.

На празднике демонстрируется система сертификации органических территорий, практика домашних хозяйств органических территорий. Также была организована ярмарка органической продукции Копуро-Базарского и Талды-Булакского органических районов и бенефициаров проекта ФАО.

Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында, Талас облусунун органикалык аймактарынын түшүм жыйноо майрамы өтүүдө.В селе Копур...
09/09/2025

Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында, Талас облусунун органикалык аймактарынын түшүм жыйноо майрамы өтүүдө.

В селе Копуро-Базар, Таласской области проходит праздник сбора урожая органических аймаков Таласской области.

Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда "Био Сервис" коомдук фондунда органикалык сертификация боюнча тренинг болду. Тренингди Орг...
04/08/2025

Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда "Био Сервис" коомдук фондунда органикалык сертификация боюнча тренинг болду. Тренингди Органик Стандарттын сертификациялоо боюнча жетектөөчү адиси Василь Шукалович өткөздү.

21/11/2023

And so the organic farming begins with my little helper 🩷 Quick check on my Bee’s 🐝 🍯🍯🍯🍯then over to the 🥬 🥕 🧅 🍅🍆🥦🧄🥔

2023-жылдын 14-ноябрь күнү, Жалал-Абад шаарында GIZтин "Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү" программасынын жыйынтыктоочу и...
15/11/2023

2023-жылдын 14-ноябрь күнү, Жалал-Абад шаарында GIZтин "Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү" программасынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болду.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи Мэрилин Йосефсон, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, жергиликтүү бийлик башчылары, айыл чарбасы жана ишкердик өкүлдөрү катышты.
"Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү" программасы өлкө бюнча 2018-2023-жылдары Жалал-Абад облусунда жергиликтүү калктын айыл чарбасын жана туризмден киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу багытындагы 11,8 млн евро өлчөмүндөгү каржылык көмөк көрсөткөн.
"Био Сервис" коомдук фондунун жетекчиси Гүлзада Кудайбердиева жана "Алтын Дан" кооперативинин төрагасы Бекжанов Алтынбек ''Жүгөрүнү интенсивдүү өстүрүү жана кайра иштетүү аркылуу дыйкандардын кирешесин жогорулатуу'' долбоорунун ийгиликтери тууралуу иш-чара катышуучуларына маалымат беришти. Ошондой эле долбоорду ишке ашырууда жемиштүү кызматташтыгы жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн "Био Сервис" коомдук фонду ыраазычылык кат менен сыйланды.

18/10/2023

🔰Республикада органикалык продуктыларды өндүрүү үч категорияга бөлүнөт:
1) Республика боюнча 6 кооператив эл аралык стандарттарга ылайык, органикалык продукцияны өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү болуп саналат. Алар пахтаны, дары чөптөрдү, өрүктү, жапайы каперсти, кара өрүктү жана башка чет өлкөлөргө экспорттогон өсүмдүктөрдү өндүрүп жана жыйнашат. Бүгүнкү күндө жалпысынан 21 миң 149 гектар жер сертификатталды✅
2) PGS системасы менен органикалык азыктарды өндүрүү боюнча жалпысынан 6900,92 гектар сертификатталды✅
3) 14 өткөөл мезгилдеги аймак жана 163 пилоттук чарбалардын жалпысынан 36946,82 га аянтты түздү✅
📌Республика боюнча 64996,74 гектар жерди органикалык өндүрүш ээлейт, бул жалпы айдоо аянтынын 5% түзөт. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 30881,27 гектарга көп
_______
🔰Производство органической продукции в республике делится на три категории:
1) 6 кооперативов по республике являются производителями и переработчиками органической продукции в соответствии с международными стандартами. Они производят и собирают хлопок, лекарственные травы, абрикосы, дикие каперсы, сливы и другие растения, которые экспортируют за границу. Всего на сегодняшний день сертифицировано 21 тысяча 149 гектаров земли✅
2) в общей сложности 6900,92 гектара сертифицированы для производства органических продуктов с системой PGS✅
3) 14 переходных территорий и 163 пилотных хозяйств общей площадью 36946,82 га✅
📌По всей республике 64 996,74 гектара земли занято органическим производством, что составляет 5% от общей посевной площади. Это на 30 881,27 га больше, чем в 2022 году.

Address

Ulica Abdyrakhmanova 12
Jalal-Abad

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Общественный Фонд "Био Сервис" posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Общественный Фонд "Био Сервис":

Share