12/05/2026
Бүгүн, 12-май — Медайымдардын эл аралык күнү! 👩⚕️
Бул күнү адам өмүрүн сактоого, калктын саламаттыгын коргоого жана профилактикалык эмдөөлөрдү жайылтууга зор салым кошуп жаткан бардык медайымдарды терең урматтоо менен куттуктайбыз!
Айрыкча эмдөө кызматында эмгектенген медайымдардын эмгегин өзгөчө белгилеп кеткибиз келет. Анткени сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн, жоопкерчилигиңиздердин жана тынымсыз эмгегиңиздердин аркасында Кыргыз Республикасында профилактикалык эмдөөлөрдүн камтылышы кеңейип, миңдеген адамдардын ден соолугу корголуп келет.
Урматтуу медайымдар!
Эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу ата-энелерге биринчи болуп маалымат берип, калк менен ишенимдүү байланыш түзгөн дагы дал сиздерсиздер. Өсүп келе жаткан муундун жана жалпы кыргызстандыктардын саламаттыгы үчүн чоң жоопкерчиликти аркалап, жугуштуу оорулардын алдын алууга баа жеткис салым кошуп жатасыздар.
Сиздердин эмгегиңиздерди жогору баалайбыз жана чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз!
Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлүк бакубатчылык, кесиптик ийгиликтер жана түгөнгүс күч-кубат каалайбыз! 🌷
————————————————————————
Сегодня, 12 мая, отмечается Международный день медицинской сестры! 👩⚕️
В этот день выражаем глубокое уважение и поздравляем всех медицинских сестёр, которые вносят огромный вклад в сохранение жизни людей, защиту здоровья населения и продвижение профилактической иммунизации!
Особо хотим отметить труд медицинских сестёр, работающих в службе иммунизации. Благодаря вашему профессионализму, ответственности и самоотверженному труду в Кыргызской Республике расширяется охват профилактическими прививками и сохраняется здоровье тысяч людей.
Уважаемые медицинские сёстры!
Именно вы первыми рассказываете родителям о важности вакцинации и выстраиваете доверительный диалог с населением. Вы несёте большую ответственность за здоровье подрастающего поколения и всех кыргызстанцев, внося неоценимый вклад в профилактику инфекционных заболеваний.
Мы высоко ценим ваш труд и искренне благодарим вас!
Желаем вам крепкого здоровья, счастья, семейного благополучия, профессиональных успехов и неиссякаемой энергии! 🌷