Фонд Творческих Женщин Азии

Фонд Творческих Женщин Азии Фонд для поддержки творчества женщин Задачи Фонда:
- поддержка и пропаганда творчества женщин
- реализация инновационных идей
- защита прав творческих женщин

Достор! Баарыңыздардын кирип келген Жаңы Жылыңыздар кут болсун! “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун атынан ба...
01/01/2026

Достор! Баарыңыздардын кирип келген Жаңы Жылыңыздар кут болсун! “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун атынан бардык чыгармачыл айымдарды, режиссёрлорду, сценаристтерди, актрисаларды, продюсерлерди жана кино дүйнөсүндө эмгектенип жүргөн айымдарды чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздерге түгөнбөс чыгармачылык дем, кайраттуулук жана ийгиликтерди каалайбыз! 2026-жыл жакшылыктардын жылы болсун!

Друзья! Поздравляем всех с наступившим Новым годом!
От имени общественного фонда «Творческих женщин Азии» сердечно поздравляем всех творческих женщин — режиссёров, сценаристов, актрис, продюсеров и всех женщин, работающих в мире кино!
Желаем вам неиссякаемого творческого вдохновения, смелости и успехов!
Пусть 2026 год станет годом добра и светлых свершений!

Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун өткөрүлүшүнө колдоо көрсөткөн мекеме-уюмдарга, атап айтканда:- Каржылык ...
25/12/2025

Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун өткөрүлүшүнө колдоо көрсөткөн мекеме-уюмдарга, атап айтканда:
- Каржылык колдоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментине;
- Каржылык колдоосу үчүн ОБСЕнин Бишкектеги программалык офисине;
- Ош мамлекеттик университетине;
- Ош шаарынын мэриясына;
- “Этномедиа” онлайн-кинотеатрына;
- Dr. Sagynbaeva Cosmetics брендине;
- Кретивдүү индустриялар паркына;
- “Тазар” кинокомпаниясына;
- Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясына;
- Маалыматтык көмөк көрсөткөн Aкипресс кабар агенттигине, ошондой эле тилектештерибизге “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

От имени общественного фонда «Творческих женщин Азии» выражаем глубокую благодарность учреждениям и организациям, оказавшим поддержку в проведении VII Международного кинофорума женщин-режиссёров, а именно:
- Департаменту кинематографии при Министерстве культуры, информации и молодежной политики Кыргызской Республики - за финансовую поддержку;
- Программному офису ОБСЕ в Бишкеке - за финансовую поддержку;
- Ошскому государственному университету;
- Мэрии города Ош;
- Онлайн-кинотеатру «Этномедиа»;
- Бренду Dr. Sagynbaeva Cosmetics;
- Парку креативных индустрий;
- Кинокомпании «Тазар»;
- Национальной киностудии «Кыргызфильм»;
- Информационному агентству «Акипресс» - за информационную поддержку, а также всем нашим единомышленникам.

Еще раз выражаем искреннюю признательность за содействие и вклад в развитие киноискусства.


#АйымРежиссерлор
#Кинофорум2025
#КыргызстанКино
АйымдарКиноТартат ФондТворческихЖенщинАзии

10/12/2025

Кымбаттуу достор! Сиздерге Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунда сыйлыктарга, дипломдорго ээ болгон катышуучулардын тизмесин жарыялайбыз!
“Экологиялык жана социалдык активизм” программасында байгеге ээ болгон тасмалардын акчалай сыйлыктары (50 миң сом) “Этномедиа” онлайн-кинотеатры тарабынан берилди. Ал эми “Айымдардын көз карашы” программасында байгеге ээ болгон тасмалардын акчалай сыйлыктары (50 миң сом) “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду тарабынан камсыздалды.
Сыйлык алган катышуучуларды чын жүрөктөн куттуктайбыз. Мыкты тасмалары менен Кинофорумубузга катышкан бардык катышуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!
Кийинки VIII Кинофорумдан жолугушканга чейин!

Дорогие наши участницы и друзья Кинофорума!
Сегодня мы с радостью делимся именами победительниц VII Международного кинофорума женщин-режиссёров.
Награды в программах «Экологический и социальный активизм» и «Женский взгляд» (50 000 сомов каждая) стали возможны благодаря поддержке онлайн кинотеатра «Этномедиа» и фонда «Творческих женщин Азии».
Благодарим каждую из вас за ваши фильмы, за честность, смелость и невероятную энергию.
До встречи в следующем году на VIII Кинофоруме!


#АйымРежиссерлор
#Кинофорум2025
#КыргызстанКино
АйымдарКиноТартат ФондТворческихЖенщинАзии

4-декабрь күнү Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун “Айымдардын көз карашы” программасынын 16 тасмасы “Семете...
08/12/2025

4-декабрь күнү Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун “Айымдардын көз карашы” программасынын 16 тасмасы “Семетей” кинотеатрында көрсөтүлдү. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан катышып жаткан 16 тасмада гуманизм, кечиримдүүлүк, үй-бүлө темасы жана башка коомдук-социалдык маселелер чагылдырылган. Ар бир тасма көрсөтүлгөндөн кийин режиссёру сахнага чыгып, көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. Тасмалар тууралуу чакан талкуулар, суроо-жооптор орун алды.

4 декабря в рамках программы «Женский взгляд» VII Международного кинофорума женщин-режиссёров в кинотеатре «Семетей» были показаны 16 фильмов. В отобранных работах участниц из Казахстана, Узбекистана, Таджикистана и Кыргызстана поднимались темы гуманизма, прощения, семейных ценностей, а также различные социальные и общественные вопросы.

После каждого показа режиссёр выходил на сцену и отвечал на вопросы зрителей. Прошли небольшие обсуждения фильмов, состоялись диалоги и сессии вопросов и ответов.


#АйымРежиссерлор
#Кинофорум2025
#КыргызстанКино
#АйымдарКиноТартат #ФондТворческихЖенщинАзии

4-декабрда “Семетей” кинотеатрында өткөн Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун алкагында белгилүү режиссёр Акт...
07/12/2025

4-декабрда “Семетей” кинотеатрында өткөн Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун алкагында белгилүү режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кара. Кызыл. Сары” тасмасы чоң экранда көрсөтүлдү.

Көрсөтүүдөн кийин режиссёр Актан Арым Кубат чыгармачыл тобу менен бирге жаш режиссёрлорго, студенттерге жана көрүүчүлөргө “Тасманын тартуу учуру” аттуу мастер-класс өткөрдү. Мастер-класста тасма жаратуу маалында кездешкен чыгармачыл чечимдер, тартуу учурундагы кыйынчылыктар жана аларды жеңүүдө колдонулган ыкмалар тууралуу сөз болду.

Иш-чара форумдун программасын мазмундуу толуктап, катышкандарга пайдалуу маалымат жана тажрыйба тартуулады.
Актан Арым Кубатка жана тартуучу топко ыраазычылык билдиребиз.

4 декабря в кинотеатре «Семетей» в рамках VII Международного кинофорума женщин-режиссёров на большом экране был показан фильм известного режиссёра Актана Арыма Кубата «Чёрный. Красный. Жёлтый».

После показа режиссёр Актан Арым Кубат вместе со своей съёмочной группой провёл мастер-класс под названием «Съёмочный процесс» для молодых режиссёров, студентов и зрителей. В ходе мастер-класса он рассказал о творческих решениях, найденных во время работы над фильмом, о трудностях съёмочного процесса и о том, как команда справлялась с ними.

Мероприятие стало содержательным дополнением программы кинофорума и дало участникам полезную информацию и ценный практический опыт.
Выражаем благодарность Актан Арым Кубату и его съёмочной группе.


#АйымРежиссерлор
#Кинофорум2025
#КыргызстанКино
#АйымдарКиноТартат #ФондТворческихЖенщинАзии

3-декабрь күнү Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун “Экологиялык жана с...
04/12/2025

3-декабрь күнү Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун “Экологиялык жана социалдык активизм” программасынын алкагында 9 тасма көрүүчүлөргө сунушталды.

3 декабря в кинотеатре «Семетей» города Ош в рамках программы «Экологический и социальный активизм» VII Международного кинофорума женщин-режиссёров были представлены 9 фильмов.


#АйымРежиссерлор
#Кинофорум2025
#КыргызстанКино
#АйымдарКиноТартат #ФондТворческихЖенщинАзии

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жете...
03/12/2025

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жетекчиси Талант Төлөбеков айым-режиссёрлорду 7-кинофоруму менен куттуктап, кыргыз киносунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн “Азия чыгармачыл айымдар” коомдук фондунан тарабынан сунушталган кинорежиссёр айымдар Айдай Чотуева жана Жаңыл Жусупжанга “Кыргыз киносунун отличниги” наамын, Гүлжан Иреш жана Анастасия Лысогоровага Кинематография департаментинин Ардак Грамотасын ыйгарды. Куттуктайбыз!!!

✨✨✨

Руководитель Департамента кинематографии при Министерстве культуры, информации и молодежной политики Кыргызской Республики Талант Төлөбеков поздравил с проведением 7-го Кинофорума женщин-режиссёров и, за большой вклад в развитие кыргызского кино, присвоил по представлению Общественного фонда «Творческие женщины Азии» режиссёрам Айдай Чотуевой и Жаңыл Жусупжан почётное звание «Отличник кино», а Гүлжан Иреш и Анастасии Лысогоровой вручил Почётную грамоту Департамента кинематографии. Поздравляем!!!


#АйымРежиссерлор
#Кинофорум2025
#КыргызстанКино
#АйымдарКиноТартат #ФондТворческихЖенщинАзии

03/12/2025

2-декабрь күнү Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинин Башкы корпусунда Айым-режиссёрлордун VII Эл аралык Кинофорумунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Динара Амантуровна Кемелова, ОБСЕнин Бишкектеги программалык кеңсесинин экономикалык жана экологиялык департаментинин башчысы Рати Джапаридзе, ошондой эле Кинематография департаментинин жетекчиси Талант Төлөбеков тарабынан айтылган куттуктоо сөздөрү менен ачылды. Алар киноискусствонун өнүгүшүнө кошулуп жаткан салымдарды белгилеп, айым-режиссёрлорго ийгилик каалашты.

Ачылыш аземинен кийин катышуучулар улуу актриса Гүлсара Ажыбекова менен болгон жолугушууга катышып, анын чыгармачылык дүйнөсү жана тажрыйбасы тууралуу баалуу маектерди угушту.

Ошондой эле публицист жана журналист Жамбы Жусубалиеванын “Клара Юсупжанова” аттуу жаңы китебинин бет ачары өткөрүлүп, ага катышкандар автордон жандуу пикирлерди уга алышты.

Иш-чаранын соңунда сценарист Гүлжан Токтогул сценарий жазуу боюнча мастер-класс өткөрүп, жаш чыгармачыл адамдарга практикалык кеңештерин жана тажрыйбасын бөлүштү.

2 декабря в городе Ош, в главном корпусе Ошского государственного университета, состоялось торжественное открытие VII Международного Кинофорума женщин-режиссёров.

Мероприятие началось с приветственных обращений специального представителя Президента Кыргызской Республики по развитию горных регионов Динары Амантуровны Кемеловой, руководителя экономического и экологического департамента Программного офиса ОБСЕ в Бишкеке Рати Джапаридзе, а также главы Департамента кинематографии Таланта Төлөбекова. В своих выступлениях они подчеркнули значимость вклада в развитие киноискусства и пожелали женщинам-режиссёрам дальнейших творческих успехов.

После официальной части участники встретились с выдающейся актрисой Гульсарой Ажыбековой. Гости имели возможность услышать её размышления о творческом пути, профессии и жизненном опыте.

Также состоялась презентация новой книги публициста и журналиста Жамбы Жусубалиевой «Клара Юсупжанова», где автор поделилась своими впечатлениями и рассказала о работе над изданием.

Завершился день мастер-классом сценаристки Гульжан Токтогул, которая поделилась практическими знаниями о создании сценариев и дала ценные советы молодым творцам.

Сегодня в кинотеатре «Семетей» пройдут бесплатные кинопоказы.

2-декабрда Ош шаарындагы ОшМУнун Башкы корпусунда Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофоруму салтанаттуу түрдө ачылды....
03/12/2025

2-декабрда Ош шаарындагы ОшМУнун Башкы корпусунда Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофоруму салтанаттуу түрдө ачылды.

2 декабря в городе Ош, в Главном корпусе Ошского государственного университета, торжественно открылся VII Международный кинофорум женщин-режиссёров.


#АйымРежиссерлор
#Кинофорум2025
#КыргызстанКино
#АйымдарКиноТартат #ФондТворческихЖенщинАзии

Достор!Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун “Экологиялык жана социалдык активизм” программасынын калыстар тоб...
28/11/2025

Достор!
Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун “Экологиялык жана социалдык активизм” программасынын калыстар тобун сиздерге тааныштырып кетмекчибиз.
Гульбара Толомушова - калыстар тобунун төрайымы
Абдыжапар Аккулов - калыстар тобунун мүчөсү
Асел Умарова - калыстар тобунун мүчөсү

Баарыңыздарды айым-режиссёрлордун сезиминен жаралган тасмаларды көрүүгө чакырабыз!

Друзья!
Мы рады представить вам жюри программы «Экологический и социальный активизм» VII Международного кинофорума женщин-режиссёров.
Гульбара Толомушова — председатель жюри
Абдыжапар Аккулов — член жюри
Асель Умарова — член жюри

Приглашаем всех посмотреть фильмы, созданные из глубины чувств женщин-режиссёров!


#АйымРежиссерлор
#Кинофорум2025
#КыргызстанКино
#АйымдарКиноТартат #ФондТворческихЖенщинАзии

Достор!Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун “Айымдардын көз карашы” программасынын калыстар тобун сиздерге та...
28/11/2025

Достор!
Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун “Айымдардын көз карашы” программасынын калыстар тобун сиздерге тааныштырып кетмекчибиз.
Гүлсара Ажыбекова - калыстар тобунун төрайымы
Темир Бирназаров - калыстар тобунун мүчөсү
Жаңылай Исакова - калыстар тобунун мүчөсү

Баарыңыздарды режиссёр айымдар тарткан тасмаларды көрүп, талкууга катышып кетүүгө чакырабыз!

Друзья!
Мы рады представить вам жюри программы «Женский объектив» VII Международного кинофорума женщин-режиссёров.

Гульсара Ажыбекова — председатель жюри
Темир Бирназаров — член жюри
Жанылай Исакова — член жюри


#АйымРежиссерлор
#Кинофорум2025
#КыргызстанКино
#АйымдарКиноТартат #ФондТворческихЖенщинАзии

Айым-режиссёрлордун VII эл аралык кинофорумунун алкагында казакстандык режиссёр-документалист Жанана Курмашеванын “Ата-М...
27/11/2025

Айым-режиссёрлордун VII эл аралык кинофорумунун алкагында казакстандык режиссёр-документалист Жанана Курмашеванын “Ата-Мекен” даректүү тасмасы көрсөтүлөт. “Ата-Мекен” тасмасы учурда көптөгөн эл аралык кинофестивалдарда байгелерге ээ болуп, “Азия Оскары” аталган Asia Pacific Screen Awards (APSA) сыйлыгына көрсөтүлгөн. Тасмада Казакстандагы өзөктүк полигондун регионго тийгизген зыяны жана ага жакын аймакта жашаган үй-бүлөнүн трагедиялуу тагдыры баяндалат.

Фильмден кийин панелдик талкуу өткөрүлөт.

В рамках VII Международного Кинофорума женщин-режиссёров будет показан документальный фильм казахстанского режиссёра Жананы Курмашевой «Мы здесь живём». Картина «Мы здесь живём» уже получила ряд наград на международных кинофестивалях и была выдвинута на премию Asia Pacific Screen Awards (APSA), которую нередко называют «Азиатским Оскаром». Фильм рассказывает о ядерном полигоне в Казакстане, его разрушительном влиянии на регион и трагической судьбе семьи, живущей по соседству с полигоном.

После фильма состоится панельная дискуссия.


#АйымРежиссерлор
#Кинофорум2025
#КыргызстанКино
#АйымдарКиноТартат #ФондТворческихЖенщинАзии

Address

Киностудия "Кыргызфильм"
Bishkek
720030

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00
Saturday 09:00 - 17:00

Telephone

+996 312 344649

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Фонд Творческих Женщин Азии posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Фонд Творческих Женщин Азии:

Share