02/06/2026
“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров №1 ,2 автобазанын эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда кызматкерлердин сунуш-пикирлери жана көйгөйлөрү угулуп, аларды чечүүгө багытталган протоколдук тапшырмалар берилди.
Мындай жолугушуулар мекемеге караштуу бардык 5 автобазада улантылып, көтөрүлгөн маселелер этап-этабы менен чечүүгө алынат.
Башкы максат – кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүү жана коомдук транспорт тармагынын ишин мындан ары жакшыртуу.