15/01/2026
«Устатшакирт» борборунун УМТУЛ театры түптөлгөндөн тартып Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына кайрылып келет эмеспи. Бул багытта окуучулар тек гана спектаклдин сценарийи менен таанышпастан, жазуучунун ошол чыгармасына сүңгүп окуп кирет. Театр ийриминин керемети мына ушунда.
Бишкек шаарындагы № 69-мектептин Умтул Драм ийрими ал тургай академик Акматалиевдин демилгеси менен Айтматов клубунун мүчөлүгүнө кирген. Бүгүн Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракесинде агай менен болгон кызматташыгыбызды айткыбыз келди. Мындан тышкары Акматалиевдин театр, музыка, көркөм өнөр сересиндеги зор салымын баса белгилеп кетүүнү туура көрдүк.
Коомдук турмушта академик Абдылдажан Акматалиев аралашпаган багыттар саналууу гана. Окумуштуу кино, театр, музыка, көркөм сүрөт өнөрлөрүнүн көптөгөн кесип ээлери менен тыгыз чыгармачылык жана достук мамиледе болуп келет. Коомдук уюм болуп эсептелген Айтматов атындагы Эл аралык клубдун президенти гана катары эмес, жаран жана замандаш катары композиторлор, сүрөтчүлөр, актёрлор, музыканттар жана скульпторлор менен баарлашуу, ой-пикир алмашуу, кээде кызыл чеке болгончо идея үчүн талашуу, жаңы ойлорду бирге ишке ашыруу, анын ичинде Айтматовдун чыгармачылыгын пропагандалоо үчүн ар тараптуу салым кошуу – бул Акматалиевдин турмушундагы айрым гана сүртүмдөр.
Фактыларга кайрылалы: режиссер Бакыт Карагуловдун «Куш өмүр» (1990), «Саманчынын жолу» (1996), «Маңкурт»/«Найман эненин көз жашы» (2004) киноленталарында, «Төрөкул Айтматов» (1993) даректүү фильминде, «Манасчылар» (режиссер Токтобек Үсөнов, 2023) аттуу даректүү тасмасында адабий кеңешчи, Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде коюлган «Төлгө» спектаклинин башкы консультанты (режиссер Н.Мендебаиров, 2023) катары белгилүү.
Соңку жылдардыгы маданият жаатындагы маанилүү басылмалардын бири деп «Кыргызстандын кесипкөй искусство чеберлеринин чыгармачылык портреттери» атуу басылманы атасак болот. Драмалык театр, опера жана симфониялык музыка, хореография, сүрөт искусствосу, кино багыттары боюнча эмгектин түзүүчүсү жана автору КР УИАнын мүчө-корреспонденти, профессор Жамал Уметалиева. Авторлор Р. Уразгальдиев, К. Абышев, Ч. Баялинова, Е. Лузанова, Ж. Тойбаева, Г. Төлөмүшева, А. Кузнецов. Ал эми долбоорду жана китепти спонсорлук аркылуу басылмага даярдоо иштерин Абдылдажан Акматалиев жетектеп келген.
А. Акматалиевдин ондон ашык ыр жыйнактары жарык көргөн, айрым ырларына обон жаралган акындык өнөрү да бар. Белгилүү композиторлор Сардарбек Жумалиев, Эсенбек Мааданбеков, Асанкул Жаркынбаев, Алымбек Коробаев, Догдурбай Урманбетов, обончу Гулгаакы Сагындыкова Акматалиевдин ырларына кайрылып, учурда тандемден жаралган обондуу ырлар теле-радио, театр сахналарында, соцтармактарда өз өмүрүн жашап келет.
Искусствонун көп кырдуу тармагынын бири болгон сүрөт жана скульптурада Акматалиев улуу жазуучу Айтматовдун элесин чагылдырууда, калемгердин чыгармаларын китеп бетинде иллюстрациялоодо айрым сүрөтчү жана веб-дизайнерлер менен көп иштеп, образдарды терең берүүдө кеп-кеңешин аябайт. Мындай эриш-аркак иштешкен сүрөтчүлөрдүн сап башында Таалай Усубалиев жана скульпторлор Жолдошаалы Бусурманкулов, Ильмир Ешмухамедов турат.
Илимде устат катары Акматалиев жүзгө жакын шакирт таптаганы белгилүү. Алардын арасында академик Акматалиев илимий жетекчилик кылган театр багыты боюнча жакталган диссертациялар Жаныш Кулманбетов жана Жылдыз Тойбаевага таандык; Чыңгыз Айтматовдун поэтикасындагы мульти-маданий байланыштар тууралуу диссертация Разия Сырдыбаева тарабынан жакталган.
#АдабиятИнституту #УмтулТеатр #ЧынгызАйтматов #69Мектеп #АбдылдажанАкматалиев
#КыргызКиносу #СаматКөчөрбаев #Төлгө #ТоктобекҮсөнов #ЖанышКулманбетов
#ЧолпонТурумбекова
#СайрагулАтаевна
#РахатКарагулована