22/04/2026
Айдай Асангулованын “Жаңы дем” эмгеги — “Walking with the Earth” эл аралык көргөзмөсүндө.
2026-жылдын 21-апрелинен 13-майына чейин Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында “Walking with the Earth” (“Жер менен шайкештикте”) аттуу эл аралык көргөзмө өтүүдө. Бул көргөзмө Азия жана Африкадагы түптүү элдердин жана салттуу жамааттардын маданияттарына, ошондой эле планетага кам көрүүнүн жандуу этикасына — адам Жерден бөлөк эмес, анын бир бөлүгү экенин түшүнүүгө арналган.
Жогорку деңгээлдеги эл аралык аянтта алгач ирет кыргыздын таланттуу уз-усталарынын жана сүрөтчүлөрүнүн кол санат өнөрүнүн эмгектери сунушталып жатканы Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болууда.
Сүрөтчү дизайнери, уз-чебер, этнограф Айдай Асангулованын “Жаңы дем” аттуу эмгеги да көргөзмөгө коюлуп, улуттук көркөм ой жүгүртүүнүн жана салттуу дүйнө таанымдын терең катмарларын ачып берүүдө.
Маркум устатыбыздан чыгармачылык мурасын анын шакирттери, жакындары — Клара жана Нуржамал Асангуловалар кийиз студиясынын атынан катышууда.
Бул Кыргызстандагы маданий мурастын жана көчмөн цивилизациясынын салттуу искусствосунун эл аралык деңгээлде таанылышына карай маанилүү кадам болуп саналат.
Көргөзмөнүн кураторлору - Кыргызстандын өкүлдөрү, арт-менеджерлер жана БАШАТ (Origins) программасынын катышуучулары Mirrakhim Oposh Миррахим Опош жана Айбек Байымбетов.
Алар дүйнөлүк түптүү элдердин диалогу алкагында кыргыз искусствосун жана маданий көрүүсүн тааныштырып жатышат.
Көргөзмө Борбордук жана Ички Азиядагы кийиз маданиятынан тартып Чыгыш Африкадагы мал чарбачылык салттарына чейинки көркөм практикаларды бириктирет. Ар бир эмгек адам менен табияттын ортосундагы өз ара көз карандылыкты, жашоонун ыргагын жана айлана-чөйрөгө болгон сый-урматты чагылдырат. Өзгөчө көңүл биологиялык ар түрдүүлүктү жана маданий мурастарды сактоого жардам берген салттуу билимдерге жана тажрыйбаларга бурулган.
Көргөзмө БУУнун Түптүү элдер боюнча туруктуу форумунун (UNPFII) 25-сессиясынын алкагында өтүп, 2026-жыл — Жайыттар жана малчылар жылы менен үндөшөт. Ал түптүү элдердин жана салттуу жамааттардын маданий уланмалуулукка, өз аймактары менен туруктуу байланышта болууга жана муундар аралык билимдерди өткөрүүгө болгон укуктарын баса белгилейт.
“Walking with the Earth” көргөзмөсү Дүйнөлүк түптүү руханий практиктер союзу (WUISP) тарабынан ишке ашырылып жаткан Origins программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул программада жаш сүрөтчүлөр руханий салттарды алып жүргөн аксакалдар жана кесипкөй устаттар менен кызматташат. Көргөзмө түптүү элдердин эл аралык тармактарынын, маданий уюмдардын жана өнөктөштөрдүн кызматташуусунун жыйынтыгы болуп, маданиятты сактоо жана экологиялык жоопкерчилик идеяларын бириктирет.
Көргөзмөнүн уюштуруучулары: WUISP, Arga Bilig ассоциациясы, Origins программасы, Wayfinders Circle жана ЮНЕСКОнун карамагындагы Көчмөн цивилизацияларды изилдөө эл аралык институту, ошондой эле UNPFII, Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү, Монголиянын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү жана Nia Tero менен Pawanka фонддорунун колдоосу менен ишке ашууда