27/10/2025
🌿 Жашыл Инновациялар Фондунун катышуучусу — Тынчтык Муканов жана анын “Smart Water” долбоору!
Тынчтык айыл жергесинде чоңойгон жана бала кезинен эле кургакчылык, суу тартыштыгы, түшүмдүн азайышы сыяктуу климаттын өзгөрүшү дыйкандардын жашоосуна кандай таасир этерин өз көзү менен көрүп келген. Бул жагдай аны айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн туруктуу чечимдерди издөөгө шыктандырган.
👨🔬 К.И. Раззаков атындагы КМТУдагы илимий ишмердүүлүгүнүн аркасында Тынчтык «Тез агымдуу каналдардан сууну туруктуу өлчөмдө чыгарган суулук жөнгө салгыч» аттуу ойлоп табууну иштеп чыгып, патенттеген. Бул жабдуу азыркы учурда иш жүзүндө ийгиликтүү колдонулуп келет.
Азыркы учурда Тынчтык жаңы инновациялык долбоор — “Smart Water” ирригациялык комплекстерин ишке ашырып жатат. Бул комплекс:
✅ богара (суусуз) жерлерди сугат суусу менен камсыз кылат,
✅ түшүмдүүлүктү жана фермерлердин кирешесин көбөйтөт,
✅ «жашыл» электр энергиясын өндүрөт! ⚡🌱
Комплекстерди долбоорлоодо SolidWorks программасы колдонулуп, тажрыйбалуу инженерлер жана адистер катышкан. Жакын арада Кыргызстандагы төрт аймакта — Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарында пилоттук орнотуулар ишке кирет.
Бул долбоор эл аралык конференциялардын катышуучуларынын да кызыгуусун жаратып, өзгөчө суу тартыштыгы көйгөйү бар өлкөлөрдө чоң кызыгуу жараткан.
“Smart Water” долбоору Германия Өкмөтү (BMZ), Европа Биримдиги жана Швейцария Өкмөтү тарабынан биргелешип каржыланган GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү” программасынын алкагындагы Жашыл инновациялар фонду тарабынан колдоого алынган.
*********
🌿 Участник Фонда Зеленых Инноваций — Тынчтык Муканов и его проект “Smart Water”!
Тынчтык вырос в сельской местности и с детства видел, как изменение климата влияет на жизнь фермеров: засухи, нехватка воды, снижение урожайности… Именно это вдохновило его заняться поиском устойчивых решений для сельского хозяйства.
👨🔬 Благодаря своей научной работе в КГТУ им. И. Раззакова, Тынчтык разработал и запатентовал изобретение — «Водовыпуск-стабилизатор расхода воды из каналов с бурным течением», которое уже успешно применяется на практике.
Сейчас он реализует новый инновационный проект — Ирригационные комплексы “Smart Water”, которые:
✅ обеспечат полив богарных земель,
✅ помогут повысить урожай и доход фермеров,
✅ будут вырабатывать «зеленую» электрическую энергию!
Для создания Комплексов команда использует современные технологии проектирования в SolidWorks, а также труд опытных инженеров и специалистов. Уже скоро четыре пилотных установки появятся в разных регионах Кыргызстана — в Иссык-Кульской, Чуйской и Джалал-Абадской областях.
Проект уже вызвал интерес на международных конференциях, особенно в странах, где вопрос водных ресурсов стоит остро.
Реализация проекта “Smart Water” поддерживается Фондом зеленых инноваций Программы «Зеленая экономика и устойчивое развитие частного сектора в Кыргызской Республике», реализуемой GIZ при софинансировании Правительства Германии (BMZ), Европейского Союза и Правительства Швейцарии.
European Union in Kyrgyzstan
Deutsche Botschaft Bischkek Посольство Германии в Бишкеке
Embassy of Switzerland in the Kyrgyz Republic