Ассоциация КАДК

Ассоциация КАДК КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК ДЕН СООЛУК КОМИТЕТТЕРИ

📌 Айылдык ден соолук комитеттеринин стратегиялык өнүгүүсү боюнча жумушчу кеңешме2026-жылдын 4–5-февралында Бишкек шаарын...
09/02/2026

📌 Айылдык ден соолук комитеттеринин стратегиялык өнүгүүсү боюнча жумушчу кеңешме

2026-жылдын 4–5-февралында Бишкек шаарында Айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) стратегиялык өнүгүүсүнө арналган эки күндүк жумушчу кеңешме болуп өттү.

Кеңешменин алкагында:
✅КАДКнын 2026–2028-жылдарга карата стратегиясы талкууланды
✅АДКнын жергиликтүү деңгээлдеги ролу каралды
✅ЖӨБ органдары жана саламаттыкты сактоо системасы менен кызматташуунун жаңы моделдери иштелип чыкты
✅3 жылдык иш-план түзүлдү

🤝 Кеңешме тажрыйба алмашууга, пикир бөлүшүүгө жана алдыдагы багыттарды тактоого мүмкүнчүлүк түздү.

📈 Ден соолук – биргелешкен аракеттен башталат!

#АДК #КАДК #АйылдыкДенСоолук #КоомдукСаламаттык #СтратегиялыкӨнүгүү Кызматташуу СаламаттыкСактоо ЖӨБ



📌 Рабочее совещание по стратегическому развитию сельских комитетов здоровья

4–5 февраля 2026 года в городе Бишкек состоялось двухдневное рабочее совещание, посвящённое стратегическому развитию сельских комитетов здоровья (СКЗ).

В рамках совещание: ✅обсуждена Стратегия КАДК на 2026–2028 годы
✅рассмотрена роль СКЗ на местном уровне
✅разработаны новые модели взаимодействия с органами МСУ и системой здравоохранения
✅сформирован трёхлетний план действий

🤝 Совещание стало площадкой для обмена опытом, обсуждения приоритетов и определения дальнейших шагов.

📈 Здоровье начинается с совместных действий!

🎄 Жаңы жылыңыздар менен!✨ С Новым годом!🎉 Happy New Year!  #кыргызстан
01/01/2026

🎄 Жаңы жылыңыздар менен!
✨ С Новым годом!
🎉 Happy New Year! #кыргызстан

«Секторлор аралык кызматташууну жакшыртуу» жумушчу кеңешмеси 🤝Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым уку...
11/12/2025

«Секторлор аралык кызматташууну жакшыртуу» жумушчу кеңешмеси 🤝

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, шаар мэрлеринин орун басарлары, райондук мамлекеттик администрация башчылары — акимдердин орун басарлары, 4 айыл өкмөт башчысы жана КАДКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Иш-чарада КАДКнын өлкө жана жергиликтүү деңгээлдеги ролу, акыркы жылдардагы жетишкендиктери жана саламаттыкты сактоо багытында аткарып келе жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берилди жана секторлор аралык кызматташууну жакшыртууд багытында бир катар маанилүү жыйынтыктарын белгиледи.

Иш чара алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен калктын ден соолугун жакшыртуу боюнча бир катар талкуулар болуп өттү.

Бул кеңешме – саламаттыкты сактоо, жергиликтүү бийлик, жарандык коом жана өнөктөштөр ортосунда натыйжалуу диалогго жана биргелешкен чечимдерге багытталган маанилүү аянтча.



Рабочее совещание «Улучшение межсекторного сотрудничества» 🤝

В совещании приняли участие заместители полномочных представителей Президента Кыргызской Республики, заместители мэров городов, заместители глав районных государственных администраций — акимов, 4 главы айыл окмоту и члены Наблюдательного совета КАДК.

На мероприятии была представлена подробная информация о роли КАДК на национальном и местном уровне, достижениях последних лет, а также о деятельности в направлении охраны здоровья. Отмечен ряд важных результатов в улучшении межсекторного сотрудничества.

В рамках мероприятия состоялись обсуждения с представителями местных органов власти по вопросам улучшения здоровья населения.

Данное совещание является значимой площадкой, направленной на эффективный диалог и совместные решения между системой здравоохранения, местной властью, гражданским обществом и партнёрами.

#КАДК #СаламаттыктыСактоо #ДенСоолук #СекторлорАралыкКызматташуу #ЖергиликтүүБийлик #КоомдукСаламаттык #Кыргызстан
#Здравоохранение #ЗдоровьеНаселения #МежсекторноеСотрудничество #МестныеВласти #ОбщественноеЗдоровье #Кыргызстан

1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү.Бул күндүн максаты — СПИДке каршы маалымдуулукту арттыруу, колдоо кө...
01/12/2025

1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү.
Бул күндүн максаты — СПИДке каршы маалымдуулукту арттыруу, колдоо көрсөтүү жана алдын алуу чараларын эске салуу. Ар бирибиздин маалымдуулугубуз өз ден соолугубузду жана жакындарыбызды коргоого жардам берет. 🎗

#КыргызстанСПИДгеКаршы #СПИДгеКаршы #ДенСоолукМаанилүү #КызылТасма #МаалымдуулукӨмүрдүСактайт

3-НОЯБРЬ — ДҮЙНӨЛҮК БИРДИКТҮҮ ДЕН-СООЛУК КҮНҮ! 🌍Бул күн бизге адамдын, жаныбарлардын жана экологиянын саламаттыгы бир эк...
03/11/2025

3-НОЯБРЬ — ДҮЙНӨЛҮК БИРДИКТҮҮ ДЕН-СООЛУК КҮНҮ! 🌍

Бул күн бизге адамдын, жаныбарлардын жана экологиянын саламаттыгы бир экенин эскертет. Бирдиктүү Ден-соолук (One Health) концепциясы адамдын, жаныбарлардын жана экологиянын ден-соолугу тыгыз байланышта экенин баса белгилейт. Оорулар, абанын булгануусу, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу жана климаттын өзгөрүшү — баары бир системанын бөлүгү. Жаныбарларга жана экосистемага кам көрбөсөк, адамдардын туруктуу ден-соолугуна жетишүү мүмкүн эмес.

Бирдиктүү Ден-соолук концепциясы аркылуу төмөнкүлөргө жетишүүгө болот:
🍀Зооноздук инфекциялардын алдын алуу
🍀Коопсуз жана туруктуу айыл чарбасын жайылтуу
🍀Экосистеманы жана таза абаны сактоо

Бул күнү биз табиятка жана жаныбарларга кам көрүү менен өзүбүзгө кам көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилейбиз.
Ден-соолук бардык тирүү жандарга бирдей.

3-ноябрь — Дүйнөлүк Бирдиктүү Ден-соолук күнү, 2016-жылы Бирдиктүү Ден-соолук Комиссиясынын, One Health Initiative жана One Health Platform уюмдарынын колдоосу менен белгиленген.

Бирдиктүү Ден-соолук идеясын эл аралык кайрымдуулук уюму Wellcome тарабынан каржыланган «Климаттын өзгөрүшүнүн Кыргызстандагы мал чарбачылык менен алектенген коомчулуктардын ден соолугуна тийгизген таасири (CCHALKK)» долбоору аркылуу ишке ашырып жатабыз ✅

Долбоор Бирдиктүү Ден-соолук ыкмасын колдонуп, климаттын өзгөрүшү адамдардын жана жаныбарлардын ден-соолугуна кандай таасир этерин изилдейт. Аталган изилдөөнүн жыйынтыктары айыл аймактарынын тургундарынын ден-соолугун чыңдоого, алардын туруктуулугун жогорулатууга жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирлерин азайтууга багытталган натыйжалуу адаптациялык чараларды иштеп чыгууга жардам бере алат.


#БирдиктүүДенСоолук #ДенСоолукБир #КлиматтынӨзгөрүшү #Зооноздор #Экология #Кыргызстан

Полевое исследование в рамках проекта «Влияние изменения климата на здоровье скотоводческих сообществ в Кыргызстане) (CC...
23/10/2025

Полевое исследование в рамках проекта «Влияние изменения климата на здоровье скотоводческих сообществ в Кыргызстане) (CCHALKK)

С 13 по 17 октября 2025 года исследовательская команда из КАДК, Общественного фонда «Илбирс» и Института глобального здравоохранения Носсал (Австралия) провела финальный пилотный полевой визит в Джалал-Абадской области.

Во время визита исследователи собирали мнения и наблюдения местных жителей — животноводов, медицинских работников и волонтёров. В завершение визита команда представила свои результаты членам сообщества, которые участвовали в обсуждении, проверке и дополнении анализа исследователей.

Проект реализуется в Кыргызстане в партнёрстве с:
🤝Институтом глобального здравоохранения Носсал (Университет Мельбурна)
🤝Ассоциацией Айылдык ден соолук комитеттери (КАДК)
🤝Общественным фондом «Илбирс»

Проект финансируется международной благотворительной организацией Wellcome.

CCHALKK направлен на получение данных, которые помогут разработать меры адаптации, укрепить общественное здоровье и продвигать устойчивые практики животноводства в условиях изменения климата.

Проект одобрен Национальным этическим комитетом Кыргызской Республики и Этическим комитетом Университета Мельбурна.



EN

❤️ 29-сентябрь – Дүйнөлүк жүрөк күнү! Бул күн 2000-жылы Дүйнөлүк жүрөк федерациясынын демилгеси менен белгиленип келет.Д...
29/09/2025

❤️ 29-сентябрь – Дүйнөлүк жүрөк күнү!
Бул күн 2000-жылы Дүйнөлүк жүрөк федерациясынын демилгеси менен белгиленип келет.

Дүйнөлүк жүрөк күнүнүн негизги максаттары:

Дени сак жашоо образын жайылтуу. Туура тамактануу, тамекиден баш тартуу, ашыкча салмактан сактануу жана активдүү жашоо образын кармануу аркылуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга мүмкүн

Жүрөк оорулары тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу. Коомчулукту жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучу жана аларды алдын алуу жолдору жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу

Профилактика. Өз убагында медициналык текшерүүдөн өтүү жүрөк ооруларынын алдын алууга жана коркунуч факторлорун көзөмөлдөөгө шарт түзөт. #дүйнөлүкжүрөккүнү #жүрөк #лейлейрайону #жүрөксактоо

«Өзүңдүн кан басымыңды билип ал!» ❤️Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу максатында (инсульт, инфаркт) Кыргызстандын бар...
25/09/2025

«Өзүңдүн кан басымыңды билип ал!»

❤️Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу максатында (инсульт, инфаркт) Кыргызстандын бардык аймактарында Айылдык ден соолук комитеттери тарабынан кан басымдын скрининги өткөрүлүүдө.

Скринингдин максаты:
🩺 Жогорку кан басымы бар адамдарды аныктоо
Аларды саламаттык сактоо мекемелерине диагностика жана дарыланууга жөнөтүү
Кан басымды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча маалымат берүү

Скринингдин алкагында АДК:
✅ 18 жаштан жогору жарандардын кан басымын өлчөйт


«Узнай своё давление!» ❤️🩺

В целях профилактики сердечно-сосудистых заболеваний (инсульт, инфаркт) во всех регионах Кыргызстана сельскими комитетами здравоохранения проводится скрининг артериального давления.

Цели скрининга:
🩺 Выявление людей с повышенным давлением
Направление их в медицинские учреждения для диагностики и лечения
Предоставление информации о контроле давления и его профилактике
⠀В рамках скрининга СКЗ:
👥 Измерение давления у граждан старше 18 лет



#КанБасымы
#ДенСоолуктуСакта
#Скрининг
#ЖүрөкКанТамыр
#Кыргызстан
#АДК
#Саламаттык

🎉 Жакшы жаңылык!Эл аралык кайрымдуулук уюму Wellcome тарабынан каржыланган биздин долбоор «Кыргызстандагы мал чарба коом...
17/09/2025

🎉 Жакшы жаңылык!
Эл аралык кайрымдуулук уюму Wellcome тарабынан каржыланган биздин долбоор «Кыргызстандагы мал чарба коомдорунун саламаттыгына климаттын өзгөрүшүнүн таасири (CCHALKK)» этикалык экспертизадан өттү:
✅ КР Саламаттык сактоо министрлигинин «Кыргызстандын саламаттык сактоо» илимий-практикалык журналынын этикалык комитети
✅ Мельбурн университетинин Адам изилдөөлөрүнүн этика комитети

Бул долбоор эл аралык этикалык нормаларга жана изилдөө жүргүзүү практикасына туура келээрин тастыктайт. 🌍
Долбоор төмөнкү өнөктөштөр менен ишке ашырылат:
🤝 Носсал Глобалдык Саламаттык институту (Мельбурн университети)
🤝 Кыргызстан Айылдык Ден соолук комитеттери Ассоциациясы
🤝 «Илбирс» коомдук фонду

#Кыргызстан #Климат #Саламаттык



✨Делимся радостной новостью!
Наш проект «Влияние изменения климата на здоровье скотоводческих сообществ в Кыргызстане (CCHALKK)», финансируемый международной благотворительной организацией Wellcome, получил одобрение этических комитетов:
✅ Этического комитета при журнале «Здравоохранение Кыргызстана» МЗ КР
✅ Комитета по этике исследований человека Мельбурнского университета

Это подтверждает, что проект соответствует международным этическим нормам и практике проведения исследования.
Проект реализуется в партнёрстве:
🤝 Институт глобального здравоохранения Носсала (Университет Мельбурна)
🤝 Ассоциация сельских комитетов здравоохранения Кыргызстана
🤝 Общественный Фонд «Илбирс»

#Кыргызстан #Климат #Здравоохранение

Урматтуу айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү! 🌿Бүгүн, 9-сентябрь – Айылдык ден соолук комитетинин күнү менен чын ...
09/09/2025

Урматтуу айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү! 🌿

Бүгүн, 9-сентябрь – Айылдык ден соолук комитетинин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! 💚

Коомубуздун саламаттыгын сактоодо сиздердин кошкон салымыңыздар баа жеткис. Ар бир күнүңүздөр ийгилик, бекем ден соолук жана кубаныч менен өтсүн! ✨

⠀⠀⠀⠀⠀⠀⠀⠀

Уважаемые члены сельского комитета здоровья! 🌿

Сегодня, 9 сентября – поздравляем вас с Днём сельского комитета здоровья! 💚

Ваш вклад в сохранение здоровья общества бесценен. Пусть каждый ваш день будет наполнен успехом, крепким здоровьем и радостью! ✨⠀⠀⠀
#денсоолук
#саламаттык
#кыргызстан
#айыл
#коом
#бекемденсоолук
#саламаттурмуш
#саламаттыктысактоо #бишкек
#Ош
#ЖалалАбад
#ЫсыкКөл
#талас #кыргызстан
#Нарын
#баткен

📅 2025-жылдын 25-августунда🏛️ «Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери»нин жалпы жыйыны болуп өттү.👥 Жыйынга Байкоочу ...
30/08/2025

📅 2025-жылдын 25-августунда
🏛️ «Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери»нин жалпы жыйыны болуп өттү.

👥 Жыйынга Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жана өлкө боюнча Райондук ден соолук комитеттеринин (РДК) жетекчилери катышышты.

💬 Жыйында калктын ден соолугун чыңдоодо Айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) ыктыярчылык ишмердүүлүгү жана Райондук ден соолук комитеттеринин калктын ден соолугун чыңдоого жана оорулардын алдын алууга арналып өткөрүлгөн иш-чаралары тууралуу пикир алышышты.



📅 25 августа 2025 года
🏛️ состоялось общее собрание «Ассоциации сельских комитетов здравоохранения Кыргызстана».

👥 В мероприятии приняли участие члены Наблюдательного совета и руководители районных комитетов здравоохранения (РКЗ) со всей страны.

💬 На встрече обсудили добровольческую деятельность сельских комитетов здравоохранения (СКЗ) в укреплении здоровья населения, а также проведенные мероприятия районных комитетов здравоохранения, направленные на укрепление здоровья населения и профилактику заболеваний



#ДенСоолук #Кыргызстан #айылдыкденсоолуккомитеттери #Бишкек
#чуй
#ош
#нарын
#талас
#ысыккөл
#жалалабад
#баткен

🇰🇬 Бүгүн Ысык-Көлдө Кыргызстандын бардык Райондук ден соолук комитеттеринин (РДК) жетекчилери чогулуп, калктын саламатты...
25/08/2025

🇰🇬 Бүгүн Ысык-Көлдө Кыргызстандын бардык Райондук ден соолук комитеттеринин (РДК) жетекчилери чогулуп, калктын саламаттыгын чыңдоодогу Айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) ролу тууралуу жалпы жыйын өткөрүлүүдө.

#кыргызстан #ысыккөл🇰🇬 #саламаттык #денсоолук #Жыйын #калктынсаламаттыгы #АйылдыкДенСоолукКомитети (АДК)
#РайондукДенСоолукКомитети (РДК)

Address

Жумабек 227
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996700906841

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Ассоциация КАДК posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Ассоциация КАДК:

Share