"Кыргыз нур" коомдук бирикмеси

"Кыргыз нур" коомдук бирикмеси Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from "Кыргыз нур" коомдук бирикмеси, Community Organization, Bishkek.

«Кыргыз нур» коомдук бирикмеси Уюштуруу чогулуштун чечими менен 2007-жылдын 28-ноябрында уюшулган, 2007-жылдын 29-декабрында расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде каттоодон өткөн. Жалпы республикалык статуска ээ.

Бирикме көбүнчө төмөнкү 4 тармакта иш жүргүзөт:
1. Жаштар саясаты (билимдүү, мекенчил жана ниети таза жаштарды колдоо, жаштардын потенциалын жогорулатуу, жаштардын ма

даният, укуктук маданият деңгээлин жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу);
2. Кыргыз маданияты (кыргыз маданиятын, тилин, тарыхын, үрп-адаттарын, каада-салттарын жана «Манас» эпосун сактап калуу жана даңазалоо);
3. Социалдык суроолор (мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана жетим балдарды колдоо жана аларга жардам берүү);
4. Спорт (Бирикменин «Кыргыз нур» аттуу футболдук командасы Бишкек шаарындагы эң популярдуу болуп саналган профессионал эмес командалардын арасындагы Tennisi FUT-Лига аттуу футболдук турнирде ойнойт).

Бирикменин уюшулганынан бери бир топ иштер жасалды. Кээ-бирөөлөрүн эле атай кетсек:
1. «Бөбөктөр үчүн китеп» долбоорунун алкагында, КРсындагы ФРГнын элчилиги жана Немис тилин өнүктүрүү боюнча кыргыз-немис коомунун демөөрчүлүк жардамы менен, КРсынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен кыргыз тилинде «Ата-бабалар мурасы» китеби басылып чыгарылган;
2. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Жаштар программасынын колдоосу менен Кыргызстандын баардык 7 дубанындагы жаштар үчүн төмөнкү темалар боюнча тренингтер өткөрүлгөн:
- «Жаштардын коомдун саясий системындагы ээлеген орду жана аткарган ролу» (укуктук суроолор боюнча);
- «Кыргызстандын жаштары: маданият жана бүгүнкү күн» (кыргыз маданияты боюнча);
3. Бирикменин жана Бирикменин мүчөлөрүнүн каражаттары менен төмөнкү 7 кайрымдуулук акциялар өткөрүлдү:
- Военно-Антоновкадагы балдар үйүндөгү балдар үчүн (2008);
- Красная речкадагы жетим балдар мектеп-интернаттагы балдар үчүн (2 жолу: 2009, 2011);
- Беловодсктогу мектеп жашка чейинки балдар үйүндөгү балдар үчүн (2010);
- Бишкек шаардык сокур жана дүлөйлөрдүн уюмунун балдары үчүн (2009);
- 2010-жылынын июнь айында Ош шаарында жана Ош дубанында жабыр тарткан балдар үчүн (2010);
- Бишкектеги кичинекей наристелер үйүндөгү балдар үчүн (2012).

Бирикме Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымын кошуу максатында, билимдүү, мекенчил жана ниети таза жаштардын башын кошуу аракетин көрүп жатат

23/08/2025
29/06/2025
Бишкектеги кичинекей бобоктор учун балдар уйуно
29/06/2025

Бишкектеги кичинекей бобоктор учун балдар уйуно

Бишкектеги кичинекей бобоктор учун балдар уйуно
29/06/2025

Бишкектеги кичинекей бобоктор учун балдар уйуно

21/03/2025

Барсбек каган,
Кертле каган,
Бейгу каган,
Алп Сол Тепек,
Тириг бек,
Эрен Улуг,
Олебек (или возможно Алибек) тегин,
Номча,
Ишей,
Иренек (или Эренек)

правители, предводители и военачальники енисейских кыргызов

Address

Bishkek

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when "Кыргыз нур" коомдук бирикмеси posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share