18/09/2025
Бүгүн Ак-Жар конушунун жашоочулары ММК Фондунун ММК фонду - Фонд ОМС өкүлдөрү менен жолукту.
Иш-чара «Аракет» долбоорунун алкагында мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн өткөрүлүп жатат.
Жолугушууда милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси, мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында каралган акысыз кызматтар тууралуу кеңири маалымат берилип, тургундарды кызыктырган суроолорго жооптор айтылды.
Мисалы, мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз көрсөтүлүүчү базалык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн тизмеси:
Кандын жалпы анализи (гемоглобин, лейкоциттер, ЭТЖ).
Зааранын жалпы анализи жана чөкмөсүнүн микроскопиясы.
Уретрадан алынган мазоктун микроскопиясы (микрофлораны жана айрым жугуштуу козгогучтарды аныктоо).
Вагиналдык мазоктун микроскопиясы.
Какырыктын микроскопиялык анализи.
Кандын сывороткасындагы глюкоза.
Заарадагы глюкоза.
Жалпы холестерин.
Электрокардиограмма (ЭКГ).
Гликирленген гемоглобин (кант диабети менен ооругандарга – жылына 1 жолу).
Бактериурияга заара анализи (кош бойлуулуктун биринчи триместринде).
18 жашка чейинки балдардын көрүү курчтугун өлчөө.
Ушул кызматтар саламаттык сактоо уюмдарында акысыз көрсөтүлүшү керек, анткени алар ММКФондунун мамлекеттик кепилдиктери аркылуу камсыздалат.