МОФ "Инициатива Розы Отунбаевой"

МОФ "Инициатива Розы Отунбаевой" Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from МОФ "Инициатива Розы Отунбаевой", Nonprofit Organization, пр-т Чуй 106, Bishkek.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду
http://roza.kg/
Instagram: https://www.instagram.com/roza_foundation/
Email: [email protected]
Twitter:
Tel.: +996 312 660 368 Основные направления деятельности Фонда:

• продвижение ценностей демократии, содействие в становлении демократических институтов;
• усиление потенциалы женщин в политике;
• осуществление образовательных, к

ультурных и благотворительных программ и проектов;
• содействие человеческому развитию через расширение гражданского участия и укрепление институтов гражданского общества;
• поддержка инициатив по миротворчеству, расширению коммуникативных площадок по вопросам международного политического, экономического и гуманитарного сотрудничества;
• содействие расширению и развитию межкультурного диалога;
• поддержка и внедрение новых инновационных технологий в решении социально-экономических проблем;

Сиздерди 9-Май — Улуу Жеңиш Күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!Бул күн — элибиз эңсеп күткөн тынчтык орногон, курал-жа...
08/05/2026

Сиздерди 9-Май — Улуу Жеңиш Күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Бул күн — элибиз эңсеп күткөн тынчтык орногон, курал-жарак тынып, энелердин көз жашы тыйылган, эл үмүт менен келечекке караган улуу күн. Мындан 81 жыл мурун, жаздын дал ушул күнү адамзат согуштун азабынан кутулуп, тынч турмушка кадам таштаган.
Кыргызстан Улуу Жеңишке баа жеткис салым кошкон. Жүз миңдеген жердештерибиз майданга аттанып, калгандары тылда жан аябай эмгектенишкен.
363 миң кыргызстандык фронтко кетип, алардын 130 миңден ашууну согуш талааларында курман болушкан. Көптөгөн мекендештерибиз баатырдыгы үчүн жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыган, алардын ысымдары биздин тарыхыбызда түбөлүк сакталып калат.
Бул күн — Улуу Жеңишти көргөн муун менен бүгүнкү муунду бириктирген тарыхый байланыш. Анын маңызы эч качан унутулбашы керек, ал ар дайым эсибизде сакталууга тийиш. Биз Улуу Жеңишти жакындаткан фронттун баатырларын, тылдагы эмгекчилерди жана согуш балдарын терең урматтап, алардын эмгегин ар дайым баалайбыз.
Баарыңыздарга тынчтык, бакубат жашоо жана ачык асман каалайбыз!
Майрамыңыздар менен — Улуу Жеңиш күнү кут болсун!

Урматтоо менен,
“Роза Отунбаеванын Демилгеси” ЭКФнин негиздөөчүсү жана жамааты

Кымбаттуу кыргызстандыктар!Сиздерди эң маанилүү мамлекеттик майрамдардын бири — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү ...
05/05/2026

Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Сиздерди эң маанилүү мамлекеттик майрамдардын бири — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Конституция — бул элибиздин эркиндигинин, адилеттүүлүгүнүн жана биримдигинин символу. Ал күчтүү, демократиялык жана гүлдөгөн Кыргызстанды курууга бекем негиз болуп кызмат кылат.

Бул майрам ар бирибизди жоопкерчиликтүү жаран болууга, бири-бирибиздин укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого, өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана келечегине активдүү салым кошууга үндөсүн.

Баарыңыздарга тынчтык, туруктуу өнүгүү, ар бир үй-бүлөгө бакубат жашоо жана жалпы Мекенибизге гүлдөп-өсүү каалайбыз!

Урматтоо менен,
“Роза Отунбаеванын Демилгеси” ЭКФнин негиздөөчүсү жана жамааты

Бишкек шаарындагы №40 мектепте “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясынын алкагында акын, журналист Бурулкан Сарыгулова...
16/04/2026

Бишкек шаарындагы №40 мектепте “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясынын алкагында акын, журналист Бурулкан Сарыгулова окуучулар менен жолугушту. Иш-чара балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бурулкан Сарыгулова окуучуларга Салижан Жигитовдун котормосундагы “Алтын балык” жомогун окуп берди. Андан соң жомоктун мазмуну жана таалим-тарбиялык мааниси тууралуу жандуу талкуу уюштурулуп, окуучулар өз ойлорун бөлүшүп, кызыккан суроолорун узатышты. Ошондой эле алар коноктун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу да суроолорду берип, кенен жооп алышты. Балдардын суранычы менен акын өз калемине таандык айрым чыгармаларын да окуп берди.

Иш-чарага Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова жана Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Мурсаева катышып, окуучуларды китеп окууга чакырып, аларга дем-күч беришти.

Жолугушуу окуучуларда өзгөчө кызыгуу жаратып, алар активдүү катышып, суроо-жооп бөлүгүндө да жигердүүлүгүн көрсөтүштү.Фонд Бурулкан Сарыгуловага иш-чарага катышканы үчүн, ал эми мектеп жетекчилигине акцияны уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясы Кыргызстанда 13 жылдан бери өткөрүлүп, окуучуларды китепке болгон кызыгуусун арттырууга багытталып келет. Фонд бул багыттагы иш-чараларды мындан ары да улантууну пландаштырууда.

Бишкекте «Үмүт-Надежда» борборунда жашылдандыруу акциясы өттү.25-мартта Республикалык «Умут-Надежда» балдардын ден соолу...
27/03/2026

Бишкекте «Үмүт-Надежда» борборунда жашылдандыруу акциясы өттү.
25-мартта Республикалык «Умут-Надежда» балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда көчөт отургузуу акциясы өттү. Иш-чарага борбордо билим алып жаткан балдар, педагогдор, KICB банкынын өкүлдөрү, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана ыктыярчылар катышты.
Акциянын алкагында борбордун балдар аянтына жана бала бакчанын аймагына ак кайың, каштан, эмен, арча жана декоративдүү бадалдардын жалпы 148 көчөтү отургузулду.
Белгилей кетсек, «Green Foundation» демилгеси 2012-жылдан бери KICB банкы жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан биргелешип ишке ашырылып келе жаткан коммерциялык эмес долбоор болуп саналат. Анын негизги максаты — Бишкек шаарындагы жана Кыргызстандын башка аймактарындагы мектептерди жана бала бакчаларды жашылдандыруу, ошондой эле балдарга экологиялык билим берүү жана айлана-чөйрөгө кам көрүү маданиятын калыптандыруу.
14 жыл ичинде демилгенин алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык көчөт мектептерге, бала бакчаларга жана парктарга отургузулган. 2026-жылы республика боюнча 10 билим берүү мекемесине жана муниципалдык парктарга 1000ден ашык көчөт отургулду.

Жашыл келечекке салым: Бишкекте көчөт отургузуу акциясы өттү.Бишкек шаарындагы «Мурас-Ордо» конушундагы №58 мектепке чей...
27/03/2026

Жашыл келечекке салым: Бишкекте көчөт отургузуу акциясы өттү.

Бишкек шаарындагы «Мурас-Ордо» конушундагы №58 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аймагында «Green Foundation» жыл сайын өткөрүлүүчү экологиялык демилгесинин алкагында жашылдандыруу акциясы өттү. Иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду KICB банкы жана Ага Хан өнүктүрүү уюму менен биргеликте уюштурду.
Акциянын жүрүшүндө аймактын климаттык шарттарына ылайыкташкан көк карагай, эмен, каштан жана ак кайың сыяктуу дарактардын 98 көчөтү отургузулду. Бул өсүмдүктөр абанын сапатын жакшыртып, балдар үчүн жагымдуу жана коопсуз экологиялык чөйрөнү түзүүгө өбөлгө болот.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү, өнөктөш уюмдар жана ыктыярчылар катышты.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова белгилегендей, бул демилге 14 жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келет:«Бул убакыт аралыгында биз өнөктөштөр менен биргеликте Бишкек шаарындагы ондогон мектептердин жана бала бакчалардын аймагын жашылдандырдык. Быйыл долбоордун географиясы кеңейип, көчөт отургузуу иштери Ош, Баткен, Талас жана Чүй облустарында да өткөрүлүүдө».
Кыргызстандагы AKDN өкүлчүлүгүнүн башчысы Баркад Фазал биргелешкен аракеттердин маанисин белгиледи:
«Жаратылыш мурастарын сактоо менен бирге биз келечек муундарда айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырабыз».
KICB банкынын башкармалыгынын төрагасы Али Ариф мындай демилгелердин узак мөөнөттүү маанисине токтолду: «Ар бир бүгүн отургузулган дарак — бул биздин балдарыбыздын ден соолугуна жана өлкөнүн экологиялык келечегине кошкон салым».
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлү Мурсаева Айнура Кубанычбековна жашылдандыруу акциясынын билим берүү мекемелеринин аймагында өткөрүлүп жатканы өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.
Иш-чаранын катышуучулары Бишкек шаарынын мэриясына жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, «Green Foundation» демилгеси 2012-жылдан бери ишке ашырылып, анын алкагында Кыргызстан боюнча 21 миңден ашык көчөт отургузулган. Демилге KICB банкы жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан биргелешип жүргүзүлүп, мектептерди жана бала бакчаларды жашылдандыруу менен катар балдарга экологиялык билим берүү максатын көздөйт.
2026-жылы демилгенин алкагында республика боюнча 10 билим берүү мекемесине жана муниципалдык парктарга 1000ден ашык көчөт отургузуу жана жеткирүү пландалган. Анын ичинде Токмок, Ош, Баткен, Талас шаарларындагы мектептерге жана Бишкектеги бир катар билим берүү мекемелерине көчөттөр берилди.

26/03/2026
Кыргызстанда Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» аттуу китебинин II тому кыргыз тилинде жарык көрдү.«Роза Отун...
24/03/2026

Кыргызстанда Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» аттуу китебинин II тому кыргыз тилинде жарык көрдү.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» аттуу китебинин экинчи томун кыргыз тилине которуп, 2000 нускада басып чыгарды.
Бул эмгек Кытайды дүйнөлүк өнүгүүнүн алдыңкы катарына алып чыккан мамлекеттик реформаларга арналган жана эл аралык коомчулукта чоң кызыгуу жараткан. Китепте Си Цзиньпиндин баяндамалары жана макалалары топтолуп, анда өлкөнү башкаруунун негизги принциптери, саясий стратегиясы жана өнүгүү багыты кеңири баяндалат.
Китептин кыргыз тилинде жарык көрүшү Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана коңшулук мамилелерди мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөт. Ошондой эле бул басылма кыргыз окурмандарына Кытайдын ички жана тышкы саясатынын өзгөчөлүктөрүн, өнүгүү моделин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Жыйнактагы материалдар Кытайдын соңку ондогон жылдардагы тарыхый өнүгүү жолун жана Кытай Коммунисттик партиясынын жетекчилиги алдында жетишилген ийгиликтерди объективдүү баалоого шарт түзөт.
Китептин кыргыз тилиндеги котормосу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Кытайдын Чет тилдердеги адабияттарды басып чыгаруучу басмасы (Foreign Languages Press Co. Ltd) менен биргеликте даярдалган.
Басылма Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына, китепканаларга жана мамлекеттик органдарга таратылат.

Маалымат үчүн:

Китеп «Өмүрү өрнөк инсандар» сериясынын алкагында жарык көрдү. Басылманын автору — Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин. «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» аттуу эмгектин II тому орус тилинен кыргызчага которулду.

Китепти кыргызчага Э. Нурушев, А. Пазылов жана Э. Каптагаев которушту.

Ошондой эле Каптагаев Э.С. басылманын жооптуу редактору болуп, текстти кытай тараптын эксперттери менен биргеликте редакциялоо, китепти басмага даярдоо иштерин техникалык редактор менен кошо жүргүздү.

Кошумча маалымат:
2019-жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» Фонду Кытай тарап менен биргеликте «Си Цзиньпин. Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин I томун кыргыз тилинде чыгарган. Ал басылма КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында тааныштырылган.

Сиздерди жаздын жарчысы болгон Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!Нооруз – бул жаратылыш менен кошо жа...
21/03/2026

Сиздерди жаздын жарчысы болгон Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Нооруз – бул жаратылыш менен кошо жашоонун жаңыланышы, үмүттүн жанданышы. Ал үй-бүлө менен досторду бириктирген, дасторкон жайылып, ыр-күү жаңырып, кубаныч бөлүшүлгөн өзгөчө күн. Бул күнү өз ара сый-урмат, ынтымак жана биримдик өзгөчө бааланат. Нооруз – руханий тазалануунун, жаңы башталыштардын жана ак тилектердин мезгили.

Жаз менен кошо жаратылыш гана эмес, ар бирибиздин жан дүйнөбүз жаңырып, жүрөгүбүзгө жылуулук жана жарык тартууласын.

Ата-бабаларыбыздан мурас болуп келген бул улуу майрам өлкөбүзгө тынчтык жана өнүгүү тартууласын!

Урматтоо менен,
«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду

Орозо Айт майрамы менен куттуктайбыз!Ар бир үйгө тынчтык, береке, ынтымак жана жакшылыктарды каалайбыз. Туткан орозо каб...
20/03/2026

Орозо Айт майрамы менен куттуктайбыз!

Ар бир үйгө тынчтык, береке, ынтымак жана жакшылыктарды каалайбыз. Туткан орозо кабыл болуп, тилектериңиздер орундалып, жүрөгүңүздөр мээримге толсун.

Өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө тынчтык өкүм сүрүп, ынтымак жана түшүнүшүү арта берсин.

Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр жана ар дайым жакшылыктын үстүндө болууну каалайбыз!

Айт маарек болсун! 🌙

"Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФ негиздөөчүсү жана жамааты

Жогорку кеңештин депутаты Табылды Муратбеков балдарга китеп окуду. Бишкек шаарындагы №4-мектепте “Жылдыздар балдарга кит...
18/03/2026

Жогорку кеңештин депутаты Табылды Муратбеков балдарга китеп окуду.

Бишкек шаарындагы №4-мектепте “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясы депутат Табылды Муратбековдун катышуусунда өттү. Иш-чара балдардын китеп окууга кызыгуусун арттыруу максатында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп келет.
Депутат 5-класстын окуучуларына Жибек Абдыраманованын «Кыялдар орундалат» аттуу китебин окуп берди. Чыгармада Адина аттуу кыздын баяны жазылган. Адинанын майыптыгы бар. Ал өз алдынча баса албайт. Дайыма коляска менен жүрөт. Бирок Адинанын кыялы бар. Ал бий конкурсуна катышкысы келет. Аңгемеде ал кыялына жетиш үчүн кандай кыйынчылыктарды жеңип чыккандыгы баяндалат. Табылды Муратбеков китептин мазмуну, кыялдануу боюнча балдар менен аңгемелешти. Балдар депутатка өздөрүнүн кыялдарын, максаттарын айтып беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова сөз сүйлөп, китеп окуу, кыялдануу, аракет кылуу балдар үчүн манилүү экендигине токтолду. Ал балдарды көбүрөөк китеп окууга чакырды.
Иш-чара окуучуларда жандуу кызыгууну пайда кылып, депутатка дагы суроолорун узатышты.
Белгилей кетсек, “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясы 13 жылдан бери Кыргызстандагы мектептерде өткөрүлүп, окуучуларды китеп окууга үндөп келет. Фонд мындан ары да балдардын китепке болгон кызыгуусун арттырууга багытталган иш-чараларды улантууну пландап жатат.

Сокулук районунун Шопоков шаарында үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана зомбулуктун алдын алуу боюнча тренингдер өткө...
16/03/2026

Сокулук районунун Шопоков шаарында үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана зомбулуктун алдын алуу боюнча тренингдер өткөрүлдү.

2026-жылдын январь–февраль айларында Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарында «Бактылуу үй-бүлө» долбоорунун алкагында зомбулуксуз татыктуу үй-бүлөлүк жашоо үчүн социалдык укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган беш тренинг ийгиликтүү өткөрүлдү.

Долбоорго Сокулук районунун райондук мамлекеттик администрациясынын (РМА) жана РУТСОМдун көмөгү менен тандалган 15 үй-бүлө катышты.

Долбоордун негизги максаты — тренингдерди өткөрүү, консультациялык колдоо көрсөтүү, жеке коштоо жана психологдун кызматтарын сунуштоо аркылуу Чүй облусунун Сокулук районундагы кеминде 15 үй-бүлөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээлин азайтууга жана алардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.

Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлөлүк баалуулуктарды түшүнүү, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу жана мүмкүнчүлүктөрү, гендердик теңчилик тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле катышуучулар үй-бүлөдөгү мамилелерди баалоо, аялдардын жана эркектердин ден соолугу боюнча билимдерин кеңейтүү жана өз ара натыйжалуу диалог жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында тренингдин катышуучуларына азык-түлүк топтомдору да берилди.

«Бактылуу үй-бүлө» долбоору аялдарга жана кыздарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатууга жана Сокулук районундагы үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган

Address

пр-т Чуй 106
Bishkek
720000

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00

Telephone

+996312660368

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when МОФ "Инициатива Розы Отунбаевой" posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to МОФ "Инициатива Розы Отунбаевой":

Share