28/01/2025
🇰🇬Айсулуу Тыныбекова 2024-жылдын Азиянын эң мыкты балбан кызы наамына ээ болду.
Азиянын Бириккен Күрөш дүйнөсү (UWW ASIA) Айсулуу Тыныбекованы 2024-жылдын эң мыкты балбан кызы деп тааныды.
2024-жылы Айсулуу Тыныбекова беш турнирге катышып, баардыгы ийгиликтүү болгон. Ошону менен бирге Париждеги Олимп оюндарында коло медалга ээ болду.
Бүгүнкү күндө Айсулуу Тыныбекова Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти.
Айсулуу Тыныбекова — Кыргызстандын эң даражалуу спортчулардын бири, алты жолку Азия Чемпиону, үч жолку Дүйнө Чемпиону, эки жолку Олимп оюндарынын призеру, Дүйнө Кубогунун ээси.
Кыргыз эли, Кыргызстандыктар, баарыбыз сыймыктанган Алтын кызыбыз - .aisuluu куттуктайбыз! Кыз-келиндер күрөшүн даңазалап, кыздарыбызга жол ачып берип, чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартууладыңыз! Алга Кыргызстан 🇰🇬