19/09/2022
Урматтуу Кыргыз элибиз,
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялар территориялык бүтүндүгүбүздү коргоо армиябыздын гана эмес, биз жарандардын да түздөн түз милдети экендигин көрсөттү. Ошондуктан, ар бир кыргыз жараны өзгөдөн жардам күтпөй, өлкөбүздүн тагдырын өз колубузга алып, чечкиндүү кадамдарды жасашыбыз керек. Биз жарандык коом жана бийлигибиз биргелешип, төмөнкү иш аракеттерди кылууга чакырабыз:
1. Жерибизди жана элибизди коргоону күчтөндүрүү үчүн:
1.1: Баткен жана Чоң Алайда аскердик базалардын санын көбөйтүү.
1.2: Чек арага жакын айылдарда ошол эле айыл тургундарынан коргоо кошуундарын түзүү. Бул тажрыйбаны Түркия көп жылдардан бери ишке ашырып келет. Мисалы, Вандык кыргыздардын айылын терорристтерден ошол эле айылдан чыккан коргоочулар коргойт. Коргоочулук – бул мамлекеттик кызмат катарына кирет.
1.3: Кыргыз армиясын күчтөндүрүү фондун түзүү. Фонддун негизги каржы булагы катары мамлекетибизге кен иштетүүдөн түшкөн кирешенин бир бөлүгүн жумшоо. Жарандарыбыз дагы өз ыктыяры менен бул фондго атайын банк эсеби аркылуу колдоо көрсөтөт. Бул практика Түркияда көп жылдан бери ийгиликтүү иштеп келет.
1.4: Аскердик өндүрүштү өнүктүрүү: ата-мекендик курал жарак, ок-дары, аскердик техника өндүрүүчү ишканалардын ачуу жана колдоо. Муну менен бирге эле, ЖОЖдорго алдыңкы аскердик технологияларды иштеп чыгуусун тапшырма берүү жана колдоо.
1.5: Орто жана жогорку окуу жайларында баштапкы аскердик даярдык (НВП) дисциплинасын иш жүзүндө жетиштүү деңгээлге чыгаруу.
2. Шейит үй бүлөлөрүнө жана согуш ардагерлерине жардам берүү үчүн:
2.1. Шейит үй бүлөлөрүн колдоо фондун куруу. Фонд алкагында шейит үй бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү, балдарын окутуу (мисалы, бюджеттик окутуу мекемелеринде квота бөлүү, атайын стипендия берүү, ж.б.).
2.2. Туруктуу жардам көргөзгөн физикалык жана юридикалык жактарга салыктык жеңилдиктерди берүү.
---
Кыргыз тарыхында кара барак болгон акыркы окуялар коомубузда өкүм сүргөн жалпы жоопкерсиздиктин натыйжасы экендигин ар бирибиз түшүнүп турабыз. Бул өкүнүчтүү окуядан сабак чыгарып, ар бирибиз бул катаны оңдоо парзыбыз.
Шейиттерибиздин жакындарына жана жоготууларга дуушар болгон жарандарыбызга, дээрлик Кыргыз элибизге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
«Эгемендик» Коомдук Бирикмеси жана «Евразия Бизнес Клубу» ишкерлер ассоциациясы