22/05/2026
2025-жылдын 27-апрелинде ОО «Агролид» уюму Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жаңы түзүлгөн «Жаргылчак Агро» кооперативинин мүчөлөрү менен маркетинг планы боюнча жолугушуу өткөрдү.
Бул кооператив келечекте кооперативдин фермерлери өстүргөн өрүк, алма жана алмуруттарды сактоо үчүн мөмө-жемиш муздаткыч кампасын иштетет. Жолугушууда маркетинг боюнча эксперт Бегимай Абдыжапарова фермерлерге мөмө-жемиштерди сатууну жакшыртуу боюнча маркетингдик планды сунуштады.
Учурда кооперативдин дээрлик бардык мүчөлөрү мөмө-жемиштерин салттуу ыкма менен — өз-өзүнчө жергиликтүү ортомчуларга сатып келишет. Маркетингдик план боюнча - кооператив катары биригип иштөө аркылуу алар эң сапаттуу мөмө-жемиштерин чогуу сатып, кирешелерин көбөйтө аларын көрсөтөт.
Долбоор CAMP Алатоо Коомдук бирикмеси менен чогу ишке ашырылууда!