Фонд Глобальных Перемен

Фонд Глобальных Перемен Биздин максат– аялуу топтордун жашоо сапатын жакшыртуу үчүн социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана өнүктүрүү

Нооруз майрамыңыздар менен! 🌿Ар бир үйгө береке, ынтымак жана жакшылык алып келсин.———————————————————С праздником Ноору...
21/03/2026

Нооруз майрамыңыздар менен! 🌿
Ар бир үйгө береке, ынтымак жана жакшылык алып келсин.
———————————————————
С праздником Нооруз! 🌿
Пусть в каждом доме будут достаток, единство и благополучие.

🎙️“Кыргыз жараны” концепциясынын жана “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун негизги баалуулуктарын кеңири жайылт...
20/01/2026

🎙️“Кыргыз жараны” концепциясынын жана “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун негизги баалуулуктарын кеңири жайылтуу максатында подкаст даярдалды. Подкастка “Кыргыз жараны” концепциясынын соавтору катышып, жарандык иденттүүлүк, улуттук баалуулуктар жана коомдук биримдик суроолор талкууланды.
🔗 Подкастты толугу менен көрүү үчүн шилтеме аркылуу өтүңүздөр:
https://youtu.be/W70zclkA_Ys?si=JVUgOFZmsoYjOD-3

Төмөнкү подкаст “Кыргыз жараны” концепциясынын жана “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун баалуулуктарын кеңири жайылтуу максатында даярдалды. Подка....

20/01/2026

🖇️ Көп этностуу коомдоштуктарда ынтымакты жана биримдикти күчөтүүгө багытталган долбоорубузду жыйынтыктап жатабыз. Бул долбоор Сокулук, Аламүдүн жана Өзгөн райондорунда Коомдук консультативдик кеңештердин мүчөлөрү, ЖӨБ өкүлдөрү жана жергиликтүү лидерлер үчүн билимдерин жана өз ара кызматташууну бекемдөөгө багытталган тренингдер өткөрүлдү.
🤝 «Кыргыз жараны» концепциясын жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» баалуулуктарын жайылтуу үчүн жаштарга багытталган интерактивдүү иш-чаралар уюштурулду.
🎙️ Жаштар арасында "Улуттук дем, дүйнөлүк бийиктик" уңгужол жана Кыргыз жараны концепциясынын баалуулуктарын кеңири жайылтуу максатында «Кыргыз жараны» концепциясынын соавтору катышкан подкаст даярдалып, маалыматты кеңири аудиторияга жеткирүүгө өбөлгө түздү. Долбоорго жалпысынан 380 ашык адам катышты.
Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун программасы жана БУУнун Тынчтык куруу Фондунун колдоосу менен КФ «Глобалдык Өзгөрүүлөр Фонду» тарабынан ишке ашырылды.

#ТынчтыкКуруу #Миростроительство #КоомдукБиримдик #СоциальнаяСплоченность

Кымбаттуу достор,✨Жаңы 2026-жыл менен! 2026-жыл ар бириңиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы максаттарды  жана шыктандыру...
31/12/2025

Кымбаттуу достор,
✨Жаңы 2026-жыл менен!
2026-жыл ар бириңиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы максаттарды жана шыктандырууну алып келсин. Үйүңүздөрдө тынчтык, жылуулук жана береке орноп, тилектер орундалсын, коомдун өнүгүүсү үчүн экономикалык багытыбыз алга жылсын!

Чын жүрөктөн жакшы тилектер менен,
КФ «Глобалдык Өзгөрүүлөр Фондунун» командасы
————————————————
Дорогие друзья,
✨С наступающим 2026 годом!
Этот год был наполнен совместной работой, важными шагами и значимыми результатами. Пусть 2026 год принесёт новые возможности, уверенность в завтрашнем дне и вдохновение для добрых дел. Пусть в ваших домах царят тепло, гармония и благополучие, а задуманное обязательно воплощается в жизнь, стремясь к позитивным изменениям и развитию общества.

С наилучшими пожеланиями,
команда ОФ «Фонд глобальных перемен»

31/12/2025

Подводя итоги уходящего года, мы с гордостью отмечаем, что стартаперы проекта “Социально-экономическое развитие уязвимых домохозяйств” успешно завершили 2025 год. Этот год был наполнен идеями, ростом, новыми вызовами и достижениями.
В новом году желаем каждому стартапу устойчивого развития, новых возможностей и больших успехов.
Пусть 2026 год станет годом процветания, вдохновения и реализации амбициозных планов! 🚀✨

#стартап #СоциалдыкЭкономикалыкӨнүгүү #СоциальноЭкономическоеРазвитие

Жылды жыйынтыктап жатып, биздин стартаперлерибиз 2025-жылды ийгиликтүү аяктаганын сыймыктануу менен белгилейбиз. Бул жыл...
31/12/2025

Жылды жыйынтыктап жатып, биздин стартаперлерибиз 2025-жылды ийгиликтүү аяктаганын сыймыктануу менен белгилейбиз. Бул жыл жаңы өсүүгө, тажрыйбага жана жетишкендиктерге бай болду.
Жаңы жылда ар бир стартапка туруктуу өнүгүүнү, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана чоң ийгиликтерди каалайбыз.
2026 жыл өнүгүүнүн, шыктануунун жана чоң максаттарды ишке ашкан жылдардан бири болсун! 🚀✨

#стартап #СоциалдыкЭкономикалыкӨнүгүү #СоциальноЭкономическоеРазвитие

✨Сокулук районунун Шопоков шаарында К. Карасаев атындагы №1 мектепте «Мекеним менден башталат» / «Родина начинается с ме...
10/12/2025

✨Сокулук районунун Шопоков шаарында К. Карасаев атындагы №1 мектепте «Мекеним менден башталат» / «Родина начинается с меня» аттуу интерактивдүү иш-чара өттү. Иш-чарага ар улуттун окуучулары, мугалимдер, ККК/ОКС жана ЖӨБ/ОМСУ өкүлдөрү катышты.

👩‍🏫Иш-чарада «Кыргыз жараны» Концепциясынын жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун негизги максаттары жана багыттары боюнча презентация сунушталды. Анын жүрүшүндө жаштар жарандуулук, мекенчилдик, өз ара урмат-сый жана социалдык жоопкерчилик менен таанышты.
Мектеп парламенти окуучуларды бириктирүү, лидерликти өнүктүрүү жана окуучулардын демилгелерин колдоо боюнча өз тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүштү. 10-класстын командалары синквейн тапшырмаларына, макал-лакап конкурсуна, чыгармачыл номерлерге катышып, өз аймактары жана экология темасында даярдалган видеороликтерди көрсөтүштү.

🌍Эл аралык «Зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» кампаниясынын алкагында видеоролик көрсөтүлүп, флешмоб өттү. Бул иш-чара адамдын коопсуздугу, теңчилиги жана ар бир адамдын укугун урматтоонун маанилүүлүгүн эске салды.

📲Катышуучулар үчүн Kahoot платформасында онлайн-викторина да уюштурулуп, иш-чаранын темасына байланыштуу суроолор кыргыз жана орус тилдеринде берилди.
Иш-чара интерактивдүү формат жаштарды жигердүү катышууга түрткү берерин, мекенчил сезимди, биримдикти жана мектептин, районунун жана коомдун турмушуна активдүү катышууга даярдыкты чыңдаарын дагы бир жолу далилдеди.

Төмөнкү иш-чара БУУӨПтүн жана БУУнун Тынчтык куруу Фонду колдогон «Чыр-чатактын алдын алуу жана тынчтык орнотуу үчүн улуттук потенциалды чыңдоо: ишеним жана социалдык биримдикти курууда жарандык коомдун маңыздуу катышуусу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

#ТынчтыкКуруу #Миростроительство #КоомдукБиримдик #СоциальнаяСплоченность

«Аярлуу үй-бүлөлөрдү социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү» долбоорунун стартаперлери үчүн өнөктөшүбүз  «“Курак” ...
08/12/2025

«Аярлуу үй-бүлөлөрдү социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү» долбоорунун стартаперлери үчүн өнөктөшүбүз «“Курак” Аялдар форуму» уюштурган иш-чарага катышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Биздин катышуучулар үчүн форум абдан пайдалуу болду:
-креативдүү ой жүгүртүү, бизнес-стратегия жана өнөктөштүк боюнча жаңы билимдерди ала алышты;
-мастер-класстар;
-спикерлерге суроо берүүгө жакшы жагдай түзүлдү;
-пайдалуу тажрыйбаларды алышты;
-кесиптик байланыштарды жана жеке ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө дем жана шыктандыруу алышты.

4-декабрында Кыргызстанда Дүйнөлүк аялдар ишкердигинин күнүнө карата Форум “Курак” Women's forum Kurak WED 2025 иш-чара өткөрдү. WEDдин максаты-креативдүү ой жүгүртүү жана жасалма интеллект аялдардын лидерлигин трансформациялап,алардын экономикалык ролун күчөтүп,үй-бүлөлөрдүн жана бизнестин туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн көрсөттү.
Форумдун спикерлери катары: Эгембердиев Жумадил («Шоро» ж/а «Кара-Булак» эко-ресортунун негиздөөчүсү), Айгүл Шамшилдаева, Азамат Аттокуров, Диана Даниярова, Александр Атаманов жана Дильбар Ашимбаева катышышты.

“Глобалдык Өзгөрүүлөр Фонду” стартаперлерибиз үчүн маанилүү иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк түзгөндүгү үчүн “Курак” Аялдар форумуна ыраазычылык билдирет.
-
Для наших стартаперов проекта «Социально-экономическое развитие уязвимых домохозяйств» была отличная возможность присоединиться к мероприятию, организованный партнерами ОО «Женский форум “Курак”», где участники получили ценный опыт и расширили знания.

Наши стартаперы отметили, что участие было полезным и познавательным:
-посещение мастер-классов;
-новые знания о креативном мышлении, бизнес-стратегиях и партнерстве;
-возможность задать вопросы спикерам;
-обмен опытом и полезные практики;
-развитие контактов;
-вдохновение и идеи для развития своего дела.

4 декабря 2025 года Женский форум “Курак” Всемирный день женского предпринимательства WED 2025 в Кыргызстане. Главная идея WED-показать, как креативное мышление и искусственный интеллект трансформируют женское лидерство,усиливают экономическую роль женщин и способствуют устойчивому развитию семей и бизнеса.

Фонд Глобальных Перемен выражает благодарность Женскому форуму “Курак” за возможность участия наших бенефициаров.

#стартап #СоциалдыкЭкономикалыкӨнүгүү #СоциальноЭкономическоеРазвитие

📌”Argo Shop” өткөн жылы FSDS жана ФГПнын колдоосу менен ишке кирген жана бир жыл ичинде туруктуу өнүгүүгө жетише алган т...
28/11/2025

📌”Argo Shop” өткөн жылы FSDS жана ФГПнын колдоосу менен ишке кирген жана бир жыл ичинде туруктуу өнүгүүгө жетише алган тигүү стартапы. Долбоор алкагында тигүү жабдуулары алынып, өндүрүштү жолго коюу үчүн керектүү билимдер өздөштүрүлгөн. Убакыт өткөн сайын иш ырааттуу болуп, продукциянын сапаты жакшырды жана сатуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылды.
🛍️ Тигилген буюмдар Wildberries маркетплейси аркылуу сатылып, стартап жаңы кардарларга чыгып, туруктуу суроо-талапка ээ болууда.
Учурда “Argo Shop” туруктуу киреше алып келген чакан ишканага айланып, төрт адам иш менен камсыз. Команданын бир мүчөсү закройщик багытын терең үйрөнүп, келечекте закройный цех ачып, өндүрүштү кеңейтүү максатын коюуда.
🚀 “Argo Shop” - тынымсыз аракет, кадам-кадам менен өсүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана билүүнүн мисалы. Бир жыл ичинде бул стартап өз ордун таап, алдыда дагы кеңейүү жана өнүгүү пландары менен ишин улантууда.

#стартап

Address

Bishkek

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Фонд Глобальных Перемен posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Фонд Глобальных Перемен:

Share