19/02/2026
Европа Биримдиги каржылаган EMPATY долбоору
Кыргыз Республикасында жарандык коомду жана жаштардын катышуусун
күчөтүү максатында ишке кирди
Бишкек, Кыргыз Республикасы | 18 Февраль, 2026 жыл
Австриянын эл аралык бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюму Hilfswerk International улуттук
өнөктөштөрү — Public Fund Open Line, Кыргызстандын Айылдык Кеңеш берүү кызматтарынын форуму
(KGFRAS) жана Кыргызстандагы Мөмө-жемиш жана жашылча ишканаларынын ассоциациясы (AFVE)
менен биргеликте Европа Биримдиги каржылаган «Кыргыз Республикасында активдүү жана өнүккөн
жарандык коомду жана жаш муунду калыптандыруу үчүн ыйгарым укуктуу Жарандык коом уюмдары
(ЖКУ) жана көп тараптуу өнөктөштүктөр (EMPATY)» долбоорун расмий түрдө ишке киргизди.
Ачылыш иш-чарасында Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Элчиси Реми Дюфло
мындай деди: «Европа Биримдиги бул долбоорду толук колдойт. Биз анын жергиликтүү жамааттарга
пайда алып келүүчү чоң мүмкүнчүлүгүн тааныйбыз. Европалык жана улуттук жарандык коом
уюмдарынын ортосундагы өнөктөштүк жарандарга жана жамааттарга жогорку сапаттагы кызматтарды
көрсөтүүдө абдан натыйжалуу болушу мүмкүн. Ошондуктан Европа Биримдиги коомдорубуздагы эң
муктаж жана аялуу топтордун муктаждыктарын чечүү үчүн жарандык коомду мындан ары да колдоону
улантат».
Долбоордун ачылышына арналган эки күндүк жолугушуу Бишкек шаарында өтүп, ага жарандык коом
уюмдарынын, мамлекеттик мекемелердин, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү жана өнүктүрүү боюнча
өнөктөштөр катышты. Жолугушуунун негизги максаты — катышуучулардын ортосунда
координацияланган аракеттерди баштоо, жарандардын башкарууга катышуусун күчөтүү жана жаштар
жетектеген коомдук демилгелерди колдоо болду. Иш-чаранын жүрүшүндө долбоордун жалпы
максаттары, негизги иш-чаралары жана күтүлгөн жыйынтыктары тааныштырылды. Ошондой эле ар бир
өнөктөш уюмдун долбоорду ишке ашыруудагы ролу, жоопкерчилиги жана өз ара кызматташуу
механизмдери такталды.
Катышуучулар Hilfswerk International уюмунун адистери жетектеген пландоо сессияларына катышып,
долбоордун бардык беш багыты боюнча иштөө механизмдерин, көрсөткүчтөрдү жана натыйжаларды
өлчөө ыкмаларын талкуулашты. Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу процесси, ички мониторинг
жүргүзүү жана баалоо маселелери каралып, долбоордун ачык-айкын, натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү
аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду.
EMPATY долбоорунун негизги максаты — жарандык коом уюмдарынын туруктуулугун, кесипкөйлүгүн
жана коомдогу таасирин жогорулатуу, ошондой эле жаштарды Кыргыз Республикасынын социалдык
жана экономикалык өнүгүүсүнө активдүү катышууга шыктандыруу. Бул багытта көп тараптуу
кызматташтык инклюзивдүү жана туруктуу өзгөрүүлөргө жетишүүнүн негизги кыймылдаткычы катары
каралат.
Иш-чара EMPATY консорциуму тарабынан уюштурулуп, ага Hilfswerk International жетекчилик
кылды. Долбоор Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында жарандык коом демилгелерин колдоо»
программасынын алкагында жана Австриянын Өнүктүрүү Агенттиги (ADA) тарабынан биргелешип
каржыланууда.
ПРЕСС-РЕЛИЗ
Долбоорду ишке ашыруу
Долбоор Hilfswerk International уюму тарабынан Public Fund Open Line, KGFRAS жана AFVE
уюмдары менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылат.
Кошумча маалымат алуу же долбоорго катышуу үчүн төмөнкү электрондук дарекке кайрылсаңыздар
болот: [email protected]