Общественный фонд "Наш голос"

Общественный фонд "Наш голос" Общественный фонд "Наш голос"

Общественный фонд «Наш голос» — некоммерческая неправительственная организация, созданная в Кыргызской Республике. Его цель — содействие успешной социальной адаптации и интеграции в общество выпускников детских учреждений Кыргызстана, а также молодых людей, оказавшихся в трудной жизненной ситуации.
Основные виды деятельности: 1. Повышение социально-правовой деятельности. 2. Продвижение прав и инте

ресов выпускников детских домов и молодых людей оказавшихся в трудной жизненной ситуации. 3. Оказание поддержки выпускникам детских домов и молодежи оказавшейся в трудной жизненной ситуации.

✨ Балдардын тарбиясы — коопсуз жана зомбулуксуз коомдун башатыНоокен районунун Д.Садырбаев айыл өкмөтүнө караштууАрал ай...
10/05/2026

✨ Балдардын тарбиясы — коопсуз жана зомбулуксуз коомдун башаты

Ноокен районунун Д.Садырбаев айыл өкмөтүнө караштуу
Арал айылдык маданият үйүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө максатында бала бакчалар арасында чыгармачылык сынак өткөрүлдү 🤝

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин
«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгынын алкагында уюштурулду.

Кичинекей катышуучулар ыр-бий, сахналаштырылган көрүнүштөр жана чыгармачылык номерлер аркылуу
биримдик, сый-урмат, мээрим жана жакшы тарбия темаларын чагылдырышты ✨

Иш-чарага 100дөн ашык жаран катышып,
балдардын тарбиясы, үй-бүлөдөгү ынтымак жана
коомдогу жоопкерчилик тууралуу ачык маек жүрдү 💬

Сынактын жеңүүчүлөрүнө айыл өкмөтү тарабынан
кызыктыруучу белектер тапшырылды 🎁

Мындай иш-чаралар — коомдо зомбулуктун алдын алуу иштери балалык тарбиядан башталарын дагы бир жолу эске салат.
Анткени коопсуз, колдоочу жана түшүнүктүү чөйрө —
жаркын келечектин негизи 🤍

✨ Эркектердин жоопкерчилиги жана үй-бүлөнүн бекемдиги тууралуу ачык диалог1-май күнү Баткен облусунун Лейлек районуна ка...
05/05/2026

✨ Эркектердин жоопкерчилиги жана үй-бүлөнүн бекемдиги тууралуу ачык диалог

1-май күнү Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Андарак айылында эркектер жана өспүрүмдөр үчүн семинар өткөрүлдү 🤝

Иш-чара “Эркектин эрктүүлүгүн жогорулатуу” жана
“Жамаат ичиндеги маектер” долбоорлорунун алкагында уюштурулду.

Жолугушууда катышуучулар менен бирге маанилүү темалар талкууланды:
— эркектин жоопкерчилиги жана үй-бүлөнүн бекемдиги
— санариптик көз карандылык: смартфон жана интернеттин таасири
— үй-бүлөлүк баалуулуктар жана келиндердин укуктары
— кыздардын билим алуусунун мааниси

Бул жөн гана лекция эмес,
ар ким өз оюн бөлүшүп, угуп, ой жүгүрткөн ачык диалог болду 💬

Мындай жолугушуулар —
коомдо түшүнүүнү күчөтүп,
жоопкерчиликтүү жана колдоочу мамилени калыптандырууга өбөлгө түзөт

Ибрайимова Анаркан — Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан. Ден соолукту чыңдоо адиси. Күн сайын адамдар менен иштейт. К...
02/05/2026

Ибрайимова Анаркан — Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан. Ден соолукту чыңдоо адиси. Күн сайын адамдар менен иштейт. Күн сайын тагдырларды көрөт.

Ал «Биздин добуш» тууралуу укканда, жөн гана бир максат менен келген:
аялдарга жардам берүү.

Бирок бир нерсени бат түшүнгөн —
бул тема терең. Бир семинар менен өзгөрүү болбойт.

Өзгөрүү — адамдын ичинен башталат.

Семинарларда аялдар биринчи жолу ичиндеги сөздөрүн чыгарып, ыйлап, жеңилдеп чыгышкан учурлар көп болду.
Ошондо Анаркан бир нерсени түшүндү:
адамдарга жөн гана маалымат эмес,
угуу жана түшүнүү керек.

Бир окуя анын эсинде өзгөчө калды.

Сабакка катышкан аял кийин келип:

«Үйдө уруш азайды… өзүм өзгөргөндөн кийин баары өзгөрдү», — деп айткан.

Ошол сөз — чоң жоопкерчилик да, чоң үмүт да болду.

Бүгүн Анаркан командасы менен айылдарды кыдырып, адамдар менен ачык сүйлөшүп, бир нерсени жеткирүүгө аракет кылууда:

унчукпай калбоо керек.

«Азыр бизди эл өзү чакырат», — дейт ал.

Анын ишеними жөнөкөй:
үй-бүлөдө тынчтык болсо — коомдо да тынчтык болот.

«Менин үнүм маанилүү — анткени бир сүйлөшүү бир үй-бүлөнүн жашоосун өзгөртө алат»

#БиздинДобуш #НашГолос15лет #СоциалдыкЫнтымак #ЖарандыкКоом #ЗордукЗомбулуккаЖок

«Мурда башкача ойлочумун… Азыр түшүндүм»Фахридинов Зухриддин — Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылынан. Муг...
27/04/2026

«Мурда башкача ойлочумун… Азыр түшүндүм»

Фахридинов Зухриддин — Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылынан. Мугалим, үч баланын атасы жана жамааттагы өзгөрүүлөргө кайдыгер карабаган активист.

Анын жолу 9 жыл мурун «Биздин добуш» менен башталган. Башында жөн гана катышуучу болсо, бүгүн — жамаатта өзгөрүүлөргө түрткү берип жаткан адамдардын бири.

Башында оңой болгон эмес. Эл менен иштөө, түшүндүрүү — мунун баары убакытты талап кылат. Бирок акырындык менен ишеним пайда болду.

Бүгүн анын ишинин жыйынтыгы көрүнүп турат. Айрым үй-бүлөлөр кыздарын эрте турмушка бербей, билимге көңүл бура башташты.

«Кыздарыбызды окуталы деген ойлор көбөйдү», — дейт ал.

Ал үчүн эң маанилүүсү — адамдар. Айрыкча, колдоого муктаж аялдар, жаш кыздар жана балдар.

Ал бул багытты жөнөкөй түшүндүрөт:
аял-эркек дебей, ар кимге мүмкүнчүлүк берүү, бири-бирин түшүнүү жана колдоо.

«Күчтүү коом — бул ар бир адамдын үнү угулган жамаат»

✨ Тарбия, диалог жана коопсуз коом тууралуу ачык сүйлөшүүАксы районунун Кербен шаарындагы Маданият үйүндөзордук-зомбулук...
23/04/2026

✨ Тарбия, диалог жана коопсуз коом тууралуу ачык сүйлөшүү

Аксы районунун Кербен шаарындагы Маданият үйүндө
зордук-зомбулуктун алдын алуу темасында маанилүү форум өттү 🤝

Иш-чара ар түрдүү өкүлдөрдү бириктирди:
жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары, социалдык кызматтар, дин өкүлдөрү, мугалимдер, ата-энелер жана жаштар.

Жолугушууда коомдогу тарбиянын ролу, үй-бүлөдөгү ынтымак жана зордук-зомбулуктун алдын алуу ар бир адамга тиешелүү экендиги баса белгиленди.

Катышуучулар үчүн тематикалык тасма көрсөтүлүп 🎬,
андан соң ачык талкуу өттү — ар ким өз оюн айтып, суроолоруна жооп алды 💬

Долбоордун тренери, гендердик лидер А.Наркулова
зордук-зомбулуктун себептери, кесепеттери жана алдын алуу жолдору тууралуу түшүнүктүү жана маанилүү маалымат берди.

Ал эми 4 мектептин окуучулары сахналаштырган көрүнүштөр көптөрдү ойлондурбай койгон жок 🎭
Жандуу мисалдар аркылуу бул тема ар бир катышуучуга жетти.

Бул форум — жөн гана иш-чара эмес,
бул коомдо кайдыгер болбоо, угуу жана түшүнүү маданиятын бекемдөөгө болгон аракет.

Иш-чарага активдүү катышкандар сыйлыктар жана белектер менен сыйланышты 🎁

Мындай жолугушуулар — гендердик лидерлердин жана жергиликтүү активисттердин аракети менен
коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүүгө багытталган ✨

18/04/2026

18-апрелде Ноокен районуна караштуу Д.Садырбаев айыл аймагында зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында маанилүү иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара айыл өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулуп,
коомчулукту кайдыгер болбоого жана өз үнүн айтууга чакырды.

Анын алкагында Кызыл-Туу айылына бурулган жерден
№25 Кызыл-Туу мектебине чейин жөө жүрүш уюштурулуп,
катышуучулар биримдикти жана колдоону символдоштурган кадам жасашты 🤝

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө спорттук мелдештер өтүп,
активдүү катышуучулар кызыктыруучу белектер менен сыйланышты 🎁

Мындай демилгелер — коомдо диалогду күчөтүп,
зомбулукка каршы биргелешкен позицияны бекемдөөгө багытталган.

16/04/2026

«Калктын аярлуу топторуна өзгөчө кырдаалдарда колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында тренер Эсеналиев Байыштын жетекчилиги алдында «Жаш куткаруучу» тобу менен биргеликте өз мектептеринде практикалык иштер жүргүзүлдү.

Кызыл-Коргон орто мектебинде өрт коопсуздугу боюнча тактикалык машыгуу өткөрүлдү 🔥

Иш-чарага Кадамжай району боюнча ӨКБнын жана Кыргыз-Кыштак айылындагы №107 ӨККБнын кызматкерлери, ошондой эле мектеп жамааты катышты. Машыгууда өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттер, окуучуларды эвакуациялоо жана өрттү өчүрүү ыкмалары практикалык түрдө көрсөтүлдү.

#НашГолос
#ПоддержкаВЧС
#ОтрядБыстрогоРеагирования
#МЧСКР

✨ Зордук-зомбулуксуз коом — ар бирибиздин тандообузАксы районунун Үч-Коргон айылында зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ...
15/04/2026

✨ Зордук-зомбулуксуз коом — ар бирибиздин тандообуз

Аксы районунун Үч-Коргон айылында зордук-зомбулуктун алдын алуу жана коопсуз коомду түзүү максатында маанилүү коомдук иш-чара өттү 🤝

Иш-чара “Биздин добуш” долбоорунун гендердик лидери, билим берүү тармагынын адиси М.Токтогулова тарабынан уюштурулуп, анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, прокуратура, ички иштер бөлүмү, социалдык кызматтар жана дин өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда адеп-ахлак, сабырдуулук, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана коомдогу жоопкерчилик тууралуу маанилүү ойлор айтылды 🕌

Ошондой эле долбоордун тренери, дарыгер А.Наркулова
зордук-зомбулуктун себептери, кесепеттери жана анын алдын алуу жолдору,анын ичинде өспүрүмдөр арасында эрте никенин алдын алуу боюнча түшүндүрмө берди 👩‍⚕️

Катышуучулар үчүн тематикалык видео көрсөтүлүп 🎬,
талкуу жана суроо-жооп бөлүгү активдүү өттү 💬

Иш-чарага 260тан ашык адам катышып,
мугалимдер, медицина кызматкерлери, ата-энелер жана окуучулар коомдогу коопсуздук жана тарбия маселелери боюнча маанилүү маалымат алышты.

Мындай жолугушуулар — гендердик лидерлердин жана активисттердин аракеттери аркылуу
коомдо диалогду күчөтүп, коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүүгө өбөлгө түзөт 🌿

🎭 «Кошунаңдын үйүндөгү ызы-чууга кайдыгер караба»Алтын-Бешик айыл өкмөтүнө караштуу Газ орто мектебинде зордук-зомбулукт...
14/04/2026

🎭 «Кошунаңдын үйүндөгү ызы-чууга кайдыгер караба»

Алтын-Бешик айыл өкмөтүнө караштуу Газ орто мектебинде зордук-зомбулуктун алдын алуу жана үй-бүлө баалуулуктарын бекемдөө максатында маанилүү иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара айыл өкмөтү жана мектеп мугалимдери тарабынан уюштурулуп, жергиликтүү тургундар да активдүү катышты.

Газ айылынын тургундары «Зомбулуксуз келечек» аттуу
кыска метраждуу сахналык көрүнүштөрдү тартуулап,
ыр-бий, спорттук мелдештер аркылуу өз ойлорун жеткиришти.

Бул иш-чара — жөн гана программа эмес,
коомчулукта кайдыгер болбоо, биринин үнүн бири угуу жана колдоо көрсөтүү тууралуу маанилүү билдирүү болду.

Активдүү катышуучуларга айыл өкмөтү тарабынан белектер тапшырылды 🎁

Мындай демилгелер гендердик лидерлердин жана активисттердин катышуусунда
коомдо коопсуз, колдоочу чөйрөнү түзүүгө багытталган 🤝

Address

АЮ GRAND Улица Чолпон-Атинская/Горького. 4 этаж Каб. Е401
Bishkek
720022

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00

Telephone

996779545753

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Общественный фонд "Наш голос" posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Общественный фонд "Наш голос":

Share