Совет по развитию бизнеса и предпринимательства при Торага ЖК КР

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Совет по развитию бизнеса и предпринимательства при Торага ЖК КР

Совет по развитию бизнеса и предпринимательства при Торага ЖК КР Платформа, обеспечивающая Жогорку Кенеш качественным?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезект...
04/04/2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.

Жыйында ишкердик чөйрөдөгү негизги көйгөйлөр ачык талкууланып, аларды чечүү жолдору жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар каралды. Кеңеш эми ишкерлердин үнү угулган, тоскоолдуктар биргелешип чечилген жандуу аянтча катары кайра ишин баштады.

Президент Садыр Жапаров тарабынан бизнеске колдоо күчөтүлүп, текшерүүлөрдү убактылуу токтотуу боюнча жарлык кабыл алынганы белгиленди. Бул кадам ишкерлер үчүн жеңилдик түзүүгө багытталган.

Ошол эле учурда көйгөйлөр да аз эмес:
• Ишкерлердин жарымына жакыны салыктар жана отчеттуулук эң чоң тоскоолдук экенин айтууда
• Көпчүлүгү текшерүүлөрдөн жана административдик басымдан жабыркап жатат
• Ишкерлердин болгону 17% гана өзүн корголгон сезет

Кеңештин алкагында төмөнкү маанилүү сунуштар көтөрүлдү:
— ишкерлердин укуктарын коргоону күчөтүү
— мыйзамсыз текшерүүлөрдү азайтуу
— атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн тең шарт түзүү
— утилдештирүү жыйымы жана башка төлөмдөр боюнча көйгөйлөрдү чечүү
— мамлекеттик органдардын ашыкча кийлигишүүсүн чектөө

Мындан тышкары, Жогорку Кеңеште ай сайын “Ишкердик саатын” өткөрүү сунушталып, ишкерлердин көйгөйлөрүн түз талкуулоо демилгеси көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткычы болуп саналат. Алар жумуш орундарынын 84%ын камсыздап, бюджетке түшкөн каражаттын негизги бөлүгүн түзөт.

Максатыбыз — ишкерлер үчүн адилеттүү, ачык жана туруктуу шарт түзүү. Бул багыттагы иштер улантылат.

Address

Проспект Чуй 205
Bishkek
720020

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996312638903

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Совет по развитию бизнеса и предпринимательства при Торага ЖК КР posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Совет по развитию бизнеса и предпринимательства при Торага ЖК КР:

Share