23/05/2026
2026-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө, Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, ошондой эле Европада жашаган кыргызстандык мекендештер менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган Эл аралык аялдар бизнес-форуму болуп өттү.
Форумга Кыргызстандан, Германиядан, Польшадан, Швейцариядан, Даниядан, Норвегиядан, Улуу Британиядан жана Чехиядан келген бизнес өкүлдөрү, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана диаспоралык уюмдар катышты.
📌 Форумдун алкагында эксперттик баяндама менен Улуттук медиация борборунун директору жана IBMH медиация борборунун медиатору Кожоярова Гулсина Жолдошбековна катышты.
Өз сөзүндө Гулсина Жолдошбековна төмөнкү маселелерге токтолду:
— Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин өнүктүрүү,
— аялдардын бизнес жүргүзүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү,
— эл аралык кызматташтык,
— кесиптик байланыштарды чыңдоо,
— аял лидерлерди колдоо,
— бизнести өнүктүрүүнүн заманбап инструменттери,
— жасалма интеллекттин бизнестин туруктуу өнүгүүсүндөгү ролу.
Форум Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосунда диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана эл аралык ишкер байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду.