UNDP in the Kyrgyz Republic

UNDP in the Kyrgyz Republic Официальная страница ПРООН в Кыргызской Республике // БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы расмий баракчасы // Official page of UNDP in the Kyrgyz Republic

Official page of the United Nations Development Programme in the Kyrgyz Republic.

Официальная страница Программы развития ООН в Кыргызской Республике.

🌍Бишкекте Монреаль протоколу боюнча аймактык жыйын өтүүдөЕвропа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Монреаль протоколунун ый...
12/05/2026

🌍Бишкекте Монреаль протоколу боюнча аймактык жыйын өтүүдө

Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Монреаль протоколунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана муздатуу жабдуулары, аба кондиционерлөө жана жылуулук насостору боюнча ассоциациялардын катышуусунда жыйын өтүүдө. Үч күндүк иш-чара 12–14-майында Бишкекте Монреаль протоколун ишке ашыруу боюнча Көп тараптуу фонддун колдоосу менен ЮНЕП OzonAction жумушчу программасынын алкагында өтүүдө.

Жыйынга аймактык өлкөлөрдөн болжол менен 45 катышуучу чогулду. Ачылыш КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин министрдин орун басары Раимкулова Асель Кадыржановнанын катышуусу менен өттү.

«Биздин милдет — өлкөлөргө глобалдык милдеттенмелерди улуттук прогресске айландырууга жардам берүү. Биз өкмөттөр жана өнөктөштөр менен биргеликте климаттык иш-аракеттерди экономикалык өсүш, инновациялар, жумуш орундарын түзүү, институттарды бекемдөө жана калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу менен байланыштырып иштейбиз», — деди БУУӨП КРдагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман.

Күн тартибине муздатуу жана аба кондиционерлөө секторундагы коопсуздук стандарттары, техниктерди окутуу жана сертификациялоо системалары, Кигали өзгөртүүсүн ишке ашыруу, хладагенттердин жашоо циклин башкаруу жана фторлуу газдарды жөнгө салуудагы ЕС тажрыйбасы камтылды.

Кыргызстан өзүнүн практикалык тажрыйбасын тааныштырды — улуттук коопсуздук стандарттары, Кыргызстандарт менен биргеликте муздатуу жабдуулары боюнча туруктуу мамлекеттик сатып алуу ыкмалары жана муздатуу секторунун адистерин даярдоо программалары.

БУУӨП Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин озон катмарын коргоо жана климатка коопсуз хладагенттерге өтүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарууда колдоп келет — бул өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук артыкчылыктарына дал келет.

🔷🔷🔷

🌍 Бишкек принял региональное совещание по Монреальскому протоколу

Кыргызская Республика стала площадкой для регионального совещания уполномоченных Монреальского протокола и представителей ассоциаций по холодильному оборудованию, кондиционированию воздуха и тепловым насосам для стран Европы и Центральной Азии. Трёхдневное мероприятие проходит в Бишкеке 12–14 мая 2026 года при поддержке Многостороннего фонда для выполнения Монреальского протокола в рамках рабочей программы ЮНЕП OzonAction.

Совещание объединило около 45 участников из стран региона. Открытие прошло при участии заместителя министра природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики Раимкуловой Асель Кадыржановны.

«Наша роль — помогать странам превращать глобальные обязательства в национальный прогресс. Мы работаем совместно с правительствами и партнёрами, связывая климатические действия с экономическим ростом, инновациями, созданием рабочих мест, укреплением институтов и улучшением услуг для людей.», — отметил Патрик Хаверман, Заместитель Постоянного представителя ПРООН в Кыргызской Республике.

В повестку вошли стандарты безопасности в секторе холодильного оборудования и кондиционирования воздуха, системы обучения и сертификации техников, реализация Кигалийской поправки, управление жизненным циклом хладагентов и опыт ЕС в регулировании фторсодержащих газов.

Кыргызстан представил собственные практики — национальные стандарты безопасности, подходы к устойчивым государственным закупкам совместно с Кыргызстандартом и программы подготовки специалистов холодильного сектора.

ПРООН поддерживает Министерство природных ресурсов, экологии и технического надзора в выполнении международных обязательств по защите озонового слоя и переходу на климатически безопасные хладагенты — в соответствии с национальными приоритетами устойчивого развития.

Министерство природных ресурсов, экологии и технического надзора КР
UN Environment Programme

Таштандылар короодон чыккандан кийин кайда кетет? Климат үчүн бул суроо абдан маанилүү. Анткени калдыктар, полигон жана ...
11/05/2026

Таштандылар короодон чыккандан кийин кайда кетет? Климат үчүн бул суроо абдан маанилүү. Анткени калдыктар, полигон жана саркынды суулар, парник газдарынын булагы болуп саналат. Ал эми так маалыматтар өлкөгө шаарларды тазараак кылууну, калдыктарды башкаруунун заманбап системаларын өнүктүрүүнү жана экологиялык инфраструктурага инвестиция тартууну пландоого жардам берет.

11–15-май күндөрү Бишкекте Кыргызстандын климаттык отчеттуулук системасын чыңдоого арналган практикалык семинарлар өтүүдө. Алгач калдыктар сектору, андан соң өнөр жай процесстери жана продукцияларды пайдалануу маселелери талкууланат. Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан CBIT-GSP программасы жана БУУӨПтүн колдоосу менен уюштурулууда.

“Биз үчүн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын талаптарын өз убагында аткаруу гана эмес, натыйжалуу климаттык саясатты иштеп чыгууга негиз боло турган ишенимдүү, ачык жана илимий негизделген маалымат системасын түзүү да маанилүү“, — деп белгиледи ЖРЭТКМ, Экологиялык жана климаттык саясат башкы башкармалыгынын начальниги Айзада Бариева.

“БУУӨП Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүүнү ырааттуу колдоп келет. Биз үчүн климаттык отчеттуулук, калдыктарды башкаруу жана жашыл экономика өзүнчө эмес, бири-бири менен байланышкан багыттар катары каралышы маанилүү. Бул — туруктуу өсүш, тазараак шаарлар жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөр үчүн негиз“, — деп белгиледи БУУӨПтүн КРдагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

Толугураак:

https://www.undp.org/ky/kyrgyzstan/press-releases/kyrgyzstan-strengthens-national-climate-reporting-system-waste-and-industrial-emissions

***

Что происходит с отходами после того, как они исчезают из нашего двора? Для климата этот вопрос имеет большое значение. Отходы, полигоны и сточные воды являются источниками выбросов парниковых газов, а надежные данные помогают стране планировать более чистые города, современные системы управления отходами и привлекать инвестиции в экологическую инфраструктуру.

С 11 по 15 мая в Бишкеке проходит серия практических семинаров по укреплению национальной климатической отчетности Кыргызстана: сначала по сектору отходов, затем по промышленным процессам и использованию продукции. Мероприятия организованы Министерством природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики совместно с CBIT-GSP при поддержке ПРООН.

«Для нас важно не только своевременно выполнять требования Рамочной конвенции ООН об изменении климата, но и формировать достоверную, прозрачную и научно обоснованную базу данных, которая позволит вырабатывать эффективную климатическую политику», — подчеркнула Бариева Айзада Жантаевна, Начальник Главного управления экологической и климатической политики, МПРЭТН КР.

«ПРООН последовательно поддерживает Кыргызскую Республику в продвижении зеленой экономики, включая содействие в разработке национальной программы по зеленой экономике. Для нас важно, чтобы климатическая отчетность, управление отходами и зеленая экономика рассматривались не как отдельные направления, а как элементы единой повестки — повестки устойчивого роста, более чистых городов и новых экономических возможностей., — отметила Александра Соловьева, Постоянный представитель ПРООН в КР.

Более подробно:

https://www.undp.org/ru/kyrgyzstan/press-releases/kyrgyzstan-strengthens-national-climate-reporting-system-waste-and-industrial-emissions

БУУӨП Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу жана сапатты башкаруу боюнча эл аралык ISO стандарттарына окутууну колдоп жата...
11/05/2026

БУУӨП Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу жана сапатты башкаруу боюнча эл аралык ISO стандарттарына окутууну колдоп жатат

БУУӨП Финляндия Өкмөтү каржылаган «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун алкагында ISO 22000:2018, ISO 22002:2025, ISO 9001:2015 жана ISO 19011:2018 эл аралык ISO стандарттары боюнча 10 күндүк окутууну колдоп жатат. Окутуу 2026-жылдын 11–22-майында Бишкектеги Сыноо, сертификациялоо жана метрология борборунда өтүүдө.

Окутуу программасы ISO 22000/22002 жана ISO 9001/19011 стандарттарына багытталган — булар азык-түлүк коопсуздугун башкаруу системаларын, сапатты башкаруу практикаларын жана аудит процесстерин бекемдөөдө колдонулган негизги эл аралык стандарттардын бири болуп саналат. Программа катышуучуларды күнүмдүк кесиптик иштеринде колдоно алган практикалык билим жана куралдар менен камсыз кылууга багытталган.

Программага Бишкектеги Сыноо, сертификациялоо жана метрология борборунун, Кыргызстандарттын, ошондой эле баалоо жана стандартташтыруу маселелери боюнча тиешелүү бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышууда.

Азык-түлүк коопсуздугу, сапатты башкаруу жана аудит системалары чөйрөсүндө иштеген адистердин кесиптик потенциалын бекемдөө Кыргызстандын сапат инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүгө жана жергиликтүү ишканалардын эл аралык талаптарды натыйжалуураак аткарышына өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

Толугураак: https://www.undp.org/ky/kyrgyzstan/news/undp-supports-training-international-iso-standards-food-safety-and-quality-management-kyrgyzstan

🔷🔷🔷

ПРООН поддерживает проведение тренинга по международным стандартам ISO в области безопасности пищевой продукции и менеджмента качества в Кыргызстане

ПРООН в рамках проекта «Содействие торговле», финансируемого Правительством Финляндии, поддерживает проведение 10-дневного тренинга по международным стандартам ISO. Тренинги проходят с 11 по 22 мая 2026 года в Бишкекском центре испытаний, сертификации и метрологии.

Программа тренинга будет сфокусирована на стандартах ISO 22000/22002 и ISO 9001/19011, которые относятся к числу ключевых международных стандартов, применяемых для укрепления систем менеджмента безопасности пищевой продукции, практик менеджмента качества и процессов аудита. Программа направлена на предоставление участникам практических знаний и инструментов, которые могут быть применены в их повседневной профессиональной деятельности.

В программе принимают участие представители Бишкекского центра испытаний, сертификации и метрологии, Кыргызстандарта, а также профильных подразделений, задействованных в вопросах оценки соответствия и стандартизации.

Ожидается, что укрепление профессионального потенциала специалистов, работающих в области безопасности пищевой продукции, менеджмента качества и систем аудита, будет способствовать дальнейшему развитию инфраструктуры качества в Кыргызстане и поддержит местные предприятия в более эффективном соблюдении международных требований

Более подробно: https://www.undp.org/ru/kyrgyzstan/news/undp-supports-training-international-iso-standards-food-safety-and-quality-management-kyrgyzstan.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдиги менен өнөктөштүгү 🇰🇬🇪🇺🇺🇳Улуттук коопсуздук жана социалдык коргоо жаат...
07/05/2026

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдиги менен өнөктөштүгү 🇰🇬🇪🇺🇺🇳

Улуттук коопсуздук жана социалдык коргоо жаатындагы негизги улуттук мыйзамдарды колдоодон тартып, өлкөнүн бардык 23 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын камтыган башкаруу пландарына чейин - Кыргыз Республикасындагы ЕБ жана БУУӨПтүн улуттук өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырган долбоорлор реалдуу натыйжаларды берүүдө.

⚖️Башкы прокуратура, сот органдары жана тиешелүү министрликтер менен биргеликте ЕБ-БУУ Spotlight демилгеси Кылмыш-жаза кодексине жана алимент мыйзамдарына маанилүү өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышын колдоду, ошондой эле 300дөн ашык судья, прокурор жана социалдык кызматкерди окутту - Гендердик теңдик боюнча Улуттук стратегияга жана Иш-аракеттер планына (2023–2026) ылайык юридикалык билим берүү системасында гендердик теңдикти бекемдеди.

🎓Билим берүү министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылган программанын алкагында афган аялдарды колдоо боюнча: 25 аял Кыргызстандагы Борбордук Азия университетинде жогорку билим алуу үчүн колдоо алып, 21 аял IT жана коммуникация тармагы боюнча кесиптик-техникалык билим берүү (TVET) программасын аяктап, 4 студент коммуникация, медиа жана информатика боюнча бакалавриат программаларына кабыл алынды.

🛡️Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Ички иштер министрлиги менен өнөктөштүктө STRIVE Asia демилгеси эки улуттук мыйзамдын кабыл алынышын колдоду — Терроризмге каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзам (2022) жана Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндөгү мыйзам (2023) — ошондой эле жаштарды, аялдарды жана диний лидерлерди камтыган 130 мүчөдөн турган тогуз коомдук кеңешмелик кеңешти түзүүгө жардам берди; алар 18 жергиликтүү тынчтыкты орнотуу демилгесин ишке ашырып, 63 жумуш орду түздү, анын 65 % аялдар тарабынан ээленди.

🌍Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргызгидромет менен биргеликте төрт автоматташтырылган эрте эскертүү системасы иштетилип кирди. Климаттык туруктуулук болсо Улуттук адаптациялоону пландаштыруу, Кыргыз Республикасынын аймактык өнүгүү концепциясына (2023–2027), Ош облусун өнүктүрүү программасына (2023–2026) жана 2030-жылга чейин өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоо Концепциясына камтылды.

💻Европа Биримдигинин жана башка донорлордун БУУнун ТӨМ Биргелешкен фонду аркылуу берген колдоосу менен, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө жана ДСУ, ЮНФПА, ЮНИСЕФ менен биргеликте БУУӨП “Саламаттык сактоодогу санариптик ажырымды жоюу” биргелешкен программасын ишке ашырылууда - алыскы жерлерде телемедицинаны кеңейтүүгө жана өлкө боюнча 700 000ден ашык балага, 120 000 майыптуу адамга жана үй-бүлөлөргө медициналык кызматтарга жетүүнү жакшыртууга багытталган; бул Санариптик трансформация концепциясына (2024–2028) жана Sanarip MED санариптик саламаттык стратегиясына (2025–2027) ылайык ишке ашырылууда.

🌿BIOFIN демилгеси аркылуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл менен биргеликте өлкөдөгү бардык 23 коргоого алынган аймак үчүн башкаруу пландары иштелип чыкты - Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Улуттук стратегияны жана Иш-аракеттер планын колдоого алынды.

📊АРИС тутумунун алкагында 377 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү портфель ТӨМ менен байланыштырылды, ал эми ЕБ тарабынан каржыланган мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча жаңы долбоор фискалдык ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту жана натыйжага багытталган бюджеттөөнү бекемдөөгө багытталган.

Европа Күнүндө биз ЕБ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик институттар жана өлкө боюнча жергиликтүү коомдоштуктар менен бирге басып өткөн бул жолубузду сыймыктануу менен белгилейбиз.

ЕБ менен өнөктөштүк боюнча фактшитибизди окуңуз:

https://www.undp.org/kyrgyzstan/publications/partnership-european-union-2025

***

Партнёрство ПРООН и Европейского Союза в Кыргызской Республике 🇰🇬🇪🇺🇺🇳

От поддержки ключевых национальных законов в сфере безопасности и социальной защиты до планов управления, охватывающих все 23 охраняемые природные территории страны — партнёрство ЕС и ПРООН в Кыргызской Республике приносит реальные результаты совместно с национальными партнёрами.

⚖️Совместно с Генеральной прокуратурой, судебными органами и профильными министерствами инициатива Spotlight поддержала принятие поправок в Уголовно-процессуальный кодекс и законодательство об алиментах, а также обучение более 300 судей, прокуроров и социальных работников — институционализировав гендерное равенство в системе юридического образования в соответствии с Национальной стратегией и планом действий по достижению гендерного равенства (2023–2026).

🎓В рамках совместной программы при поддержке Министерства образования 25 афганских женщин получили поддержку для обучения в Университете Центральной Азии в Кыргызстане, 21 женщина завершила программу профессионального образования (TVET) в сфере IT и коммуникаций, 4 студентки зачислены на программы бакалавриата.

🛡️В партнёрстве с Государственным комитетом национальной безопасности и Министерством внутренних дел инициатива STRIVE Asia поддержала принятие двух национальных законов — Закона о противодействии терроризму (2022) и Закона о противодействии экстремистской деятельности (2023) — и создание девяти консультативных советов со 130 участниками, включая молодёжь, женщин и религиозных лидеров, которые реализовали 18 местных миротворческих инициатив и создали 63 рабочих места, 65% из которых заняты женщинами.

🌍Совместно с Министерством чрезвычайных ситуаций и Кыргызгидрометом введены в работу четыре автоматизированные системы раннего предупреждения, а климатическая устойчивость интегрирована в ключевые национальные документы: Национальный план адаптации, Концепцию территориального развития Кыргызской Республики (2023–2027), Программу развития Ошской области (2023–2026) и Национальный план защиты окружающей среды.

💻При поддержке Европейского союза и других доноров через Совместный фонд ЦУР ООН, в партнёрстве с Министерством здравоохранения и совместно с ВОЗ, ЮНФПА и ЮНИСЕФ, ПРООН участвует в реализации программы «Преодоление цифрового разрыва в здравоохранении» — направленной на расширение телемедицины в отдалённых районах и улучшение доступа к медицинским услугам для более 700 000 детей, 120 000 людей с инвалидностью и семей по всей стране, в соответствии с Концепцией цифровой трансформации (2024–2028) и стратегией Sanarip MED (2025–2027).

🌿Через инициативу BIOFIN совместно с Министерством природных ресурсов, экологии и технического надзора разработаны планы управления для всех 23 охраняемых территорий страны — в поддержку Национальной стратегии и плана действий по сохранению биоразнообразия.

📊В рамках системы АРИС портфель объёмом 377 млн долларов США увязан с ЦУР, а новый проект по управлению государственными финансами (УГФ), финансируемый ЕС, направлен на укрепление налогово-бюджетной прозрачности, подотчётности и бюджетирования, ориентированного на результат.

В День Европы мы с гордостью отмечаем этот путь, пройденный вместе с ЕС, Правительством Кыргызской Республики, государственными институтами и местными сообществами.

Подробнее — в нашем факт-листе о партнёрстве с ЕС:

European Union in Kyrgyzstan UNDP in Europe and Central Asia

https://www.undp.org/kyrgyzstan/publications/partnership-european-union-2025

Жашыл технологиялар чыгымдарды азайтып, эл аралык рынокторго жол ачат. Санарип инструменттер чакан бизнести өлкө рыногун...
07/05/2026

Жашыл технологиялар чыгымдарды азайтып, эл аралык рынокторго жол ачат. Санарип инструменттер чакан бизнести өлкө рыногунан сырткары чыгууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Учурда жашыл технология менен санарип инструменттер Кыргызстан экономикасынын жаңы жүзүн калыптандырууда. Электрондук коммерция жана жашыл чечимдер жаатындагы «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун жыйынтыктары:

E-commerce боюнча көрсөткүчтөр:

✅Колдоого алынган ишканалардын онлайн сатууларынын өсүшү — 63%га
✅Инкубациялык программага катышууга 542 табыштама түшүп, эң мыкты 48и тандалып алынды
✅Amazon, eBay, TikTok Shop, OZON, Wildberries, Coupang сымал эл аралык платформаларга чыгуу:
✅Сингапур, Малайзия, Түштүк Корея, Индонезия, Болгария, Кытай жана башка жаңы рыноктор

Жашыл чечимдер боюнча көрстөткүчтөр:

✅ 21 бизнес-демилгеге климатка туруктуу 11 чечим киргизилди
✅ Күн энергиясы менен иштеген бал тарткычтар жана жемиш кургаткычтар
✅Жаңы технологиялардын аркасында сууну сарптоону 55%га кыскартуу
✅11 фермер толугу менен электр мопеддерине өттү
✅23 эко-маршрут ишке киргизилип, боз үй лагерлеринде күн панелдери орнотулду

📖 Толугураак — Кыргызстандагы БУУӨПтүн сайтындагы биздин аналитикалык макалада.

https://www.undp.org/kyrgyzstan/news/exports-jobs-and-sustainable-growth-results-undp-aid-trade-project-kyrgyzstan

***

Зелёные технологии снижают затраты и открывают доступ к международным рынкам. Цифровые инструменты выводят малый бизнес за пределы национального рынка. Вместе они формируют новое лицо кыргызстанской экономики. Результаты проекта «Содействие торговле», в сфере электронной коммерции и зеленым решениям

Цифры по e-commerce:

✅Рост онлайн-продаж поддержанных предприятий — на 63%
✅542 заявки на участие в инкубационной программе, отобрано 48 лучших
✅Выход на международные платформы: Amazon, eBay, TikTok Shop, OZON, Wildberries, Coupang
✅Новые рынки: Сингапур, Малайзия, Южная Корея, Индонезия, Болгария, Китай

Цифры по зелёным решениям:

✅11 климатоустойчивых решений внедрено в 21 бизнес-инициативе
✅Солнечные медогонки и сушилки для сухофруктов
✅Сокращение расхода воды на 55% благодаря новым технологиям
✅11 фермеров полностью перешли на электрические мопеды
✅23 эко-маршрута запущены и солнечные панели установлены в юрт-кэмпах


📖 Подробнее — в нашей аналитической статье на сайте ПРООН в Кыргызстане.

https://www.undp.org/kyrgyzstan/news/exports-jobs-and-sustainable-growth-results-undp-aid-trade-project-kyrgyzstan

2025-жылы БУУӨП Кыргызстанда туруктуу каржылоону өнүктүрүүнү колдоону улантты. Бул мамлекеттик жана жеке ресурстарды эко...
06/05/2026

2025-жылы БУУӨП Кыргызстанда туруктуу каржылоону өнүктүрүүнү колдоону улантты. Бул мамлекеттик жана жеке ресурстарды экономикалык өсүшкө, климаттык туруктуулукка жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүгө багыттоого жардам берет.

Негизги жыйынтыктар:

🔷Финансы министрлиги менен биргеликте 4,1 млрд АКШ долларын түзгөн Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында биринчи комплекстүү ТӨМ маркировкасы өткөрүлдү

🔷Мамлекеттик инвестициялардын 64%ы ТӨМгө дал келери аныкталды

🔷Бюджеттик процесске ТӨМ маркировкасын киргизүү боюнча колдонмо даярдалды

🔷Европа Биримдиги менен биргеликте мамлекеттик каржыны башкаруу реформаларынын жаңы этабы башталды

🔷Электр мобилдүүлүгүнө жана жашыл каржылоого жеке инвестицияларды тартуу үчүн «Элдик Банк» менен стратегиялык өнөктөштүк түзүлдү

Бул кадамдар бюджеттик системанын айкындуулугун жогорулатууга, инвестициялык тобокелдиктерди азайтууга жана улуттук өнүгүү артыкчылыктары үчүн каржылоонун жаңы булактарын ачууга жардам берет.

📘 Кененирээк маалымат — БУУӨПтүн Кыргызстандагы 2025-жылдагы Жылдык отчетунда.

https://www.undp.org/kyrgyzstan/publications/annual-report-2025

***

В 2025 году ПРООН продолжила поддержку Кыргызстана в развитии устойчивого финансирования, чтобы государственные и частные ресурсы работали на экономический рост, климатическую устойчивость и достижение Целей устойчивого развития.

Ключевые результаты:

🔷Совместно с Министерством финансов проведена первая комплексная маркировка ЦУР в рамках Программы государственных инвестиций на сумму 4,1 млрд долларов США

🔷Установлено, что 64% государственных инвестиций уже соответствуют ЦУР

🔷Подготовлено руководство по внедрению маркировки ЦУР в бюджетный процесс

🔷Совместно с Европейским союзом запущен новый этап реформ управления государственными финансами

🔷Создано стратегическое партнерство с Элдик Банком для привлечения частных инвестиций в электрическую мобильность и зеленое финансирование

Эти шаги помогают повышать прозрачность бюджетной системы, снижать инвестиционные риски и открывать новые источники финансирования для национальных приоритетов развития.

📘 Подробнее — в Годовом отчете ПРООН в Кыргызстане за 2025 год.

https://www.undp.org/kyrgyzstan/publications/annual-report-2025

Конституция күнү менен куттуктайбыз! 🇰🇬Кыргыз Республикасынын Конституциясы өлкөнүн өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт - т...
05/05/2026

Конституция күнү менен куттуктайбыз! 🇰🇬

Кыргыз Республикасынын Конституциясы өлкөнүн өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт - туруктуу институттардын, бардыгына тең мүмкүнчүлүктөрдүн жана жарандардын жашоо сапатынын жогорулашынын негизин түзөт. 🌱

БУУӨП үчүн бул принциптер иш жүзүндө шайкеш келет - натыйжалуу мамлекеттик башкарууну жана санариптик чечимдерди колдоодон тартып, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана адам потенциалын өнүктүрүү. 🌿

Бардык кыргызстандыктарды бул маанилүү күн менен куттуктап, өлкөнүн мындан ары өнүгүшүн, туруктуулугун каалайбыз.

🔹🔹🔹

С Днём Конституции! 🇰🇬

Конституция Кыргызской Республики играет важную роль в развитии страны, создавая основу для устойчивых институтов, равного доступа к возможностям и повышения качества жизни граждан. 🌱

Для ПРООН эти принципы находят отражение в практической работе - от поддержки эффективного государственного управления и цифровых решений до расширения экономических возможностей и развития человеческого потенциала. 🌿

Поздравляем всех кыргызстанцев с этим важным днём и желаем благополучия, стабильности и дальнейшего развития страны.

Ташкентте БУУӨПтүн «Соодага көмөктөшүү» аймактык долбоорунун Башкаруу комитетинин жыйыны өтүп жатат. Өнөктөш өлкөлөр 202...
04/05/2026

Ташкентте БУУӨПтүн «Соодага көмөктөшүү» аймактык долбоорунун Башкаруу комитетинин жыйыны өтүп жатат. Өнөктөш өлкөлөр 2025-жылдын жыйынтыктарын чыгарып, тажрыйба алмашууда. Кыргызстан үчүн бул — иш жүзүндө эмне өзгөргөнүн баалоонун маанилүү учуру.

Долбоор ишке ашырылган жылдар ичинде өлкөнүн жети аймагын камтып, 4 200дөн ашык чакан жана орто ишканаларды колдоду. Долбоор Финляндия Өкмөтү менен биргелешип ишке ашырылды.

Натыйжалар:
✅ 570 жаңы жумуш орду түзүлдү
✅ Катышуучулардын экспорту — 21%га өстү
✅ Кирешелери — 35%га өстү
✅ Өндүрүмдүүлүгү — 36%га жогорулады
✅ 17 млн АКШ долларынан ашык суммага экспорттук контракттар түзүлдү

Бул сандардын артында — чыныгы ишканалар, чыныгы адамдар жана чыныгы өзгөрүүлөр. Бал, кургатылган мөмө-жемиштер, туризм, кол өнөрчүлүк, электрондук коммерция — бул тармактар бүгүн тышкы рынокторго ишенимдүү чыгып жаткан өсүш чекиттерине айланды.

📖 Кененирээк — БУУӨПтүн Кыргызстандагы сайтындагы аналитикалык макалабызда https://www.undp.org/ky/kyrgyzstan/news/exports-jobs-and-sustainable-growth-results-undp-aid-trade-project-kyrgyzstan

🔷🔷🔷

В Ташкенте проходит заседание Руководящего комитета регионального проекта ПРООН «Содействие торговле», где страны-партнёры подводят итоги совместной работы и обсуждают результаты 2025 года. Для Кыргызстана это возможность не только обменяться опытом, но и оценить, что изменилось на практике.

За годы реализации проект охватил все семь регионов страны и поддержал более 4 200 малых и средних предприятий. Проект реализовывался совместно с Правительством Финляндии.

Результаты:
✅ 570 новых рабочих мест
✅ Рост экспорта участников — на 21%
✅ Рост доходов — на 35%
✅ Рост производительности — на 36%
✅ Экспортные контракты на сумму более 17 млн долларов США

За этими цифрами — реальные предприятия, реальные люди и реальные изменения. Мёд, сухофрукты, туризм, ремёсла, электронная коммерция — именно эти секторы стали точками роста, которые сегодня уверенно выходят на внешние рынки.

Проект показал что торговля становится настоящим двигателем развития, когда она работает для людей, предпринимательства и устойчивых институтов.

📖 Подробнее — в нашей аналитической статье на сайте ПРООН в Кыргызстане https://www.undp.org/ru/kyrgyzstan/news/exports-jobs-and-sustainable-growth-results-undp-aid-trade-project-kyrgyzstan

БУУӨП вакансия жарыялайт: Клининг / Логистикалык колдоо адиси (NPSA-2)  📍 Бишкек  🗓 Өтүнмө берүү мөөнөтү: 2026-жылдын 11...
04/05/2026

БУУӨП вакансия жарыялайт: Клининг / Логистикалык колдоо адиси (NPSA-2)



📍 Бишкек



🗓 Өтүнмө берүү мөөнөтү: 2026-жылдын 11-май, саат 23:59 (Бишкек убактысы)



🔗 Толук маалымат жана өтүнмө берүү куар код аркылуу же шилтемени көчүрүп ачса болот:



https://estm.fa.em2.oraclecloud.com/hcmUI/CandidateExperience/en/sites/CX_1/job/33899



Өтүнмө берүүгө шашылыңыз жана БУУӨПтүн командасына кошулуңуз.


***


ПРООН объявляет вакансию: Клининг и специалист по логистической поддержке (NPSA-2)

📍 Бишкек

🗓 Крайний срок подачи заявок: 11 мая 2026 года, 23:59 (по Бишкекскому времени)

🔗 Подробная информация и подача заявки доступны по QR-коду или по ссылке:

https://estm.fa.em2.oraclecloud.com/hcmUI/CandidateExperience/en/sites/CX_1/job/33899

Спешите подать заявку и присоединяйтесь к команде ПРООН.

Сиздерге биздин апрель айына карата маалыматтык бюллетенибизди сунуштайбыз.  Бул чыгарылышта сиздер тоо экосистемалары ж...
04/05/2026

Сиздерге биздин апрель айына карата маалыматтык бюллетенибизди сунуштайбыз.

Бул чыгарылышта сиздер тоо экосистемалары жана климаттын туруктуулугу Кыргызстандын келечегин кантип түзүп жаткандыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик трансформациялоо, натыйжалуу башкарууну жана коррупцияга каршы реформаларды колдоо, саламаттыкты сактоого жана ишкердикке инвестиция салуу, ошондой эле креативдүү экономиканы, аялдардын укуктарын жана ишкерчиликти колдоо боюнча демилгелер жөнүндө биле аласыздар.

Чыгарылыштын негизги материалдарынын катарында:

🔷Тоолор жана климат: БУУӨП аярлуулукту туруктуулукка айлантууга кантип көмөктөшүүдө
🔷Кыргызстан GovTech жана санариптик саламаттыкты сактоо тутумдарын бекемдөөдө
🔷ТӨМгө (Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына) жетүүнү тездетүү үчүн мамлекеттик каржыны реформалоо
🔷Парламентти жана демократиялык институттарды колдоо
🔷Кол өнөрчүлүк инклюзияга жана туруктуу өнүгүүгө карай жол катары
🔷Тынчтык жана коопсуздук үчүн чек ара кызматтарын бекемдөө
🔷ЧОИ (чакан жана орто ишкердик) үчүн ишкерчиликке жана электрондук коммерцияга окутуу

Сиздерди бюллетендин толук чыгарылышы менен таанышууга жана өнөктөштүк кандайча жашылыраак, инклюзивдүү жана туруктуу Кыргызстанды курууга жардам берип жаткандыгы жөнүндө көбүрөөк билүүгө чакырабыз.
https://sway.cloud.microsoft/wXdBNSCC9F0nDHdn?ref=Link

***

Рады поделиться с вами новым выпуском информационного бюллетеня ПРООН в Кыргызстане.

В этом выпуске вы узнаете о том, как горные экосистемы и климатическая устойчивость формируют будущее Кыргызстана, о цифровой трансформации государственных услуг, поддержке эффективного управления и антикоррупционных реформ, инвестициях в здравоохранение и предпринимательство, а также инициативах по поддержке креативной экономики, прав женщин и предпринимательства.

Среди ключевых материалов выпуска:

🔷Горы и климат: как ПРООН превращает уязвимость в устойчивость
🔷Кыргызстан укрепляет GovTech и цифровые системы здравоохранения
🔷Реформа государственных финансов для ускорения достижения ЦУР
🔷Поддержка парламента и демократических институтов
🔷Ремесло как путь к инклюзии и устойчивому развитию
🔷Укрепление пограничных служб во имя мира и безопасности
🔷Обучение предпринимательству и электронной коммерции для МСП

Приглашаем вас ознакомиться с полным выпуском бюллетеня и узнать больше о том, как партнерство помогает строить более зеленый, инклюзивный и устойчивый Кыргызстан.
https://sway.cloud.microsoft/9wqi6cD4Nt2AX7tK?ref=Link

В Ноокатском районе Ошской области начались консультационные встречи с женщинами-лидерами, депутатами и сотрудницами айы...
28/04/2026

В Ноокатском районе Ошской области начались консультационные встречи с женщинами-лидерами, депутатами и сотрудницами айыл окмоту.

Сегодня в здании Кок-Жарского айыл окмоту собрались представительницы сразу нескольких сообществ — сел Алашан (Кок-Жар АА), Ынтымак (Кулатов АА) и Кенеш (Тоолос АА).

Участницы обсуждают ключевые вызововы на уровне своих сел - вопросов доступа к воде, взаимодействия внутри сообществ и участия женщин в процессах принятия решений.

Работа проходит в рамках формирования сети
«Тынчтык булагы — объединение женщин за климатическую и водную безопасность».

Встречи реализуются Агентством социальных технологий в рамках проекта «Женщины Ферганской долины на передовой устойчивости к изменениям климата, адаптации и мира» при поддержке Фонда миростроительства ООН, реализуемого Программой развития ООН в партнерстве с Общественным объединением «Экологическое движение “БИОМ”».

UNDP in the Kyrgyz Republic
ОО Агентство социальных технологий

Address

160 Chui Avenue
Bishkek
720040

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:30
Tuesday 09:00 - 17:30
Wednesday 09:00 - 17:30
Thursday 09:00 - 17:30
Friday 09:00 - 17:30

Telephone

+996312611213

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when UNDP in the Kyrgyz Republic posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to UNDP in the Kyrgyz Republic:

Share