23/06/2026
Ошто фототузактар аркылуу жаратылышты изилдөө иштери күчөтүлөт
✅NABU Кыргызстан уюмунун мүдүрү Толкунбек Асыкуловдун жетектөөсү менен Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан аймагындагы Сарыгой капчыгайына фототузактарды коюуга даярдык көрүү жана аймактагы биотүрдүүлүктү изилдөө үчүн атайын иш-чара өткөрүлдү.
✅Атап айтканда, уюмдун “Мониторинг” бөлүмүнүн кызматкерлери түштүк бөлүмдөгү кесиптештерине фототузактарды орнотуу боюнча мастер-класс өтүштү. Анын алкагында, фототузактарды жөндөө, аларды кийинки жолу кайсы жерлерге коюлуш керектигин пландоо, мониторинг жүргүзүүнүн ыкмалары жана аймакты изилдөө иштери окутулду.
✅NABU Кыргызстан уюму өлкө аймагындагы тоолуу аймактарга фототузактарды коюп, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүп келет. Быйыл Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын бир канча аймактарында орнотулган аппараттардан илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, түлкү, эчки-теке, бугу-марал, куран-элик, каман сыяктуу ондогон жаныбарлардын сүрөттөрү алынды.
✅Фототузактарды орнотуу – жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүү ишинин алкагында сейрек кездешүүчү жаныбарлардын, анын ичинде илбирстердин сүрөттөрү да алынып, учурда ал маалыматтар жаратылышты коргоо иштеринде жана жапайы жаныбарларды изилдөөдө пайдаланылып жатат.
@актуальное