ADI Агентство Инициатив Развития

ADI Агентство Инициатив Развития ОФ "Агентство инициатив развития" ADI

🇰🇬 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагына караштуу Кара-Cуу айылында “Акы төлөнүүчү коомдук иш...
16/06/2026

🇰🇬 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагына караштуу Кара-Cуу айылында “Акы төлөнүүчү коомдук иштер” долбоорунун алкагында жаңы 75 куб метр суу резервуарын куруу иштери ийгиликтүү аяктады.
🔹Бул аткарылган иштердин жыйынтыгы 100 дөй түтүнү бар Кара -Суу айылы үчүн абдан маанилүү. Курулуш иштери белгиленген мөөнөттө жана пландалган сапатта жүргүзүлүп, айыл эли жеткиликтүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз суу менен камсыз болот деп күтүлүүдө.

🔹Жергиликтүү демилгени ишке ашырууга Каргалык айыл өкмөтү тарабынан 300 миң сом бөлүнгөн. Коомдук иштерге 12 жумушсуз катары катталган жергиликтүү тургундар тартылган. Алар аткарган бир айлык жумушу үчүн 2160 сомдон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан айлык алышты. Мындан тышкары долбоордун ар бир катышуучусуна 300 кг ун жана 30 литр өсүмдүк май берилет.

📌Белгилей кетсек, «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» жана “Эмгек үчүн азык-түлүк” долбоорлор КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууда. «Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги» (ADI) уюму бул долбоордун беш аймакта – Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Нарын облустарында өнөктөшү болуп саналат.

🇰🇬 Апрель жана май айларында өлкөнүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустарынын 11 районунда БУУнун Дүйнөлүк ...
11/06/2026

🇰🇬 Апрель жана май айларында өлкөнүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустарынын 11 районунда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен “Акы төлөнүүчү коомдук иштер” жана “Эмгек үчүн азык-түлүк” долбоорлордун алкагында 34 демилге ишке ашырылып, 1061 катышуучу 347,51 тонна азык-түлүк эмгек акысы катары алышты.

🔹Бул аткарылган иш аракеттер жергиликтүү жашоочулардын турмуштук абалын жакшыртууга багытталып, инфратүзүмдүн сапатын жакшыртуу, таза суу жана сугат суунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана жашылдандыруу боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды.

📌Белгилей кетсек, «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» жана “Эмгек үчүн азык-түлүк” долбоорлор КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууда. «Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги» (ADI) уюму бул долбоордун беш аймакта – Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Нарын облустарында өнөктөшү болуп саналат.

🇰🇬 Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылында 2,5 км суу каналы оңдолуп, дыйканд...
09/06/2026

🇰🇬 Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылында 2,5 км суу каналы оңдолуп, дыйкандарга сугат суу бериле баштады.

🔹Ирригациялык инфратүзүмдүн сапатын жакшыртууга жана сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган курулуш иштер «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

🔹Долбоорго жумушсуз жана жумуш издөөчү катары катталган 36 жергиликтүү жаран тартылган, анын ичинде 15 айым каналдын түбүн тазалоо иштерине катышты.

🔹Долбоордун катышуучулары өздөрүнүн эмгеги үчүн ар бири 300 кг ун жана 30 литр өсүмдүк май алышты. Мындан тышкары, алар бир айлык жумушу үчүн 1800 сомдон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан айлык алышат.

📌Белгилей кетсек, «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» долбоору КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууда. «Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги» (ADI) уюму бул долбоордун беш аймакта – Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Нарын облустарында өнөктөшү болуп саналат.

‼️ Общественный фонд «Агентство инициатив развития» в целях реализации грантового проекта «Климатическая устойчивость че...
05/06/2026

‼️ Общественный фонд «Агентство инициатив развития» в целях реализации грантового проекта «Климатическая устойчивость через водные инициативы женщин с. Майдан», реализуемого в рамках проекта ПРООН «Женщины Ферганской долины на передовой устойчивости к изменению климата, адаптации и мира», а также для локации в Баткенской области, г. Кызыл-Кыя, с. Кичи Жин Жиген, приглашает заинтересованных поставщиков представить конкурсные предложения на поставку строительных материалов:
📌Цемент марки не менее M400.
📌Гравий для бетонных работ.
📌Сетка для стяжки с ячейкой 150х150 мм толщиной проволоки не менее 3 мм.
📌Рубероид рулонный для установки на бетонные швы.
‼️Предложение участника должно быть предоставлено в PDF формате на электронную почту: [email protected] , в теме сообщения необходимо указать предмет закупки либо доставлено по следующему адресу: г. Бишкек, ул.
Юсупа Абдрахманова, 99/1 (пересекает ул.
Боконбаева), 11й этаж, «Агенство Инициатив Развития», ☎️ 0557030477.
На конверте необходимо указать наименование организации, контактные данные участника конкурса.

🇰🇬 Ош облусунун Алай районундагы Гежиге айылында «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» долбоорунун алкагында суу таңкыстыгын чеч...
02/06/2026

🇰🇬 Ош облусунун Алай районундагы Гежиге айылында «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» долбоорунун алкагында суу таңкыстыгын чечүү жана таза суу жеткирүү демилге ишке ашырылууда.

🔹Тоолу Гежиге айылында 137 киши жашайт. Суу булактары айылдан алыс жайгашкандыктан, жергиликтүү тургундар күнүмдүк турмушта кыйынчылыктарга дуушар болууда. Азыркы учурда таза суу чыгаруу үчүн тоонун боорунан айыл ичине жалпы 6 км атайын арыктар казылып, суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулууда.

🔹Долбоорду ишке ашырууга 36 жумушсуз катары катталган жергиликтүү тургундар тартылган. Курулуш иштери толук аяктап, таза суу жеткирүү системасы пайдаланууга берилгенден кийин долбоордун ар бир катышуучусу 300 кг ун жана 30 литр өсүмдүк май алышат. Мындан тышкары, бийик тоолуу райондордун коэффициентине ылайык 1800-2700 сомго чейин Алай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан айлык төлөнүп берилет.

📌Белгилей кетсек, «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» долбоору КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууда. «Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги» (ADI) уюму бул долбоордун беш аймакта – Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Нарын облустарында өнөктөшү болуп саналат.

🇰🇬 БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айым иш сапарынын алкагында Ош жана Баткен облустар...
28/05/2026

🇰🇬 БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айым иш сапарынын алкагында Ош жана Баткен облустарына барып, Баткен районунун Ак-Сай жана Самаркандек айылдарында КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» долбоорунун учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышты.
🔹Самаркандек айылында Антье айым сел коркунучун алдын алуу максатында Самаркандек жана коңшулаш Орто-Сай айылдарынын ортосундагы сайдын жээктерин габион торлору менен бекемдөө боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргиликте ишке ашырылган инфратүзүмдүк долбоордун иштери менен таанышып чыкты.
🔹Ал эми Ак-Сай айылында чарбалык ички ирригациялык арыктарды куруу демилгесин ишке ашырып жаткан долбоордун катышуучулары менен жолугушту.
🔹Ошондой эле Ак-Сай айылында «Эмгек жана окутуу үчүн азык-түлүк жардам» долбоорунун катышуучулары менен жолугушуу өттү. Аталган долбоордун алкагында 2024-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 40 кыз-келиндерге кесиптик жана ишкердиктин негиздери боюнча окуу курсу уюштурулган. Бүгүнкү күндө алар килем токуу жана тигүүчүлүк менен алектенип, ишкерлик жүргүзүү аркылуу туруктуу киреше таап жатышат.
______
🇰🇬Постоянный координатор ООН в Кыргызской Республике Антье Граве в рамках своей рабочей поездки по Ошской и Баткенской областям ознакомилась с ходом реализации местных инициатив в рамках проекта «Оплачиваемые общественные работы в селах Ак-Сай и Самаркандек Баткенского района, реализуемых при поддержке ВПП ООН совместно с Министерством труда, социального обеспечения и миграции КР.
🔹В селе Самаркандек госпожа Антье посетила инфраструктурный объект по установке габионов в селеопасной зоне для обеспечения безопасности жителей Самаркандека и соседнего села Орто-Cай, реализуемый совместно с МЧС КР.
🔹А в селе Ак-Сай госпожа Антье встретилась с участниками другого инфраструктурного проекта по строительству ирригационной сети и женщинами, которые в 2024 году были участницами тренингов в рамках проекта «Продукты за работу/обучение» и ведут предпринимательскую деятельность- занимаются ковроткачеством и пошивом швейных изделий.

🇰🇬 Нарындын Жумгал районуна караштуу Байзак айыл аймагындагы «1-Май» каналы — жергиликтүү дыйкандарды жана айыл чарба же...
26/05/2026

🇰🇬 Нарындын Жумгал районуна караштуу Байзак айыл аймагындагы «1-Май» каналы — жергиликтүү дыйкандарды жана айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоочу маанилүү суу чарба объектиси.

🔹»Акы төлөнүүчү коомдук иштер» долбоорунун алкагында бул каналдын 550 метр бөлөгү тазаланып, бетондолду. Аткарылган иштер суунун жоготууларын азайтып, дыйкандарды сугат суу менен туруктуу камсыздоого жардам берет.

🔹Оңдоо жумуштарына Жумгал райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан техника жана курулуш материалдар бөлүнгөн. Коомдук иштерге 28 жумушсуз катары катталган жергиликтүү тургундар тартылган. Алар аткарган бир айлык жумушу үчүн 2160 сомдон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан айлык алышат. Мындан тышкары долбоордун ар бир катышуучусуна 300 кг ун жана 30 литр өсүмдүк май берилет.

📌Белгилей кетсек, «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» долбоору КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууда. «Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги» (ADI) уюму бул долбоордун беш аймакта – Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Нарын облустарында өнөктөшү болуп саналат.

🇰🇬 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сайдыкум жана Кеңеш айыл аймактарында «Акы төлөнүүчү коомдук иште...
21/05/2026

🇰🇬 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сайдыкум жана Кеңеш айыл аймактарында «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» жана «Эмгек үчүн азык-түлүк жардам» долбоорлордун 118 катышуучулары, анын ичинде 20 айымдар, азык -түлүк алышты.

🔹Сайдыкум айыл аймагында «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» долбоорунун алкагында Кызыл-Ай жана Турпак-Коргон айылдарында эки жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Ошондой эле Кеңеш айыл аймагына караштуу Могол-Коргон айылында 2 гектар жерге 1900 мөмө-жемиш көчөттөр отургузулду. Коомдук жумуштарга жумушсуз катталган 46 жергиликтүү жаран катышып, убактылуу эмгек менен камсыз болду.

🔹Долбоордун ар бир катышуучусуна 300 кг ун жана 30 литр өсүмдүк май берилди. Мындан тышкары Базар-Коргон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан 3600 сомдон эмгек акы төлөнүп берилди.

🔹Ал эми Кеңеш айыл аймагында «Эмгек үчүн азык-түлүк жардам» долбоорунун алкагында жашылдандыруу жана таза суу долбоордук демилгелери ийгиликтүү ишке ашырылды:
-📌 Үч-Булак айылында Каба токой чарбасынын жалпы 28 гектар аянтын тосуу иштери жүргүзүлгөн жана 5908 даана мөмө-жемиш дарактар отургузулду.
📌 Дүкүр жана Чек айылдарында калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында 4 км аралыкка суу түтүктөрү тартылды.
🔹Долбоордун 72 катышуучусу өздөрүнүн эмгеги үчүн ар бири 300 кг ун жана 30 литр өсүмдүк май алышты.

📌Белгилей кетсек, «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» жана «Эмгек үчүн азык-түлүк жардам» долбоорлор КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууда. «Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги» (ADI) уюму бул долбоордун беш аймакта – Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Нарын облустарында өнөктөшү болуп саналат.

19/05/2026

▶️ Сиздердин назарыныздарга Эл ТР каналы тарабынан тартылган КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (КР ЭСКММ) менен биргеликте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк (БУУ ДАТП) программасынын колдоосу менен жана «Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги» (ADI) коомдук уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» долбоору тууралуу репортажды сунуштайбыз.

🔹Аталган долбоордун алкагында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр участкасында муниципалдык багына 2 гектар жерге 1000 даана мөмө-жемиш дарактар отургузулду жана тамчылатып сугаруу системасы орнотулду. Коомдук жумуштарга жумушсуз жана жумуш издөөчү катары катталган 27 жергиликтүү жараан тартылган. Алар аткарган бир айлык жумушу үчүн 1980 сомдон Баткен РЭСМБ тарабынан айлык алышат. Мындан тышкары долбоордун ар бир катышуучусуна 300 кг ун жана 30 литр өсүмдүк май берилет.

📌Белгилей кетсек, «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» долбоору КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууда. «Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги» (ADI) уюму бул долбоордун беш аймакта – Ош, Жалал- Абад, Баткен, Талас жана Нарын облустарында өнөктөшү болуп саналат.

🇰🇬Гулчөдө «Эмгек үчүн азык-түлүк жардам»  долбоорунун алкагында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.🔹Ош облусунун Ал...
12/05/2026

🇰🇬Гулчөдө «Эмгек үчүн азык-түлүк жардам» долбоорунун алкагында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

🔹Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, шаардын инфратүзүмүнө зыян келтирди.

🔹Учурда аталган долбоордун алкагында табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу багытында жергиликтүү демилгелер иштелип чыгып, аларды иш жүзүнө ашыруу аракеттери көрүлүүдө:
📌Гүлчө шаарынын аймагында жайгашкан сел каналдарын реабилитациялоо жана тазалоо.
📌”Семеновский” каналдын түбүн жана жээктерин бетондоо.
📌Шаардын «Октябрь» участкасындагы сел алып кеткен көпүрөнү жаңыдан куруу.
📌Гүлчө аймагынын Жаңы-Савай жана Оро-Дөбө айылдарында селден кийин 4 жараксыз болуп калган жаңы ноолорду сел жүрүүчү нуктан алыс жерге орнотуу.
📌Селдин кесепетинен жабыркаган таза суу менен камсыздоо тутумунун 2.6 км бөлүгүн калыбына келтирүү.

🔹Жумуштарга 80 жараан жергиликтүү тургундардын арасынан тартылган.

🔹Белгилей кетсек, «Эмгек үчүн азык-түлүк жардам» долбоору КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууда. «Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги» (ADI) уюму бул долбоордун беш аймакта – Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Нарын облустарында өнөктөшү болуп саналат.

Address

Bishkek

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when ADI Агентство Инициатив Развития posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to ADI Агентство Инициатив Развития:

Share