13/01/2024
🌱2024 жылдын 11-12-январында Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы жана “Эне-балага тирек” коомдук фондунун негиздөөчүсү Айгүл Жапарова, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен барды. Сапардын алкагында БАЭдеги аялдардын жана балдардын укуктарын өнүктүрүү маселелери боюнча иш алып барган мамлекеттик уюмдардын жана фонддордун жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Атап айтканда, Айгүл Жапарова Жалпы аялдар союзунун (General Women Union) Башкы катчысы Нура Аль-Сувейди жана Эне жана бала иштери боюнча Жогорку кеңештин (Supreme Council for Motherhood and Childhood) Башкы директору Рим Аль-Фаласи менен жолугушуп, Кыргызстан менен үй-бүлө институтун өнүктүрүү, аялдардын, энелердин жана балдардын укуктарын коргоо, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүү жаатында көп жылдык тажрыйбасы бар жогоруда аталган уюмдардын ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулады.
Ошондой эле Биринчи айым Фатима бинт Мохаммед бин Заед демилгесинин (Fatima bint Mohammed bin Zayed Initiative) аткаруучу директору Фаршеид Джабархил менен жолугушуп, анын жүрүшүндө тараптар муктаж аялдардын катышуусунда Кыргызстанда социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.
Мындан тышкары, "Эне - балага тирек" коомдук фонду менен штаб-квартирасы Женева шаарында жайгашкан «Educators Without Boarders International» уюмунун (Чек арасыз педагогдор) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
🌱 11-12 января 2024 года состоялся визит Первой леди Кыргызской Республики и основательницы общественного фонда “Эне-балага тирек” Айгуль Жапаровой в Объединённые Арабские Эмираты (ОАЭ), в ходе которого был проведен ряд встреч с руководителями государственных организаций и фондов, занимающихся вопросами развития прав женщин и детей в ОАЭ.
В частности, Айгуль Жапарова встретилась с Генеральным секретарем Всеобщего женского союза (General Women Union) Нурой Аль-Сувейди и Генеральным директором Высшего совета по делам материнства и детства (Supreme Council for Motherhood and Childhood) Рим Аль-Фаласи и обсудила перспективы сотрудничества между Кыргызстаном и вышеуказанными организациями, имеющими многолетний опыт в сфере развития института семьи, защиты прав женщин, матерей и детей, а также оказания помощи детям с ограниченными возможностями здоровья.
Также состоялась встреча Первой леди с исполнительным директором Инициативы Фатимы бинт Мохаммед бин Заед Фаршеид Джабархилом (Fatima bint Mohammed bin Zayed Initiative), в ходе которой стороны обменялись мнениями по реализации социальных и экономических проектов в Кыргызстане с участием нуждающихся женщин.
Кроме того, с эмиратской стороной достигнута договоренность в реализации совместных проектов, и в рамках визита был подписан Меморандум о взаимопонимании между общественным фондом «Эне - балага тирек» и организацией «Educators Without Boarders International» («Педагоги без границ») со штаб-квартирой в г. Женева, нацеленный на организацию стипендиальных программ для студентов Кыргызстана.