05/07/2025
🎉 2-Модуль “Шайлоо процесси жана жарандык катышуу” ийгиликтүү аяктады!
📅 Окуу 2025-жылдын 10–24-июнуна чейин өткөрүлдү.
Катышуучулар бул модулдун алкагында шайлоо процесси, жарандардын, өзгөчө аялдардын, жаштардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук турмушка активдүү катышуусу боюнча терең жана ар тараптуу билим алышты.
📝 Окуунун жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүдөй билим жана көндүмдөрдү өздөштүрүштү:
✔ Шайлоо мыйзамдары жана анын реформалары тууралуу маалымат
✔ Жарандардын шайлоого катышуу жолдору жана мааниси
✔ Шайлоого байкоо жүргүзүү жана жарандык көзөмөл
✔ Активдүү жана пассивдүү шайлоо укуктары тууралуу түшүнүк
✔ Шайлоо процессиндеги ЖМКлардын, партиялардын жана комиссиялардын ролу
✔ Аялдар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн инклюзивдүү шарттар
✔ Активдүү жаран болууга болгон мотивация
👩🏫 Модулдун тренерлери:
Медина Кутбердиева – шайлоо мыйзамдары боюнча эксперт, юрист
Александр Орехов – юридикалык тажрыйбасы чоң, IFES уюмунун мурдагы өкүлү
📍 Окуу ZOOM платформасы аркылуу онлайн форматта өттү
🕒 Сабактар күн сайын 90 мүнөттөн өтүп турду
🗣 Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде, эки топто параллелдүү жүргүзүлдү
🔚 Бул этап катышуучулардын жарандык аң-сезимин жогорулатууга жана шайлоого активдүү катышууга болгон даярдыгын күчөттү.
Бардык катышуучуларга жана тренерлерге ыраазычылык билдиребиз!