24/12/2024
Бул чыгарылышта алып баруучу Амир Исмаил Казакстандык фембийкеч, изилдөөчү Айгерим Кусайын кызы менен Борбор Азиядагы феминизмдин азыркы абалын жана келечегин ар тараптан талкуулайт. Айгерим аймактагы аялдардын уникалдуу тажрыйбалары, маданий жана социалдык басымдар тууралуу сөз кылып, бул көйгөйлөрдү сырттан келген аялдар ар дайым толук түшүнө бербей турганын белгилейт. Колониализм менен феминизмдин ортосундагы байланыш, орус пропагандасынын феминизмди кандайча бурмалаганын талдап, саясатта аялдардын болушунун маанисин жана анын гендердик теңчиликке кошкон салымын изилдейбиз. Мындан тышкары, биз коомдо аял укуктарын тебелеген адабий жана маданий чыгармаларга токтолуп, 8-мартты кандай белгилөө туура экени жөнүндө да ой бөлүштүк. Борбор Азиядагы феминисттик кыймылдардын туш болгон чакырыктары жана алардын келечеги тууралуу кызыктуу жана маанилүү талкууга кошулуңуздар!
Бул чыгарылышта алып баруучу Амир Исмаил Казакстандык фембийкеч, изилдөөчү Айгерим Кусайын кызы менен Борбор Азиядагы феминизмдин азыркы абалын жана келечеги...