ОО "Диалог, доверие, право"

ОО "Диалог, доверие, право" Мы содействуем построению устойчивого мира, уделяя особое внимание расширению возможностей женщин и молодежи.

We contribute to building positive peace by focusing on the empowerment of women and youth.

In Batken region, climate adaptation is not only about the environment. It is also about household resilience, access to...
30/03/2026

In Batken region, climate adaptation is not only about the environment. It is also about household resilience, access to water, livelihoods, and the resilience of border communities.

DTR works with women, youth, and local communities, supporting practical solutions that help them better respond to climate-related challenges.

В Баткенской области адаптация к изменению климата — это не только про окружающую среду. Это также про устойчивость семе...
30/03/2026

В Баткенской области адаптация к изменению климата — это не только про окружающую среду. Это также про устойчивость семей, доступ к воде, доходы и устойчивость приграничных сообществ.

DTR работает с женщинами, молодежью и местными сообществами, поддерживая практические решения, которые помогают лучше справляться с климатическими вызовами.

Баткен облусунда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу — бул айлана-чөйрө жөнүндө гана эмес. Бул үй-бүлөлөрдүн туруктуулугу, с...
30/03/2026

Баткен облусунда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу — бул айлана-чөйрө жөнүндө гана эмес. Бул үй-бүлөлөрдүн туруктуулугу, сууга жеткиликтүүлүк, киреше жана чек арага жакын жамааттардын туруктуулугу жөнүндө да.

DTR аялдар, жаштар жана жергиликтүү жамааттар менен иштеп, климаттык чакырыктарга жооп берүүгө жардам берген практикалык чечимдерди колдойт.

8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен!Биз Баткен облусундагы аялдардын күчүнө, демилгесине жана лидерлигине терең ишен...
07/03/2026

8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен!

Биз Баткен облусундагы аялдардын күчүнө, демилгесине жана лидерлигине терең ишенебиз. Аялдар үй-бүлөлөрдү колдоп, коомду өнүктүрүп, тынчтыкты жана биримдикти бекемдөөгө чоң салым кошуп келишет.

«Баарлашуу, ишеним, укук» коомдук бирикмеси аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана коомдук активдүүлүгүн колдоо багытында иш алып барууда.

Бул күнү бардык айымдарды куттуктайбыз! Ден соолук, күч-кубат жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.

#8март #АялдарКүнү #Баткен #АялдардынЛидерлиги

С UNDP in the Kyrgyz Republic — меня только что признали топовым поклонником! 🎉
05/02/2026

С UNDP in the Kyrgyz Republic — меня только что признали топовым поклонником! 🎉

22/01/2026

АЙЫЛДАГЫ АЙЫМДАР ҮНҮ-ИШЕНИМИ ЖАНА КҮЧҮ
Жаңы-Жер айылында аялдардын жашоосу көбүнчө үй, талаа жана түйшүк менен чектелет. Бирок кээде бир айым ошол чекти бузуп, бүтүндөй айыл үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачат.
Рахат Сайкалова — мугалим, депутат, эне жана чоң эне. Ал УУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен “Баарлашуу, ишеним, укук” Коомдук Бирикмеси ишке ашырган «Айымдар — тынчтык жана ынтымак күчү» долбоорунун алкагында алган билимин коом үчүн пайдалуу демилгеге айланта алды. Натыйжада Жаңы-Жер айылында аялдар үчүн коопсуз, эркин жана баарлашууга ачык воркаут аянтча ачылды.
Бул видео — бир айымдын эмес, айылдагы аялдардын үнү, ишеними жана өзгөрүүгө болгон күчү тууралуу.
Аялдар ишенсе — айыл өзгөрөт. Видеону көрүңүз, бөлүшүңүз. #ТынчтыкКуруу #Миростроительство #КоомдукБиримдик #СоциальнаяСплоченность
UNDP in the Kyrgyz Republic

Урматтуу өнөктөштөр жана достор, сиздерди келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! 🎄✨❤️Өтүп бара жатка...
31/12/2025

Урматтуу өнөктөштөр жана достор, сиздерди келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! 🎄✨❤️

Өтүп бара жаткан 2025-жылдагы колдооңуздар жана ишенимдүү өнөктөштүгүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Биргеликте маанилүү иштерди аткарып, жакшы натыйжаларга жетише алдык.

2026-жыл сиздерге тынчтык, бакубатчылык, шыктануу жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келсин. Биргелешкен ишибиз ийгиликтүү уланып, коомубуз үчүн туруктуу оң өзгөрүүлөрдү жарата берсин.

30/12/2025

САМАРКАНДЕКТЕ БАЛДАР ҮЧҮН ЖАҢЫ СААМАЛЫК

Баткендин чек аралаш аймагында жайгашкан Самаркандек айылында балдар үчүн заманбап оюн аянтчасы пайдаланууга бердик. Социалдык мааниге ээ бул демилге “Баарлашуу, ишеним, укук” Коомдук бирикмеси тарабынан Fair & Sustainable Development Solutions - FSDS коомдук уюмунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылган “Аярлуу үй-бүлөлөрдү социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жүзөгө ашты.

29/12/2025

ЖАҢЫ-ЖЕРДЕ АЙЫМДАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ДЕМ

Жаңы-Жер айылында кыз-келиндер үчүн воркаут аянтчасы ачылды.
Бул жай — спорт гана эмес, айымдардын ден соолугун чыңдап, баарлашып, өзүнө болгон ишенимин арттыруусуна түзүлгөн мүмкүнчүлүк.
Аянтча жергиликтүү аялдардын демилгеси менен “Баарлашуу, ишеним, укук” КБ тарабынан, БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу аркылуу ишке ашты.
Бүгүн бул жерде айымдар биригип, активдүү жашоого кадам таштоодо.

Чакан аянтча — чоң өзгөрүүнүн башаты

#ТынчтыкКуруу #Миростроительство #КоомдукБиримдик #СоциальнаяСплоченность
UNDP in the Kyrgyz Republic

27/12/2025

БАТКЕНДЕ АЙЫМДАР ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН ЭКИ МААНИЛҮҮ ДОЛБООР ИШКЕ БЕРИЛДИ

Баткен облусунда “Баарлашуу, ишеним, укук” Коомдук бирикмеси БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Айымдар — тынчтык жана ынтымак күчү» долбоорунун алкагында айымдардын демилгеси колдоого алынды.

Бужум айылында таштандыны бөлүп чогултуучу заманбап урналар орнотулуп, экологияга аяр мамиле кылууга багытталган кадам жасалды.
Кара-Булак айылында аялдардын ден соолук жана баарлашуу борбору ачылып, кыз-келиндер үчүн колдоо жана өзүн өнүктүрүүчү мейкиндик түзүлдү.

Бул демилгелер жергиликтүү деңгээлде экологиялык жана социалдык маселелерди чечүүгө, аялдардын активдүүлүгүн арттырууга жана коомдогу биримдикти бекемдөөгө өбөлгө болууда.

Толук видеону көрүңүз.

#ТынчтыкКуруу #Миростроительство #КоомдукБиримдик #СоциальнаяСплоченность
UNDP in the Kyrgyz Republic

25/12/2025

КҮН ЭНЕРГИЯСЫ МЕНЕН ЖЕР АСТЫНДАГЫ СУУНУ ЖАНДАНДЫРГАН АЙЫМДАР - АЙЫЛГА ӨЗГӨРҮҮ АЛЫП КЕЛДИ

Баткендин Жаңы-Жер айылында климаттын өзгөрүшү жана суу тартыштыгы аялдардын жашоосуна олуттуу таасир эткен. Бирок кыйынчылыктар айымдардын биригип, өзгөрүүгө кадам таштоосуна тоскоол болгон жок.

Айылдык активист айымдар БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен “Баарлашуу, ишеним, укук” Коомдук Бирикмеси ишке ашырган «Айымдар — тынчтык жана ынтымак күчү» долбооруна катышып, демилге көтөрүштү.

Жыйынтыгында күн панелдери орнотулуп, алынган энергиянын күчү менен жер алдынан суу чыгарылып, иштетилбей келген 5 гектар жер жанданды.

Бул жөн гана суу эмес — бул аялдардын ишеними, биримдиги жана жаңы жашоонун башталышы.
Толук видео төмөндө👇

*****
ЖЕНЩИНЫ, КОТОРЫЕ ЗАПУСКАЮТ ПЕРЕМЕНЫ: СОЛНЦЕ, ВОДА И РАЗВИТИЕ В ЖАҢЫ-ЖЕР

В селе Жаңы-Жер Баткенской области изменение климата и дефицит воды серьёзно повлияли на жизнь женщин. Однако трудности не помешали женщинам объединиться и сделать шаг к переменам.

Женщины-активистки села при поддержке Программы развития ООН приняли участие в проекте «Женщины — за мир и социальную сплоченность», реализуемом Общественным объединением «Диалог, доверие, право», и выступили с инициативой.

Установив солнечные панели, женщины обеспечили энергию для подъёма подземной воды и восстановили 5 гектаров земли, которые раньше были заброшены.
Это не просто вода — это новый ресурс для жизни и развития, который стал возможен благодаря женской солидарности и вере в себя.

Подробнее в видео ниже👇

#ТынчтыкКуруу #Миростроительство #КоомдукБиримдик #СоциальнаяСплоченность
UNDP in the Kyrgyz Republic

Address

Улица Боконбаева, 12
Batken
720100

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when ОО "Диалог, доверие, право" posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to ОО "Диалог, доверие, право":

Share