30/05/2026
Бүгүн Булан Институту жана И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети биргеликте Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү муниципалитеттердин өкүлдөрү үчүн семинар өткөрдү.
Биздин негизги максатыбыз Энергиянын калыптама булактары, өзгөчө күн энергиясы тууралуу практикалык маалыматты жергиликтүү жетекчилерге жеткирүү. Күн энергиясын айылдарда жана үй-бүлөлөрдүн күнүмдүк жашоосунда кантип колдонсо болот? Күн панелдери кандай иштейт? Алардын пайдасы эмнеде? Панелдерди орнотуунун чоо-жайы, баалары кандай? Семинардын жүрүшүндө ушул суроолорго кеңири токтолдук.
КМТУнун профессорлору катышуучуларга түшүнүктүү жатык тил менен лекцияларды өткөрүштү. Теориялык бөлүктөн кийин катышуучулар күн панелдерин жакындан көрүп, алардын иштөө принциби менен таанышышты. Ошондой эле КМТУнун чатырындагы күн электр станциясын көрүштү.
Иш-чара Булан Институту жана КМТУ биргеликте түзгөн Энергиянын калыптанма булактары боюнча борборунда өттү.
Булан Институту жана КМТУ биргеликте жашыл энергия тууралуу билимди айылдарга жеткирүү жана жергиликтүү деңгээлде практикалык чечимдерди жайылтуу боюнча ишин улантат.
Бизди колдогон донорлорубузга жана өнөктөштөрүбүзгө — SolarSpar уюмуна жана Женева шаарына — терең ыраазычылык билдиребиз.
Ошондой эле иш-чараны биргеликте өткөргөн Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине жана семинарды өткөргөн профессорлорго чоң рахмат!
#КүнЭнергиясы #ЖашылЭнергетика #Кыргызстан #АйылАймактар #КМТУ