30/03/2026
“Фергана өрөөнүндө ирригация тармагында өнөктөштүк” долбоору ийгиликтүү аяктады 🎉
Долбоордун алкагында 1000ден ашуун дыйкан заманбап жана климатка туруктуу сугат технологиялары боюнча маалымат алышты. Мындан тышкары, 13 фермерге акчалай колдоо көрсөтүлүп, алардын чарбаларында ирригация системалары орнотулду🔥
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча маалымдуулук жогорулап, айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүлдү.
Бул долбоор «Youth of Osh» уюму үчүн институционалдык өнүгүүнүн маанилүү баскычы болуп, ишке ашыруу процессинде практикалык тажрыйбасын тереңдетип, көп тараптуу өнөктөштүктү эффективдүү алып баруу жөндөмүн бекемдеди.
Долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу бардык өнөктөштөрдүн жана катышуучулардын активдүү катышуусунун негизинде мүмкүн болду ❤️