31/03/2025
4 апрель, саат 16.00 «Аялдардын тилектештиги аркылуу укуктарды коргоодо жарандык коомдун тажрыйбалары. Укук коргоо практикалык жолдору» темасына арналган онлайн семинар өтөт
Онлайн семинардын максаты: Аялдардын укуктарынын, кызыкчылыктарынын сакталышында аялдар арасындагы тилектештиктин мааниси, о.э. аялдардын укуктарын коргоо боюнча кандай практикалык мыйзамдуу аракеттерди көрүш керек тууралуу семинардын катышуучуларынын билимин жогорулатуу менен иш жүзүндө колдоно турган ыкмаларды колдонууну тереңдетүү.
Онлайн-семинардын спикери: Исланбекова Бактыгуль,“Социалдык технологиялар агенттиги” КБнин программдык координатору, гендердик эксперт
Семинар мамлекеттик тилде өтөт.
Онлайн семинарга катышуу үчүн 0773-988813 тел., же [email protected] электрондук дарек аркылуу катоодон өтүү керек. Каттоодон өткөн гана адамдар онлайн семинарга катышууга ZOOM шилтемесин алышат.
Акысыз онлайн-семинар «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБси « Социалдык-экологиялык колдоо жана жарандарга юридикалык кеңеш берүү борбору » долбоорунун алкагында өткөрүлөт (субгрант). Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Адилеттүүлүккө Мониторинг – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» долбоору Кыргызстандагы укуктук реформаларга мониторинг жүргүзүү жана адам укуктарын коргоодо жарандык коомдун ролун күчөтүүгө багытталган. Долбоорду Конрад Аденауэр атындагы Фонду жетектеген консорциум, Макс Планк атындагы Эл аралык тынчтык жана мыйзам үстөмдүгү үчүн Фонду, «БИОМ» экологиялык кыймылы жана «Алга» аялдар ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырууда.
European Union in KyrgyzstanKonrad-Adenauer-StiftungБИОМ / BIOM @общественный фондАлга