09/06/2026
🌳 Бүгүн Жалал-Абад облусунун Манас шаарында “Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлору: дүйнөлүк жаратылыш мурасы, биоартүрдүүлүк, климат жана туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык байлык” аттуу эл аралык конференция өттү.
Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы жана Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулуар ассоциациясы менен биргеликте эл аралык жана улуттук өнөктөштөрдүн колдоосунда уюштурулду.
Жайгашкан жери кокусунан тандалган эмес. Дал ушул Жалал-Абад облусунда дүйнөдөгү эң баалуу жаратылыш экосистемаларынын бири болгон - уникалдуу реликттик жаңгак-мөмө токойлору жайгашкан. Кыргызстан планетадагы жапайы жаңгак токойлорунун эң ири массивдеринин бирине ээ. Бул миллиондогон жылдар бою сакталып калган реликттик экосистемалардын тирүү мурасы.
Бул токойлор жөн гана жаратылыш байлыгы эмес, дүйнөлүк маанидеги бүтүндөй экосистема:
🌱 Биоартүрдүүлүктү сакташат – 100дөн ашык жапайы жемиш дарактарынын түрлөрү: жаңгак, алма, алмурут, өрүк.
🌍 Климатты жөнгө салышат – көмүртекти сиңирип, суу ресурстарын сактап, топуракты эрозиядан жана селден коргойт.
🦉 Жапайы жаныбарлар үчүн жашоо чөйрөсү болуп саналат.
👨👩👧👦 Жергиликтүү жамааттар үчүн киреше жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылат – жаңгак, жемиш жана токойдун жыгач эмес продукциялары аркылуу.
🚶♂️ Экотуризм жана айыл жерлерин туруктуу өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
⚠️ Бирок бул токойлордун түзүмү бүгүнкү күндө эксперттерди тынчсыздандырууда. Дарактардын көпчүлүгү жетилген жана өсүүсү токтогон дарактардан турат, ал эми жаш өсүмдүктөрдүн табигый жандануусу азаюуда. Бул экосистеманы алсыз кылууда.
Токойлорго - климаттын өзгөрүшү, жердин деградациясы, зыянкечтердин жана оорулардын көбөйүшү, ошондой эле антропогендик басым, ресурстарды ашыкча пайдалануу олуттуу коркунуч туудурат.
ФАО көп жылдардан бери Кыргызстанга токой ресурстарын туруктуу башкаруу, бузулган жерлерди жана жайыттарды калыбына келтирүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, агротокой чарбачылыгын өнүктүрүү жана экосистемалардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу жаатында ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Жашыл климаттык фонду (GCF) тарабынан каржыланган, токой жана жайыттарды жакшыртуу аркылуу көмүртекти секвестирлөөгө багытталган жана туруктуулукту жогорулатууну максат кылган БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) CS FOR долбоору алкагында бул жылы Өзгөн жана Сузак райондорунун аймагына 42 880 жаңгак көчөттөрү отургузулду.
“Жаңгак-мөмө токойлорун туруктуу башкаруу аркылуу жаратылыш мурастарын сактоону, жергиликтүү калктын бакубатчылыгын жакшыртуу менен айкалыштырууга тийиш. Дал ушундай ыкма туруктуу өнүгүү максаттарына жана жаратылышка багытталган чечимдердин принциптерине шайкеш келет”, – деп ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев куттуктоо созүндө белгиледи.
Эл аралык конференцияга утурлай 11-июнь күнү, ФАОнүн Европа жана Борбордук Азиядагы инвазивдүү токой түрлөрү боюнча тармагынын (REUFIS) жылдык жыйыны өткөрүлүүдө.
Иш-чарага Европа, Борбордук Азия жана дүйнөнүн башка аймактарынан 20дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Бир катар өлкөдөн адистердин катышуусу- токойлорду, биоартүрдүүлүктү сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу маселелерине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү барган сайын артып жатканын тастыктайт.
Бул токойлордун саламаттыгын сактоо, экосистемаларды зыянкечтерден жана оорулардан коргоо, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында билим алмашууга, алдыңкы тажрыйбаларга жана инновациялык чечимдерге ээ болуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.
***
🌳 Сегодня в городе Манас в Джалал-Абадской области прошла международная конференция «Орехово-плодовые леса Кыргызстана: всемирное природное наследие, глобальное сокровище для биоразнообразия, климата и устойчивого развития».
Организатором выступила Продовольственная и сельскохозяйственная организация Объединенных Наций (ФАО) совместно с Лесной службой Кыргызской Республики при поддержке международных и национальных партнеров.
Место выбрано не случайно. Именно в Джалал-Абадской области сосредоточены уникальные реликтовые орехово-плодовые леса – одни из самых ценных природных экосистем мира. Кыргызстан обладает одним из крупнейших массивов дикорастущих орехоплодовых лесов на планете. Это живое наследие реликтовых экосистем, сохранившихся на протяжении миллионов лет.
Эти леса – не просто природный ресурс, а целая экосистема мирового значения:
🌱 Сохраняют биоразнообразие – более 100 видов диких плодовых деревьев: грецкий орех, яблоня, груша, абрикос.
🌍 Регулируют климат – поглощают углерод, сохраняют водные ресурсы, защищают почвы от эрозии и селей.
🦉 Служат средой обитания для диких животных.
👨👩👧👦 Обеспечивают доход и продовольственную безопасность местных сообществ – через орехи, фрукты и недревесные лесные продукты.
🚶♂️Создают потенциал для экотуризма и устойчивого развития сельских территорий.
⚠️ Однако структура лесов сегодня вызывает тревогу у экспертов. Значительная часть насаждений представлена зрелыми и старовозрастными деревьями, тогда как естественное возобновление молодняка снижается. Это делает экосистему уязвимой.
Серьезные вызовы для лесов представляют изменение климата, деградация земель, рост вредителей и болезней, а также антропогенное давление – чрезмерное использование ресурсов.
ФАО на протяжении многих лет оказывает всестороннюю поддержку Кыргызстану в области устойчивого управления лесными ресурсами, восстановления деградированных земель и пастбищ, сохранения биоразнообразия, развития агролесоводства и повышения устойчивости экосистем к изменению климата.
В рамках проекта ФАО, финансируемого Зеленым климатическим фондом (GCF) и направленного на секвестрацию углерода и повышение устойчивости лесных и пастбищных ландшафтов, на территории Узгенского и Сузакского районов уже высажено 42 880 саженцев ореха.
Как отметил Олег Гучгельдыев, Представитель ФАО в Кыргызстане: «Устойчивое управление орехово-плодовыми лесами должно сочетать сохранение природного наследия с улучшением благосостояния местного населения. Именно такой подход соответствует целям устойчивого развития и принципам природоориентированных решений».
Конференция проводится совместно с ежегодным совещанием Сети ФАО по инвазивным лесным видам для Европы и Центральной Азии (REUFIS).
В работе участвуют представители более чем 20 стран Европы, Центральной Азии и других регионов мира. Такое широкое представительство подтверждает растущее внимание мирового сообщества к вопросам сохранения лесов, биоразнообразия и устойчивого управления природными ресурсами.
Это уникальная возможность для обмена знаниями, передовым опытом и инновационными решениями в области здоровья лесов, защиты экосистем от вредителей и болезней, а также развития международного сотрудничества.
МЧС Кыргызстана
#ОреховыеЛеса #Кыргызстан #ФАО #Биоразнообразие #Климат #УстойчивоеРазвитие