Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Муфтият КР

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАН АДАЛ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫГЫН БЕКЕМДӨӨДӨБүгүн Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы м...
18/06/2026

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАН АДАЛ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫГЫН БЕКЕМДӨӨДӨ

Бүгүн Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын ортосунда адал индустриясы жаатындагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюлду.

Документке Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына караштуу «Халал Даму» мекемесинин директору Айбек Аташев жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын «Адал» бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев кол коюшту.

Меморандумдун алкагында тараптар адал стандарттарын өнүктүрүү, тажрыйба жана маалымат алмашуу, адистердин кесиптик билимин жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле адал сертификаттарын өз ара таануу багыттарында биргелешкен иштерди жүргүзүүгө макулдашты.

Ошондой эле документте адал продукцияларын өндүрүү, сертификациялоо жана көзөмөлдөө жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү, эки өлкөнүн тиешелүү адистеринин ортосунда туруктуу кесиптик байланыштарды түзүү жана биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Бул меморандум боордош Кыргызстан менен Казакстандын диний башкармалыктарынын ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдеп, эки өлкөдөгү адал индустриясынын системалуу жана туруктуу өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп күтүлүүдө.

МУФТИЯТТЫН АДАЛ БӨЛҮМҮНҮН АДИСТЕРИ «ХАЛАЛ ДАМУ» МЕКЕМЕСИНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫКыргызстан мусулмандарынын Дин ба...
18/06/2026

МУФТИЯТТЫН АДАЛ БӨЛҮМҮНҮН АДИСТЕРИ «ХАЛАЛ ДАМУ» МЕКЕМЕСИНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Адал бөлүмүнүн адистери Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына караштуу «Халал Даму» сертификаттоо мекемесинде болуп, аталган мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапардын алкагында Кыргызстандык делегация үчүн тажрыйба алмашууга багытталган атайын жолугушуу уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө делегация мүчөлөрү «Халал Даму» мекемесинин кызматкерлери менен кесиптик багыттар боюнча өз-өзүнчө баарлашып, алардын жоопкерчилигиндеги тармактар, иш алып баруу ыкмалары жана кызматтык милдеттерди аткаруу тартиби тууралуу кеңири маалымат алышты.

Ошондой эле кыргызстандык адистерге адал сертификаттоо процесси, өндүрүш ишканаларында жүргүзүлүүчү аудиттик жана инспекциялык текшерүүлөр, продукциянын адал талаптарына шайкештигин көзөмөлдөө, мониторинг жүргүзүү системасы, документтерди даярдоо, каттоо жана архивдөө тартиби тааныштырылды.

Эки тараптын адистери адал индустриясын өнүктүрүү багытындагы практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, тармактагы актуалдуу маселелерди, эл аралык стандарттарды колдонуу, адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана сертификаттоо системасын өркүндөтүү жолдорун талкуулашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын мусулмандарынын дин башкармалыктарынын ортосундагы адал тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө, үзгүлтүксүз тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу эки тарап үчүн тең маанилүү экени белгиленди.

Бул иш сапар боордош эки өлкөнүн адал тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө, адистердин практикалык тажрыйбасын арттырууга жана адал индустриясын эл аралык талаптарга ылайык өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Кыргызстан жана Казакстан адал индустриясындагы өнөктөштүктү күчөтөтКыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Адал ...
17/06/2026

Кыргызстан жана Казакстан адал индустриясындагы өнөктөштүктү күчөтөт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Адал бөлүмүнүн өкүлдөрү тажрыйба алмашуу, өз ара кызматташтыкты бекемдөө жана адал тармагындагы эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү максатында Казакстан Республикасына иш сапары менен барышты.
Иш сапардын алкагында кыргызстандык делегация Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында болуп, аталган башкармалыктын төрагасынын орун басары, Азирети муфтийдин орун басары Кенжетай Байкемел уулу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети муфтийдин орун басары Кенжетай Байкемел уулу делегация мүчөлөрүнө Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, Азирети Муфтий Наурызбай ажы Таган уулунун жылуу саламын жана ак тилегин жеткирди.

Өз кезегинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Адал бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун бир тууган Казакстан элине жана Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жетекчилигине жолдогон саламын, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө багытталган изги каалоолорун билдирди.
Баарлашууда боордош эки өлкөнүн дин башкармалыктарынын ортосундагы руханий байланыштарды чыңдоо, адал тармагындагы тажрыйба менен бөлүшүү, адистердин кесиптик дараметин жогорулатуу жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый, руханий жана бир туугандык мамилелерди жогору баалап, өз ара кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан Кыргызстандык делегацияга өзгөчө урмат-сый көрсөтүлүп, жолугушуу жылуу маанайда жана өз ара түшүнүшүү шартында өттү. Бул иш сапар боордош эки элдин дин башкармалыктарынын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп калды.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАНДЫН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ДИН БАШКАРМАЛЫКТАРЫ АДАЛ ИШТЕРИ БОЮНЧА  КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАШТЫКазакста...
17/06/2026

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАНДЫН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ДИН БАШКАРМАЛЫКТАРЫ АДАЛ ИШТЕРИ БОЮНЧА КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАШТЫ

Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары, Азирети Муфтийдин орун басары Ермек Касболат уулунун төрагалыгы алдында Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Халал өнүктүрүү институтунун адистери менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын адал бөлүмүн башчысы Максат ажы Атабаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев жана КМДБнын адал бөлүмүн адистери менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда эки өлкөдө халал стандарттарын өркүндөтүү, сертификациялоо системасын өнүктүрүү, өндүрүш ишканаларында көзөмөл жана текшерүү иштерин күчөтүү, ошондой эле халал продукциясынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Тараптар халал индустриясынын заманбап тенденциялары жана эл аралык тажрыйбалар боюнча пикир алмашып, келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, маалымат алмашуу жана өнөктөштүктү бекемдөөнү макулдашышты.

Жыйындын соңунда катышуучулар халал тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен иштерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Ош: Имамдар бирдиктүү формага өтүштүБүгүн, 16-июнь күнү «Сулайман-Тоо» атындагы борбордук мечитте Ош шаарындагы дин кызм...
17/06/2026

Ош: Имамдар бирдиктүү формага өтүштү

Бүгүн, 16-июнь күнү «Сулайман-Тоо» атындагы борбордук мечитте Ош шаарындагы дин кызматкерлеринин маданиятын, бирдиктүү тартибин жана кадыр-баркын арттыруу максатында, калаа аймагындагы бардык мечиттердин имамдары бирдиктүү атайын расмий формалар берилди.

Имамдардын бирдиктүү формага өтүүсү Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен болуп, дин кызматкерлеринин сырткы маданиятын, кийинүү адебин иретке келтирүү жана бирдиктүү стандартты калыптандыруу боюнча тапшырмаларынын алкагында ишке ашты.

Иш-чарага Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, орун басары Акжол ажы Бакиров, өкүлчүлүктүн эмгек жамааты жана шаар аймагындагы жума, беш убакыт намаз окулуучу мечиттердин имамдары катышты.

Самидин кары Атабаев өз сөзүндө имам — бул коомдун күзгүсү, руханий жетекчиси экенин баса белгилеп, бирдиктүү форма дин кызматкерлеринин жоопкерчилигин дагы бир тепкичке көтөрөрүн билдирди.

«Имам эл алдында, трибунада жана коомдук иш-чараларда өзүнүн илими, адеби менен гана эмес, сырткы маданияты, кийими менен да үлгү болушу керек. Бул бирдиктүү кийимдер дин кызматкерлерибиздин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымагын жана расмий статусун көрсөтөт», — деди Самидин кары.

Эскерте кетсек, Ош шаардык мусулмандар казыяты акыркы убактарда дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, мечиттердин заманбап шарттарын жакшыртуу жана санариптештирүү багытында бир катар алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет.

КМДБнын Адал бөлүмүнүн делегациясы Казакстанга иш сапары менен бардыКыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз...
17/06/2026

КМДБнын Адал бөлүмүнүн делегациясы Казакстанга иш сапары менен барды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун «40 кадам» иш мерчеминин алкагында КМДБнын Адал бөлүмүнүн делегациясы Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына иш сапары менен барды.

Делегациянын курамында КМДБнын Адал бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев, бөлүмдүн кызматкерлери Дастан ажы Нукунов, Нурсултан Бактыбек уулу, ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, адал тармагы боюнча координатор Марс ажы Ибраев бар.

Иш сапардын негизги максаты — Кыргызстандагы адал тармагын өркүндөтүү, сертификаттоо жана көзөмөл жүргүзүү багытында тажрыйба алмашуу, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө.
Кыргызстандык делегацияны Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына караштуу «Халал Даму» ЖЧШсынын директору Айбек ажы Аскарбек уулу жогорку деңгээлде тосуп алды.

«Агро Куш» компаниясынын кызматкерлери адал союу боюнча эки күндүк окуудан өттүКыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалы...
16/06/2026

«Агро Куш» компаниясынын кызматкерлери адал союу боюнча эки күндүк окуудан өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Адал бөлүмү Балыкчы шаарында жайгашкан «Агро Куш» компаниясынын кызматкерлери үчүн мал-жандыктарды шарият талаптарына ылайык адал союу боюнча эки күндүк теориялык жана практикалык окуу өткөрдү.

Окуу программасынын алкагында катышуучуларга адал союунун шарияттагы негиздери, касапчыга коюлуучу талаптар, малды союуга даярдоо, союу процессинде колдонулуучу шаймандар, санитардык-гигиеналык нормалар, коопсуздук эрежелери жана адал менен арамдын аралашуусуна жол бербөө чаралары боюнча кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле мал-жандыктын саламаттыгын текшерүү, союу учурунда Аллахтын ысымын айтуу, канды толук агызуу, малга ырайымдуулук менен мамиле кылуу жана өндүрүштүк процессте шарияттык талаптарды так сактоо боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү.

Сабактарды КМДБнын Адал бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев жана аталган бөлүмдүн кызматкери Дастан ажы Нукунов өтүштү. Окуунун жыйынтыгында катышуучулардын алган билими бааланып, программаны ийгиликтүү аяктаган кызматкерлерге атайын сертификаттар тапшырылды.

Бул окуу «Агро Куш» компаниясындагы союу иштеринин шарият талаптарына, санитардык нормаларга жана адал өндүрүш принциптерине ылайык жүргүзүлүшүнө өбөлгө түзөт.

Бишкек шаарында медреселер текшерилди 2026-жылдын 13-июнь күнү, КМДБнын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан жайкы лаг...
15/06/2026

Бишкек шаарында медреселер текшерилди

2026-жылдын 13-июнь күнү, КМДБнын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан жайкы лагер уюштуруп жаткан медреселерге текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү актылардын негизинде уруксат берилди. Ага Бишкек шаарындагы өкүлчүлүк тарабынан түзүлгөн атайын комиссия катышып, лагер өткөрүүгө даярдык көрүп жаткан “Заман шамы” жана “Расул Акрам” медреселеринде жеринде текшерүү иштерин жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө медреселердин жатаканалары, дааратканалары, ашканалары, окуу класстары, спорттук иш-чаралар өткөрүлүүчү аянтчалары жана окуу-тарбия программалары каралды. Ошондой эле лагерге кабыл алынуучу балдардын саны, окуу мөөнөтү, төлөм акысы жана коопсуздук шарттары боюнча маалыматтар текшерилип, тиешелүү талаптардын аткарылышына баа берилди.

КМДБнын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан балдардын жайкы эс алуусун жана диний-агартуу багытындагы билим алуусун сапаттуу уюштуруу максатында көзөмөл иштери мындан ары да улантылат.

Ош шаарында «Козу кызы Бурмакан» жана «Шейит Дөбө» окуу борборлорунун 130 студентине сертификаттар тапшырылдыБүгүн, 9-ию...
09/06/2026

Ош шаарында «Козу кызы Бурмакан» жана «Шейит Дөбө» окуу борборлорунун 130 студентине сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 9-июнь күнү Ош шаарындагы С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драм театрында «Козу кызы Бурмакан» жана «Шейит Дөбө» окуу борборлорун аяктаган 130 студентке сертификаттар тапшырылды. 130 студенттин 37 си 30 пара Куранды толугу менен жаттап хафиза болушса, калган 93 студент шарият илимдерин үйрөнүштү.

Салтанатуу иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлүнүн орун басары Акжол ажы Бакиров, Сулайман Тоо мечитинин имам-хатиби Убайдулла ажы Сарыбаев,окуу борборлордун эмгек жамааты, бүтүрүүчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чара алгач Куран тилаваты менен башталып, андан соң Азирети Муфтий илим алуунун маанилүүлүгүнө токтолду.
«Акыретте бардык адам баласы бири-биринен качкан убакта Куран ээлери ата-энелерин издейт. Мына бүгүнкү Куран жаттаган балдардын ата-энелери бактылуу экенсиңер», -деди Азирети Муфтий.

Андан соң келген коноктор катары менен сөзгө чыгып, бүтүрүүчүлөргө акыл насаат жана кеңештерин беришти.
Ошондой эле эмгеги зор окутуучулар жана бир үй-бүлөдө бир канча Куран жаттаган кары кыздардын ата-энелирене сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара соңунда жалпы бүтүрүүчүлөргө окуу борборлор тарабынан сертификаттар тапшырылып, жыйынтыкталды.

Address

Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00

Telephone

+996312486164

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы:

Share