CDA “COMMUNITY DEVELOPMENT ALLIANCE”

К благополучию страны через развитие сообществ

20/02/2024

🔸Кочкор айыл аймагынын депутаты Жумагул Курманбаеванын уюштуруусунда “Стрессти жана ачууланууну алдын алуу” боюнча райондук денгээлде тренингдер уюштурулду

🔸Бул демилгенин негизги максаты үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көйгөйлөрүн алдын алууга багытталды.

🔸Иш-чарага катышкан Кочкор районунун прокурору – Осмонов Марат Разаковичтин айтымында 2023-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен Кочкор районунда 104 факты катталган.

🔸🔸🔸Бүгүн кезектеги жыйынтыктоочу жолугушуубузду Нарын облусуна караштуу Учкун айыл аймагында өткөрдүк.🔸🔸🔸Иш-чарага катыш...
16/02/2024

🔸🔸🔸Бүгүн кезектеги жыйынтыктоочу жолугушуубузду Нарын облусуна караштуу Учкун айыл аймагында өткөрдүк.
🔸🔸🔸Иш-чарага катышкан айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү кенештин депутат айымдары, аялдар кенешинин мүчөлөрү, айыл өкмөт кызматкерлери Учкун айылдык кенешинин депутат айымдары тарабынан жасалган иштер, жыл ичиндеги долбоордун жыйынтыктары менен тааныштырылды.
Жыйындын жүрүшүндө Учкун айылдык кенешинин депутаты Таалайкул Мамырбаева төмөндөгү ой-пикири менен бөлүштү:
📌📌📌“Долбоорго катышуу менен мен депутаттын ыйгарым укуктары жөнүндө, катуу таштанды калдыктарын чогултуу, сорттоо, тарифтерди бекитүү, социалдык – экономикалык өнүгүү пландарына толуктоолорду киргизүү, эффективдүү пландоо, калкка соц.тармактар аркылуу отчет берүү жөнүндө билимдерге, көндүмдөргө ээ боло алдым. Бул көндүмдөр депутат айым катары элге жакын болууга, көйгөйлөрдү терең билүүгө жана инвестиция тартуу, долбоорлорду жазууга түрткү берди”
@учкун

🔸🔸🔸Кочкор районуна караштуу Ормон – Хан айыл аймагында Жигердуу жарандар тарабынан колдоого алынган “Айымдардын лидерлиг...
16/02/2024

🔸🔸🔸Кочкор районуна караштуу Ормон – Хан айыл аймагында Жигердуу жарандар тарабынан колдоого алынган “Айымдардын лидерлигин жана коомдук иштерге жигердуу катышуусуна дем берүү” долбоорунун жыйынтыктоочу иш- чарасы болуп өттү.
🔸🔸🔸Жыйынга катышкан депутат айымдар 2023-жылдын алкагында жасаган иштери жөнүндө да элге маалымат берип, өзгөчө басымды зордук- зомбулук көйгөйүн алдын алууга иштерине багыттоону баса белгилешти. Себеби, 2023-жылдын жыйынтыгы менен Кочкор районунда зордук- зомбулуктун 120дан ашык фактысы катталган болсо, 80ден ашык факты Ормон-Хан айыл аймагында аныкталган.
🔸🔸🔸Бул маселелерди эске алуу менен өткөн жылда депутат айым Жумагул Курманбаева “Аруузат аялдарды колдоо борборун” ачып, аны түптөөгө 100 000 сом инвестиция тарткан. Бүгүнкү кундө ал борбордон 200 ашык айым колдоого ээ болгондугун кабарланды.
🔸🔸🔸Мындай жигердүү аракеттери үчүн депутат, лидер айымдарга CDA уюму тарабынан жана айыл өкмөтү тарабынан ыраазычылык каттары ыйгарылды.

🔸Баткен облусунун, Лейлек районуна караштуу Тогуз- Булак айыл аймагында депутат айымдардын облустун өнүгүүсүндөгү ролун ...
15/02/2024

🔸Баткен облусунун, Лейлек районуна караштуу Тогуз- Булак айыл аймагында депутат айымдардын облустун өнүгүүсүндөгү ролун жана салымын белгилөөгө арналган маанилүү жыйын болуп өттү.

🔸Иш-чарада депутат айымдар тарабынан жасалган иштер, ишке ашкан жергиликтүү демилгелердин презентациясы жасалды.

🔸Жыйындын жүрүшүндө активдүү депутат айымдарга айылдын өнүгүшүнө кошкон баалуу салымы үчүн ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Бул кубанычтуу баа айымдардын талыкпаган эмгегин жана аракетин гана чагылдырбастан, ошондой эле саясий чөйрөдө теңчиликти жана инклюзияны илгерилетүүдөгү маанилүү кадам катары кызмат кылат.🧡

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШТИН ЛИДЕР, ДЕПУТАТ АЙЫМДАРЫНЫН ӨНҮГҮҮГӨ КОШКОН САЛЫМДАРЫ:Ийгиликтер жана алынган сабактар🔸Кезектеги пра...
14/02/2024

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШТИН ЛИДЕР, ДЕПУТАТ АЙЫМДАРЫНЫН ӨНҮГҮҮГӨ КОШКОН САЛЫМДАРЫ:Ийгиликтер жана алынган сабактар

🔸Кезектеги практикалык жолугушуубуз Ысык-Көл облусуна каратуу Көрт-Күл айыл аймагында уланууда. Иш- чарага айылдык кенештин төрагасы, депутат айымдар, АДК мүчөлөрү, зордук- зомбулукту алдын алуу боюнча комитеттин өкүлдөрү, демилгелүү топтордун мүчөлөрү, шайыр апалар тобунун мүчөлөрү жана айыл өкмөт кызматкерлери катышты.

🔸Жолугушуунун жүрүшүндө “Айымдардын лидерлигин жана коомдук жашоого жигердүү катышуусуна дем берүү” долбоорунун жыйынтыктары презентацияланып, депутат айымдардын ийгиликтүү тажрыйбалары, алынган сабактар талкууланды

🔸Жыйынтыгында депутат айымдарга жергиликтүү кенештин төрагасы Карыпбаев Улан тарабынан жана CDA уюмунан ыраазычылык баракчалары тапшырылды
Төрт-Күл Айыл Өкмөтү USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору

Урматтуу биздин катталуучулар🧡🔸Биз “Айымдардын лидерлигин жогорулатуу жана коомдук жашоого жигердүү катышуусуна дем берү...
13/02/2024

Урматтуу биздин катталуучулар🧡

🔸Биз “Айымдардын лидерлигин жогорулатуу жана коомдук жашоого жигердүү катышуусуна дем берүү” долбоорунун жыйынтыктоочу иш- чараларын Кыргызстандын 20 өнөктөш аймактарында өткөрүп жатабыз.

🔸Кезектеги жолугушуу Баткен облусунун, Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында өткөрүлдү. Иш-чарага жергиликтүү кенештин төрагасы, депутаттар, демилгелүү топтордун мүчөлөрү жана биздин долбоордук команда катышып, айым депутаттардын аракеттерине өз ыраазычылыктарын билдиришти.

🔸Ыраазычылык каттарын тапшыруу менен биз депутат айымдардын жигердүү аракеттерин дагы бир ирет баса белгилеп жана аларга дем-күч берип, шыктанууга өбөлгө болгубуз келет.

Жаны-Алыштын депутат айымдарына ыраазычылык каттары тапшырылды🔸🔸🔸Бүгүн жыйынтыктоочу жолугушуу Чуй облусуна караштуу, Жа...
12/02/2024

Жаны-Алыштын депутат айымдарына ыраазычылык каттары тапшырылды

🔸🔸🔸Бүгүн жыйынтыктоочу жолугушуу Чуй облусуна караштуу, Жаны- Алыш айыл аймагында өткөрүлдү. Жолугушуу “Айымдардын лидерлигин жана коомдук иштерге жигердүү катышуусуна дем берүү” долбоорунун жыйынтыктарын, үйрөнгөн сабактарды талкуулоо, активдуу айымдарга ыраазычылык каттарын тапшыруу максатын көздөдү.

📌📌📌 “Айым депутаттардын саны көбөйгөндөн тарта айылдагы социалдык көйгөйлөргө көп көнүл бурула баштады. Айылдагы айымдардын үну айым депутаттар аркылуу угулууда. Биз дагы өз тарабыбыздан айым депутаттарды колдоп келебиз” – деген ой-пикирин Жаны-Алыш айылдык кенешинин төрагасы Бакыт мырза билдирди.

Кайнене-келин мамилеси талкууланган ток-шоу🎥🔸🔸🔸Кайнене менен келиндин ортосундагы пикир келишпестик маселеси жаңы кѳрүнү...
08/02/2024

Кайнене-келин мамилеси талкууланган ток-шоу🎥

🔸🔸🔸Кайнене менен келиндин ортосундагы пикир келишпестик маселеси жаңы кѳрүнүш эмес. Кээ бир үй-бүлөлөрдө келин кайненеге болгон, ал эми кайнене келинге болгон нааразычылыктарын билдирип келишкен учурлар кездешет. Ал эми кимиси туура экенин аныктоо абдан кыйын. Анткен менен бир үйдѳ түтүн булатып жаткан соң ар биринин милдеттери жана ѳзүнѳ тиешелүү жоопкерчиликтери бар эмеспи. Үй-бүлѳдѳ тынчтык жана сүйүү орношу үчүн келин-кайнене мамилеси жөнүндө бүгүнкү “Бактылуу үй-бүлө сырлары” аталышындагы ток-шоудо талкууланды.

🔸🔸🔸Иш-чаранын негизги максаты ажырашуулардын санын азайтуу, үй- бүлөлүк зордук- зомбулукту алдын алуу жана бактылуу үй- бүлөлөрдүн мыкты мисалдарын, үлгүсүн жайылтуу болуп саналат.

🔸🔸🔸Бул демилге лидер айым Марина Эдигеева тарабынан сунушталып, «Айымдардын лидерлигин жана коомдук жашоого жигердуу катышуусун күчөтүү” долбоорунун алкагында колдоого алынды.

.talas

🔸🔸🔸Бир жылдан ашык убакытта CDA уюму Жигердуу жарандар менен биргеликте “Айымдардын лидерлигин жана коомдук жашоого каты...
07/02/2024

🔸🔸🔸Бир жылдан ашык убакытта CDA уюму Жигердуу жарандар менен биргеликте “Айымдардын лидерлигин жана коомдук жашоого катышуусун күчөтүү” долбоорун 20 өнөктөш айыл өкмөттө ишке ашырды.
Алардын катырында Бакыян айыл аймагы да кирген.

🔸🔸🔸Бакыян айылдык кеңешинин депутат айымдары жыл ичинде социалдык- экономикалык өнүгүү программасына толуктоолорду киргизип, жергиликтүү демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга жетишти.

🔸🔸🔸“Долбоорго катышуу менен системдүү иш алып барууну үйрөндүк”- деген ой- пикирин Бакыян айылдык кенешинин депутаты Динара Шакелова бүгүнкү жолугушууда билдирди.
Иш- чаранын жыйынтыгында активдүү айымдарга ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

Бакыян айыл аймагы

26/01/2024

Воодушевлены воздействием GALS в пилотных СКК🤝

БАТКЕН ОБЛУСУНА КАРАШТУУ ТОГУЗ-БУЛАК АА ПРОЕКТОР БЕРИЛДИ 🔸Кезектеги практикалык жолугушуу Тогуз- Булак айыл аймагында өт...
25/01/2024

БАТКЕН ОБЛУСУНА КАРАШТУУ ТОГУЗ-БУЛАК АА ПРОЕКТОР БЕРИЛДИ

🔸Кезектеги практикалык жолугушуу Тогуз- Булак айыл аймагында өттү. Иш-чарада жергиликтүү кеңештин депутат айымдары тарабынан жүргүзүлгөн иштер өзгөчө катуу тиричилик калдыктарын азайтууга багытталган Алтын колдуу- Алтын балдар” демилгесинин жыйынтыктары поезентацияланды.

🔸Андан тышкары айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүгүү программасына толуктоолорду киргизүү жана 2024-жылдын бюджетинен кароо боюнча айымдар тарабынан берилген 12 сунуш эске алынгандыгы талкууланды.

🔸Бул аракеттери үчүн айымдарды шыктандыруу жана колдоо максатында долбоор тарабынан проектор тапшырылды.

🔸Лейлек районунун аймагында 2024-жылдын 24-январында Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында ...
25/01/2024

🔸Лейлек районунун аймагында 2024-жылдын 24-январында Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын жана Лейлек райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте жыйын болуп өттү.

🔸Иш- чарага мекеме-ишканалардын жетекчилери, РИИБнүн кызматкерлери, имамдар, билим-берүү мекемелеринин тарбиялык иштер боюнча орун басарлары, соц. педагогдор, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңештери, айыл өкмөттөрүнүн социалдык кызматкерлери катышышты.

🔸Жыйындын жүрүшүндө “Активист” коомдук бирикмесинин өкүлү, “Айымдардын лидерлигин жана коомдук турмушка жигердүү катышуусун күчөтүү долбоорунун Лейлек району боюнча мобилизатору Гулсана Сатыева презентация жасап, жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

🔸Ошондой CDA уюмунун адиси Алманбет кызы Айгерим зордук-зомбулук көйгөйүн алдын алууда депутат айымдардын салымына токтолуп, ийгиликтүү тажрыйбалары жөнүндө ой бөлүштү. Жарыш сөзгө чыккан жарандар өздөрүнүн сунуштарын берип, 2024-жылдын иш-планы бекитилди.

Address

Уметалиева, 27
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when CDA posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to CDA:

Share