Федерация профессиональных союзов Кыргызстана

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Федерация профессиональных союзов Кыргызстана

Федерация профессиональных союзов Кыргызстана Единство! Справедливость! Развитие!

Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын Жаштар кеңешинин төрагасынын Кайрат Тороевдин демилгеси менен Шаардык билим...
19/06/2026

Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын Жаштар кеңешинин төрагасынын Кайрат Тороевдин демилгеси менен Шаардык билим берүү комитетинин Жаштар кеңешинин өкүлдөрү жана жаш мугалимдер үчүн таанып-билүү семинары уюштурулду.

Семинардын спикери IT-тармагындагы эксперт Александр Жарков болуп, ал катышуучуларга жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү жана аны билим берүү тармагында колдонуу жолдору тууралуу кеңири маалымат берди. Жаш мугалимдер жасалма интеллекттин жардамы менен сабакка даярданууну жеңилдетүү, окуучулар үчүн кызыктуу жана интерактивдүү сабактарды түзүү, окуу материалдарын даярдоо,
тапшырмаларды иштеп чыгуу жана күнүмдүк иштерге кеткен убакытты үнөмдөө боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты.

Иш-чара кызыктуу жана активдүү маанайда өттү. Катышуучулар көптөгөн суроолорду берип, өз ойлору менен бөлүшүп, билим берүү процессине заманбап технологияларды киргизүүнүн жолдорун талкуулашты. Алынган билимдерди бекемдөө максатында жаш мугалимдер Kahoot интерактивдүү викторинасына катышып, билимдерин оюн форматында текшеришти.

Ошондой эле ачык маектешүүнүн жүрүшүндө жаш адистер өздөрүнүн эмгек жолунун башында туш болуп жаткан көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти. Алардын арасында жаңы жумуш ордуна көнүү, жогорку жумуш жүгү, усулдук колдоонун жетишсиздиги жана кесиптик өнүгүүгө болгон муктаждык сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Катышуучулар семинар абдан пайдалуу жана мазмундуу өткөнүн белгилеп, жаңы билимдерге ээ болуп, тажрыйба алмашууга жана өз ишин натыйжалуу жүргүзүүгө жардам бере турган практикалык куралдарды үйрөнгөнүн белгилешти.
________________
По инициативе председателя Молодежного совета ФПСК Кайрата Тороева состоялся семинар для представителей Молодежного совета Городского комитета образования и молодых педагогов.

Познавательный тренинг провел эксперт в сфере айти Александ Жарков, который рассказал участникам о современных возможностях искусственного интеллекта и его практическом применении в образовательной сфере. Молодые учителя узнали, как с помощью ИИ можно облегчить подготовку к занятиям, создавать интересные и интерактивные уроки, разрабатывать учебные материалы, генерировать задания и экономить время на рутинной работе.

Семинар прошел в живой и заинтересованной атмосфере. Участники активно задавали вопросы, делились своим опытом и обсуждали различные способы внедрения цифровых технологий в образовательный процесс. Для закрепления полученных знаний молодые педагоги приняли участие в интерактивной викторине Kahoot, где смогли проверить свои знания в игровом формате.

Также в ходе открытого диалога молодые специалисты рассказали о трудностях, с которыми сталкиваются в начале своей профессиональной деятельности. Среди наиболее актуальных вопросов были адаптация на новом рабочем месте, высокая нагрузка, нехватка методической поддержки и необходимость постоянного профессионального развития.

Участники отметили, что семинар оказался не только полезным и познавательным, но и дал возможность обменяться мнениями, получить новые знания и найти практические инструменты для повышения эффективности своей работы.

#профсоюз #кесиптикбирлик #жашмугалимдер #кесипээлери #молодыеучителя #труд

«Социалдык өнөктөштүк жана трипартизм. Диалогдогу социалдык өнөктөштөр – туруктуу социалдык өнөктөштүк үчүн эмне зарыл?»...
19/06/2026

«Социалдык өнөктөштүк жана трипартизм. Диалогдогу социалдык өнөктөштөр – туруктуу социалдык өнөктөштүк үчүн эмне зарыл?» аттуу программанын алкагында Кыргызстан Кесиптик бирликтер Федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу «JIA» Бизнес Ассоциациясынын төрагасы Гульнара Сатыбалдиева менен биргеликте Германиядагы иш сапарга катышууда.

14–19-июнь күндөрү Гамбург жана Берлин шаарларында өтүп жаткан программанын жүрүшүндө катышуучулар социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, кесиптик бирликтердин, иш берүүчүлөрдүн жана мамлекеттик институттардын өз ара аракеттенүүсү боюнча Германиянын алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүп жатышат.

Программанын маанилүү иш-чараларынын бири катары Берлин шаарындагы кесиптик бирликтердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда эмгек укуктарын коргоо, жамааттык келишимдер системасы, социалдык диалогду өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Германиянын кесиптик бирликтеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Иш сапардын алкагында делегация Германиянын Бундестагына барып, Германо-Борбордук Азия парламенттик тобунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Германия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, демократиялык институттарды колдоо жана социалдык-эмгек демилгелерин илгерилетүү маселелери каралды.

Ошондой эле Мурадил Джумадилде уулу Германиядагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен жолугушту. Жолугушууда Германияда жашап жана эмгектенип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын коргоо, социалдык колдоо көрсөтүү жана алардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча кызматташууну күчөтүү маселелери талкууланды.

Тараптар социалдык өнөктөштүктү татыктуу эмгекти камсыз кылуунун, социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөнүн жана туруктуу экономикалык өнүгүүнүн натыйжалуу механизми катары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
____________
В рамках программы «Социальное партнерство и трипартизм. Социальные партнеры в диалоге – что необходимо для стабильного социального партнерства?» председатель Федерации профессиональных союзов Кыргызстана Мурадил Джумадилде уулу совместно с председателем Бизнес Ассоциации «JIA» Гульнарой Сатыбалдиевой принимает участие в рабочем визите в Германию.

В ходе программы, проходящей с 14 по 19 июня в Гамбурге и Берлине, участники изучают лучшие немецкие практики социального партнерства, взаимодействия профсоюзов, работодателей и государственных институтов.

Одним из важных мероприятий стала встреча с представителями профсоюзов Берлина, в ходе которой обсуждались вопросы развития социального диалога, защиты трудовых прав работников, коллективно-договорных отношений и перспективы расширения сотрудничества между профсоюзными организациями Кыргызстана и Германии.
Стороны также обменялись опытом в сфере защиты интересов работников и укрепления социальной стабильности.

В рамках визита делегация посетила немецкий Бундестаг, где состоялась встреча с представителями Германо-Центральноазиатской парламентской группы. В ходе обсуждения были рассмотрены вопросы развития сотрудничества между странами Центральной Азии и Германией, поддержки демократических институтов, а также укрепления социальных и трудовых инициатив.

Также председатель Мурадил Джумадилде уулу провел встречу с Чрезвычайным и Полномочным Послом Кыргызской Республики в Германии Омурбеком Текебаевым. В ходе встречи стороны обсудили актуальные вопросы, касающиеся граждан Кыргызской Республики, проживающих и работающих в Германии, в том числе защиту их трудовых прав, вопросы социальной поддержки и укрепления взаимодействия по защите интересов кыргызстанцев за рубежом.

Особое внимание было уделено развитию социального партнерства как эффективного механизма обеспечения достойного труда, социальной справедливости и устойчивого экономического развития.

#профсоюз #кесиптикбирлик #сотрудничество #труд #эмгек #эмгекелишими #профсоюзКыргызстана

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн эмгек инспекторлору тарабынан ...
18/06/2026

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн эмгек инспекторлору тарабынан 12-июнь «Бүткүл дүйнөлүк балдардын эмгегине каршы күнүнүн» алкагында Ош шаарындагы «Кудайберди» унаа тетиктер базарында балдардын укуктарын коргоо жана алардын коопсуз, бактылуу балалыгын камсыз кылуу ар бир чоң адамдын милдети экенин белгилеп, эмгекчилер жана өспүрүмдөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, Эмгек кодексинин 139 беренесине ылайык 18 жашка чеинки адамдардын эмгегин зыяндуу жана кооптуу эмгек шарттарындагы иштерде, жер астындагы иштерде, ошондой эле аткарылышы алардын ден соолугуна жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон жерде колдонууга тыюу салынат.

#профсоюз #кесиптикбирлик #детскийтруд #практическиеработы #балдар #эмгек #мониторинг

Германияда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Германиянын социалдык өнөктөштөрүнүн катышуусунда эмгек мамилелерин өркүндөтүү, ...
18/06/2026

Германияда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Германиянын социалдык өнөктөштөрүнүн катышуусунда эмгек мамилелерин өркүндөтүү, кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо жана социалдык диалогду өнүктүрүү маселелерине арналган эл аралык жолугушуу өтүүдө.

Аталган иш-чарада Кыргызстанды Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу баштаган делегация, ошондой эле Бизнес Ассоциация «JIA» өкүлдөрү көрсөтүүдө. Ошентип, Кыргызстан делегациясынын курамында кесиптик бирликтердин жана иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Германиянын өкүлдөрү эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү, татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу, кызматкерлердин социалдык жана эмгек укуктарын коргоо, ошондой эле иш берүүчүлөр менен кесиптик бирликтердин ортосундагы натыйжалуу кызматташтык маселелерин талкуулашууда.

Мурадил Джумадилде уулу Кесиптик бирликтер федерациясынын ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасады. Ал өз сөзүндө эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, социалдык өнөктөштүктү чыңдоо, жаштар жана аялдар менен иш алып баруу, ошондой эле өлкөнүн аймактарындагы кесиптик бирлик уюмдарын өнүктүрүү багытындагы иштерге токтолду.

«Кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо, татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу жана социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү азыркы коомдун эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Коллективдик келишимдерди түзүү практикасын күчөтүү, кеңири жайылтуу жана киргизүү, эмгек акынын төлөнүшү боюнча мыйзамдык нормалардын жана кызматкерлердин социалдык кепилдиктеринин сакталышын камсыз кылуу зарыл. Бул багытта германдык кесиптештерибиздин алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүү жана өздөштүрүү биз үчүн маанилүү. Мындай эл аралык аянтчалар мыкты тажрыйбалар менен алмашууга, башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөөгө жана эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет», — деп белгиледи ал.

Иш-чаранын программасына ылайык, Германиянын Кесиптик бирликтер конфедерациясынын (DGB) өкүлдөрү социалдык өнөктөштүк жаатындагы Германиянын практикалык тажрыйбасын тааныштырышты. Катышуучулар ар башка өлкөлөрдүн кесиптик бирликтерин жана иш берүүчүлөрүн эмне бириктирерин, социалдык диалогдун улуттук моделдериндеги айырмачылыктарды жана мыкты тажрыйбалар менен алмашуу, өз ара үйрөнүү аркылуу кызматташтыкты кантип чыңдоого болорун талкуулашты.

Иш-чара Кыргызстандын жарандарынын эмгек укуктарын коргоо жана кесиптик бирликтер менен иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин ортосундагы эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
_________________
В Германии проходит международная встреча социальных партнёров с участием представителей стран Центральной Азии и Германии, посвящённая вопросам развития социального диалога, защиты трудовых прав работников и совершенствования трудовых отношений.

Кыргызстан на мероприятии представляет делегация, в состав которой вошли представители Федерации профессиональных союзов Кыргызстана во главе с председателем Мурадилом Джумадилде уулу совместно с представителями Бизнес Ассоциации «JIA».

В ходе встречи представители Кыргызстана, Казахстана, Узбекистана и Германии обсуждают вопросы совершенствования трудового законодательства, обеспечения достойных условий труда, защиты социальных и трудовых прав работников, а также развития эффективного сотрудничества между работодателями и профессиональными союзами.

Мурадил Джумадилде уулу рассказал о деятельности Федерации. В своём выступлении он остановился на работе по защите прав и интересов трудящихся, укреплению социального партнёрства, развитию молодёжного и женского профсоюзного движения, а также на ключевых инициативах Федерации в регионах страны.

«Защита трудовых прав работников, обеспечение достойных условий труда и развитие социального партнёрства являются важнейшими задачами современного общества. Необходимо усиливать работу по внедрению и расширению практики заключения коллективных договоров, обеспечивать строгое соблюдение норм оплаты труда и социальных гарантий работников. В этом направлении нам также важно изучать и перенимать лучший опыт наших германских коллег. Подобные международные площадки позволяют обмениваться лучшими практиками, изучать успешный опыт других стран и вырабатывать эффективные механизмы защиты интересов трудящихся», — отметил он.

Согласно программе мероприятия, представители Немецкой конфедерации профсоюзов (DGB) представили практический опыт Германии в сфере социального партнёрства. Участники обсудили, что объединяет профсоюзы и работодателей разных стран, какие существуют различия в национальных моделях социального диалога и каким образом можно укреплять сотрудничество через обмен лучшими практиками и взаимное обучение.

Мероприятие стало важной площадкой для обсуждения вопросов защиты трудовых прав граждан Кыргызстана и дальнейшего развития международного сотрудничества между профсоюзами и объединениями работодателей.

#профсоюз #кесиптикбирлик #эмгекинспекциясы #эмгек #сотрудничество #кызматташтык

Если сотрудник наряду со своими основными обязанностями выполняет работу временно отсутствующего коллеги, его труд долже...
16/06/2026

Если сотрудник наряду со своими основными обязанностями выполняет работу временно отсутствующего коллеги, его труд должен быть справедливо оценен и оплачен.

Совмещение должностей означает дополнительную ответственность, увеличение объема работы и затрат времени, поэтому работнику полагается соответствующая доплата.

#профсоюз #труд #защитатрудовыхправ #охранатруда #оплачен

Эгер кызматкер өзүнүн негизги милдеттеринен тышкары убактылуу жумушка чыкпай жаткан кызматкердин ишин дагы аткарса, анын...
16/06/2026

Эгер кызматкер өзүнүн негизги милдеттеринен тышкары убактылуу жумушка чыкпай жаткан кызматкердин ишин дагы аткарса, анын эмгеги тийиштүү деңгээлде бааланып, кошумча акы төлөнүшү керек.

Кызматтарды айкалыштыруу кошумча жоопкерчиликти, жумуш көлөмүнүн көбөйүшүн жана кошумча убакытты талап кылат.

#профсоюз #кесиптикбирлик #эмгек #жумушчулар #толомдор

Бүгүн, Жогорку Кеңешинде Аялдардын, балдардын укуктарын жана гендердик теңчиликти коргоо боюнча кеңештин жыйыны болуп өт...
15/06/2026

Бүгүн, Жогорку Кеңешинде Аялдардын, балдардын укуктарын жана гендердик теңчиликти коргоо боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү. Иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын демилгеси менен уюштурулду.

Жыйынга Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Салтанат Мамбетова жана жеңил өнөр жайынын, экономикасынын чектеш тармактарынын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кесиптик бирлдигинин төрайымы Нургюл Иманбаева катышышты.

Иш-чаранын негизги темасы – эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтуктоо фактыларын кароо боюнча Убактылуу нускаманын долбоорун талкуулоо жана өлкөдөгү эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтуктоо боюнча изилдөөнүн концепциясын тааныштыруу болду.

Бул маселе бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу. Эмгек жамааттарында кызматкерлердин укуктарын коргоодо кесиптик бирликтердин ролу өтө чоң. Дал ушул кесиптик бирликтер эмгек укуктарынын бузулушу, басмырлоо, психологиялык басым жана ар кандай куугунтуктоо фактылары боюнча кайрылуулар келип түшөт.

Ошондуктан мындай учурларды өз убагында аныктоо, алдын алуу жана натыйжалуу кароо механизмдерин иштеп чыгуу кызматкерлер үчүн коопсуз жана адилеттүү эмгек шарттарын түзүүгө өбөлгө болот.

Белгилей кетсек, кесиптик бирликтердин ыкчам номери 1229 күн сайын эмгекчилердин кайрылууларын кабыл алууга даяр.
__________________
Сегодня в Жогорку Кенеше состоялось заседание Совета по защите прав женщин, детей и гендерного равенства при Төрага ЖК, организованное в рамках инициативы депутата ЖК Камилы Талиевой.

В заседании приняли участие заведующая отделом социальной защиты Федерации профессиональных союзов Кыргызстана Салтанат Мамбетова и председатель Профсоюза работников легкой промышленности, смежных отраслей экономики и сферы услуг Нургюль Иманбаева.

Основной темой обсуждения стал проект Временной инструкции по рассмотрению случаев насилия и домогательств в сфере труда, а также презентация концепции исследования по вопросам насилия и домогательств в сфере труда в Кыргызстане.

Данная тема имеет особую значимость для защиты трудовых прав граждан. Именно в профсоюзы работники зачастую обращаются за помощью и поддержкой в случаях нарушения трудовых прав, дискриминации, психологического давления, насилия и домогательств на рабочем месте. В связи с этим разработка эффективных механизмов рассмотрения таких случаев является важным шагом к созданию безопасной, справедливой и достойной рабочей среды.

Участники заседания подчеркнули необходимость объединения усилий государственных органов, работодателей и профсоюзов для предотвращения любых форм насилия и домогательств в сфере труда, а также для обеспечения надежной защиты прав и достоинства каждого работника.

Стоит отметить, горячая линия 1229 Федерации профессиональных союзов ежедневно готова принимать обращения трудящихся.

#профсоюз #кесиптикбирлик #зордукзомбулук #жумуш #насилие #домогательствонаработе

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Баткен облусунун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан  2026-жылдын 10-11-и...
15/06/2026

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Баткен облусунун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын 10-11-июнь күндөрү иш пландын алкагында Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында Дыйкан, Исфайрам, М.Таиров, С.Тажибаев атындагы жалпы билим берүү мекемелеринде эмгек коопсуздугу жана эмгек мыйзамдары боюнча мониторинг иштери жүргүзүлдү.

#профсоюз #кесиптикбирлик #эмгекукуктары #защитатрудовыхправ #мониторинг #профсоюзКыргызстан

12/06/2026

Балдардын эмгегин эксплуатациялоого болбойт. Ар бир бала билим алууга, эс алууга жана коопсуз чөйрөдө өсүүгө укуктуу. Балдардын эмгегин пайдалануу алардын ден соолугуна жана келечегине зыян келтирет.
_________________
Детский труд недопустим. Каждый ребенок имеет право на образование, отдых и безопасное детство. Использование детского труда наносит вред здоровью и будущему детей.

#профсоюз #кесиптикбирлик #детскийтруд #язнаюсовитрудовыеправ #труд #балдардынэмгеги

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы 12-июнда белгиленүүчү «Бүткүл дүйнөлүк балдар эмгегине каршы күнүнө» карата ба...
12/06/2026

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы 12-июнда белгиленүүчү «Бүткүл дүйнөлүк балдар эмгегине каршы күнүнө» карата балдардын укуктарын коргоо жана алардын коопсуз, бактылуу балалык чагын камсыз кылуу ар бир чоң адамдын жана коомдун милдети экенин белгилейт.

Балдардын эмгеги кабыл алынгыс көрүнүш болуп саналат. Ар бир бала билим алууга, өнүгүүгө, эс алууга жана өзүнүн кыялдарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышы керек.

Кесиптик бирликтер федерациясы өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерде окуучулар үчүн “Мен өз эмгек укуктарымды билем” аттуу ачык сабактарды өткөрүүдө. Маалыматтык кампаниянын негизги максаты – балдардын эмгек укуктарын коргоо, коомчулуктун көңүлүн бул маселеге буруу.

ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулу белгилегендей:

«Балдар – өлкөбүздүн келечеги. Алардын коопсуздугуна, билим алуусуна жана толук кандуу өнүгүүсүнө шарт түзүү – биздин жалпы жоопкерчилигибиз. Биз ар бир баланын бактылуу балалык чагын камсыз кылуу үчүн күч-аракетибизди бириктиришибиз керек.»

Балдардын бактылуу балалыгы – өлкөнүн ийгиликтүү келечегинин кепилдиги.
_______________
Федерация профессиональных союзов Кыргызстана в связи со Всемирным днем борьбы с детским трудом, который ежегодно отмечается 12 июня, подчеркивает, что защита прав детей и обеспечение им счастливого детства являются общей ответственностью государства, общества и каждого взрослого человека.

Детский труд неприемлем. Каждый ребенок имеет право на образование, развитие, отдых и возможность реализовать свои мечты. Детство должно быть временем счастья, творчества и новых открытий, а не тяжелого труда.

Федерация профессиональных союзов во всех школах страны для школьников проводит информационно-разъяснительную кампанию под названием “Я знаю свои трудовые права”.

Цель кампании – привлечь внимание общества к данной проблеме и повысить знание учеников об их трудовых правах.
Председатель ФПСК Мурадил Джумадилде уулу подчеркивает:

«Дети – это будущее нашей страны. Наша общая задача – создать условия для их безопасного, полноценного развития и качественного образования. Мы должны сделать все возможное, чтобы каждый ребенок рос счастливым, защищенным и имел возможность реализовать свой потенциал».

Счастливое детство каждого ребенка – это надежная основа благополучного будущего Кыргызстана.

#профсоюз #кесиптикбирлик #эмгек #труд #балдардынукукгункоргоо #охранатруда

Address

Улица Чуй 207
Bishkek
720001

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Федерация профессиональных союзов Кыргызстана posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Федерация профессиональных союзов Кыргызстана:

Share

Category