29/03/2025
КЕЛЕРКИ РАМАЗАН АЙЫН ЧЫДАМСЫЗДЫК МЕНЕН КҮТҮҮ
🌙Рамазан айынын коштошуп кете бериши, жоокерлерди аскердик кызматка узатып жатканга окшоштурулат. Аскердик кызматка узатылган баланын артынан сагынуу көз жашын төгүшөт, батыраак аман-эсен кайтып келишин тилеп, дуба кылышат. Кандайдыр бир кайгы-муң сезилет, бирок, кайра жолугабыз деген үмүт адамды жооткотот. Рамазан айы да он бир айга жетпеген кыска убакытта кайра кайтып келип калат. Кайрадан жамаат абалында тараба намазы окулат, кайрадан орозо кармалат, дос-жар, кедей-кембагал да кайрадан ооз ачар дасторкондору менен шаңга бөлөнөт, бардык жерде кайрадан жагымдуу үндөр менен Куран окулат.
🌙 Рамазан айы- Алла Таала момун пенделери үчүн тартуулаган ыйык ай. Алла Таала бул айда ырайымы менен, кечирими менен мамиле кылат. Канчалаган пендесин оттон сактайт, канчалаган пендесине Бейишке кирүүнү важиб кылат. Момун пенделер бул айда таптакыр башкача түрдө Алла Таалага жакындашат. Мына ушул сыяктуу аң - сезимдерден улам ыймандуу адамдар куттуу Рамазан айынын коштошуп кетиши менен кайгырат, кусаланат, эч бир нерсе менен бул ай артта калтырган боштукту толтура албай тургандыктарына ишенишет. Анткени, эч бир орозо Рамазан айында тутулган орозонун ордун толтура албайт. Адам түндө туруп жыйырма рекет намаз окуса, сооп тапкан болот, бирок, бул Рамазан айында окулган тараба намазындай болбойт.Тараба намазынын өзүнө тиешелүү болгон баалуулугу бар. Бул -Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бизге калтырган аманаты.
🌙Күтүү сезими ошол эле кезде башка ибадаттарга да тиешелүү. Махшар майданынын ысыгында салкында тура турган жети түрдүү адам тууралуу айтылган. Булардын бири - жүрөгү мечитке байланган кишилер болгондугу эскерилет.
Корутундулап айтканда, жогоруда айтылган ойлордон улам, ар бир момун пенде Рамазан айынын аяктаганына эмнегедир кайгырып,кусаланып, кийинки Рамазан айынын батыраак келүүсүн тилейт, тилеши керек.