World Food Programme in Kyrgyzstan

World Food Programme in Kyrgyzstan БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы
Всемирная продовольственная программа ООН

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси. Биз өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

***

Всемирная продовольственная программа ООН является лауреатом Нобелевской премии мира 2020 год

а. Мы крупнейшая в мире гуманитарная организация, спасающая жизни в чрезвычайных ситуациях и использующая продовольственную помощь, чтобы проложить путь к миру, стабильности и процветанию для людей, восстанавливающихся после конфликтов, бедствий и последствий изменения климата.

Бүгүн 121 тонна өсүмдүк майы Орусия Федерациясынан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) Ош шаарындагы ка...
09/06/2026

Бүгүн 121 тонна өсүмдүк майы Орусия Федерациясынан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) Ош шаарындагы кампасына жеткирилди. Буга чейин (май айында) 675 тонна байытылган ун дагы Ош шаарына жеткирилген.

БУУ ДАТП улуттук мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (ЭСКММ) акы төлөнүүчү коомдук иштер жана майыптыгы бар кишилердин тамактануусун жакшыртуу программаларына колдоо көрсөтөт. Долбоорлор ирригациялык тармактарды жана таза суу тутумдарын калыбына келтирүүнү; табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу үчүн бак отургузууну жана дарыялардын жээктерин бекемдөөнү; жашоо каражаттарын жана айыл чарбасын жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо боюнча окутууларды, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга азык-түлүк жардам берүүнү камтыйт.
***
Сегодня 121 тонна растительного масла была доставлена из Российской Федерации на склад Всемирной продовольственной программы ООН (ВПП ООН) в городе Ош. Ранее (в мае) в Ош было поставлено 675 тонн обогащенной муки.

ВПП ООН оказывает поддержку программам Министерства труда, социального обеспечения и миграции по оплачиваемым общественным работам и улучшению питания людей с ограниченными возможностями с целью укрепления национальных возможностей. Проекты включают восстановление ирригационных сетей и систем питьевого водоснабжения; посадку деревьев и укрепление берегов рек для снижения рисков; тренинги по укреплению потенциала для развития средств к существованию и передовых методов ведения сельского хозяйства; а также оказание продовольственной поддержки лицам с ограниченными возможностями к трудовой деятельности.

05/06/2026

Бүгүн Дүйнөлүк айлана-чөйрө күнүндө “Жашыл Трейлер” эко-трейлери жөнүндө видео менен бөлүшөбүз. Трейлер БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен «Экофем» Коомдук Фонду тарабынан иш-чаралар үчүн экологиялык чечим катары түзүлдү.

Таштандыларды чогултуу жана желим (пластикалык) калдыктарды иш-чара өтүп жаткан жерде эле меймандардын катышуусу менен кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү жаралды.
***
Сегодня, во Всемирный день окружающей среды, хотим поделиться видео об эко-трейлере («Жашыл трейлер»), который был создан при поддержке Всемирной продовольственной программы ООН и Правительства Швейцарии общественным фондом «Экофем».

Это мобильное эко-решение позволяет на мероприятиях собирать отходы и перерабатывать пластиковые материалы с участием гостей.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) 5-июнда Дүйнөлүк айлана-чөйрө күнүн майрамдоого катышты.Иш-чаранын жүр...
05/06/2026

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) 5-июнда Дүйнөлүк айлана-чөйрө күнүн майрамдоого катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө БУУ ДАТП кайра иштетилген материалдардан жасалган ар түрдүү өнүмдөрдү тартуулап, муну менен экологияга жоопкерчиликтүү мамиленин жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун маанисин баса белгиледи. Коноктор интерактивдүү программага активдүү катышып, экологиялык квизден өтүп, белектерин алышты.

БУУ ДАТП Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө карата жамааттардын туруктуулугун бекемдөөгө көмөктөшүүнү улантууда. 2025-жылы БУУ ДАТП 360,000 аялуу кишиге колдоо көрсөтүп, өнөктөштөр менен биргеликте климаттын туруктуулугуна багытталган 300 долбоорду ишке ашырды.

БУУ ДАТП климаттык тобокелдиктерди камсыздандыруу жана табигый кырсыктардын тобокелдигин баалоо куралдары сыяктуу инновациялык чечимдер аркылуу тобокелдиктерди натыйжалуу болжолдоо жана башкаруу үчүн улуттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.
***
5 июня ВПП ООН приняла участие в национальном праздновании Всемирного дня окружающей среды.

На площадке мероприятия ВПП ООН представила продукцию, изготовленную из переработанных материалов, демонстрируя важность устойчивого потребления и бережного отношения к природным ресурсам. Гости активно включились в интерактивную программу — приняли участие в экологическом квизе и получили памятные призы.

ВПП ООН продолжает содействовать укреплению устойчивости сообществ к изменению климата в Кыргызской Республике. В 2025 году ВПП ООН оказала поддержку 360 000 уязвимым людям и совместно с партнерами реализовала 300 проектов, направленных на обеспечение устойчивости к изменению климата.

Благодаря инновационным решениям, таким как страхование климатических рисков и инструменты оценки рисков стихийных бедствий, ВПП ООН укрепляет национальный потенциал для более эффективного прогнозирования климатических рисков и управления ими.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) Кыргыз Республикасындагы Өкүлү жана Директору Кожиро Накай мырза Су...
01/06/2026

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) Кыргыз Республикасындагы Өкүлү жана Директору Кожиро Накай мырза Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Акунбеков Эрлист мырза менен жолукту.

Тараптар кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде агроазык-түлүк системаларын өнүктүрүү, аялуу жамааттарды колдоо жана элет элинин туруктуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

БУУ ДАТП менен Министрликтин өнөктөштүгү өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга багытталган демилгелерди илгерилетүүдө негизги ролду ойнойт.

***

Представитель и Страновой Директор Всемирной продовольственной программы ООН в КР (ВПП ООН) г-н Кожиро Накай провел встречу с Министром водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики г-ном Акунбековым Эрлистом.

Стороны обсудили приоритетные направления сотрудничества, включая развитие агропродовольственных систем, поддержку уязвимых сообществ и повышение устойчивости сельских домохозяйств.

Партнёрство ВПП ООН и Министерства играет ключевую роль в продвижении инициатив, направленных на улучшение продовольственной безопасности в стране.

Мектептердеги багбанчылыктын негиздери боюнча методикалык колдонмонун бет ачары жана аны КРнын Агартуу министрлигине тап...
26/05/2026

Мектептердеги багбанчылыктын негиздери боюнча методикалык колдонмонун бет ачары жана аны КРнын Агартуу министрлигине тапшыруу аземи болуп өттү.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) окуу-методикалык колдонмону КРнын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык балдардын жана өспүрүмдөрдүн экология, аймак таануу жана туризм борбору жана Кыргыз улуттук агрардык университети менен биргеликте иштеп чыкты.

Колдонмо:

• 10 сааттык окуу программасын
• сабактын пландарын жана тематикалык пландаштырууну
• окуучуларга практикалык тапшырмаларды
• иш дептерлерин жана иллюстрациялык материалдарын камтыйт.

Бул колдонмо мугалимдерге багбанчылыкты окуу процессине киргизүүгө жана мектеп окуучуларын практикалык окууга тартууга жардам берет.

Окуу программасы негизги айыл чарба көндүмдөрүн өнүктүрүп, келечектеги киреше булактарын калыптандыруу менен Мектеп тамак-аш программасынын туруктуулугун бекемдейт.

***

Состоялась презентация и церемония передачи методического пособия Министерству просвещения КР по основам садоводства в школах.

ВПП ООН совместно с Республиканским детско-юношеским центром экологии, краеведения и туризма при Министерстве просвещения КР и Кыргызским национальным аграрным университетом разработали данное учебно-методическое пособие.

Оно включает:

- 10-часовую учебную программу
- планы уроков и тематическое планирование
- практические задания для студентов
- рабочие тетради и иллюстративные материалы.

Пособие помогает учителям интегрировать садоводство в учебный процесс и вовлекать школьников в практическое обучение.

Курс развивает базовые сельскохозяйственные навыки, способствует формированию будущих источников дохода и укрепляет устойчивость Программы школьного питания.

Мектеп тамак-аш коалициясы Кыргыз Республикасынын улуттук милдеттенмесин расмий түрдө бекитти.Коалицияга кирүү – бул эл ...
22/05/2026

Мектеп тамак-аш коалициясы Кыргыз Республикасынын улуттук милдеттенмесин расмий түрдө бекитти.
Коалицияга кирүү – бул эл аралык аренада таанылуу гана эмес, ошондой эле милдеттенме дагы. Мектеп тамак-аш коалициясына кошулуу менен Кыргыз Республикасы мектеп тамак-аш программаларын чыңдоого багытталган глобалдык аракеттерге кошулат.

БУУ ДАТПнын делегациясы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Арменияга Мектеп тамак-а...
20/05/2026

БУУ ДАТПнын делегациясы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Арменияга Мектеп тамак-аш программаларын туруктуу өнүктүрүүгө жана улутташтырууга арналган тажрыйба алмашуу сапарына катышышты. Иш-чара Армениянын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Сириянын катышуучуларын, ошондой эле Бразилиядагы БУУ ДАТПнын алдыңкы тажрыйба борборунун өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болду.

Программанын алкагында делегациялар мыкты тажрыйбаларды талкуулап, мектеп алдындагы бакчалар жана күнөсканалар, буудай азыктарын кайра иштетүү сыяктуу мектеп тамак-ашынын инновациялык моделдери менен таанышышты.

Мындай сапарлар мыкты тажрыйбаларды бөлүшүүгө жана туруктуу мектеп тамак-аш программаларын өнүктүрүүгө жардам берет.
***
Делегация ВПП ООН, а также представители Министерства просвещения Кыргызской Республики, приняли участие в обменном визите в Армению, посвящённом устойчивому развитию и национализации программ школьного питания. Визит объединил участников из Армении, Кыргызстана, Таджикистана и Сирии, а также представителей Центра передового опыта ВПП ООН в Бразилии, став важной площадкой для обмена опытом и укрепления сотрудничества.

В рамках программы делегации обсудили лучшие практики, посетили школы и ознакомились с инновационными моделями школьного питания — от пришкольных садов и теплиц до переработки цельнозерновой продукции.

Такие визиты способствуют обмену передовым опытом и развитию устойчивых программ школьного питания.

Орусия Федерациясынан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына азык-түлүк өткөрүп берүү аземи Ош шаарында да болуп өттү....
15/05/2026

Орусия Федерациясынан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына азык-түлүк өткөрүп берүү аземи Ош шаарында да болуп өттү.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мамлекеттик санариптик маалымат базасында катталган үй-бүлөлөр жергиликтүү инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу кырсыктардын тобокелдигине калктын туруктуулугун жогорулатууга багытталган коомдук долбоорлорго катышкандыгы үчүн ЭСКММ аркылуу акчалай төлөмдөрдү алып, БУУ ДАТП тарабынан кошмуча 300 кг байытылган буудай ун жана 30 литр өсүмдүк майын алышат. Ал эми жумушка орношуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган окутуулардын катышучулары 150 кг буудай унун жана 15 литр өсүмдүк майын алышат.

Бул долбоорлор элет жериндеги жамааттардын инфратүзүмдөрүн өркүндөтүп, табигый кырсыктарга жана климаттык тобокелдиктерге даярдыгын бекемдеп, ошондой эле алардын жумушка орношуу жана жеке ишкердүүлүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
***
Передача продовольствия от Российской Федерации ВПП ООН прошла и в г. Оше.

Семьи, зарегистрированные в государственной цифровой базе данных малообеспеченных семей, будут получать денежные выплаты через МТСОМ и, дополнительно, 300 кг обогащенной пшеничной муки и 30 литров растительного масла от ВПП ООН в обмен на участие в общественных проектах, направленных на восстановление местной инфраструктуры и повышение устойчивости к рискам бедствий и потрясениям, связанным с изменением климата. Участники тренингов по наращиванию потенциала получат 150 кг обогащенной пшеничной муки и 15 литров растительного масла.

Эти проекты не только улучшат инфраструктуру в отдаленных сообществах и помогут им подготовиться к стихийным бедствиям и климатическим рискам, но также создадут больше возможностей для трудоустройства и самозанятости.

1 067 тонна азык-түлүк Орусия Федерациясынан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) Бишкек жана Ош шаарлар...
15/05/2026

1 067 тонна азык-түлүк Орусия Федерациясынан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларына жеткирилди. Бул салым өлкө боюнча жамааттарга коомдук инфратүзүмдү калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу, ошондой эле майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүү долбоорлору аркылуу жардам берет.
БУУ ДАТП улуттук мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (ЭСКММ) акы төлөнүүчү коомдук иштер жана майыптыгы бар кишилердин тамактануусун жакшыртуу программаларына колдоо көрсөтөт. Өлкө боюнча болжол менен 18 000 кишиге байытылган буудай унун жана өсүмдүк майын берүү менен коомдук инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүү аркылуу жумушсуздарга жана аялуу катмарга жардам көрсөтүлмөкчү.
***
1 067 тонн продовольственной помощи, безвозмездно предоставленной Российской Федерацией Всемирной продовольственной программе ООН (ВПП ООН), прибыло на склады в Бишкеке и Оше. Этот вклад обеспечит поддержку уязвимым семьям по всей стране через проекты, направленные на восстановление общественной инфраструктуры, смягчение последствий изменения климата, а также оказание поддержки лицам с инвалидностью.
В рамках поддержки программы оплачиваемых общественных работ и программы улучшения питания лиц с инвалидностью Министерства труда, социального обеспечения и миграции (МТСОМ), ВПП ООН усиливает национальный потенциал по оказанию помощи безработным и уязвимым слоям населения посредством восстановления общественной инфраструктуры, предоставляя обогащенную пшеничную муку и растительное масло примерно 18 000 бенефициарам по всей стране.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Кыргызстандын селден жабыр тарткан райондорундагы абалына байкоо жүргү...
06/05/2026

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Кыргызстандын селден жабыр тарткан райондорундагы абалына байкоо жүргүзүп, жамааттарга инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүүдө.

2026-жылдын 28-апрелинде Алай районунун Гүлчө айылындагы селден 92 үй жана 5 социалдык объектин суу каптап, ошондой эле маанилүү инфратүзүмдөр жабыркады.

Жергиликтүү бийликтин талабы боюнча БУУ ДАТП "Эмгек үчүн азык-түлүк жардамы" долбоорунун алкагында негизги объектилерди калыбына келтирүүнү колдомокчу:
🔹 1 коомдук көпүрө
🔹 2,8 км таза суу түтүктөрү
🔹 4 мал сугаруучу пункт
🔹 сел каналдарын тазалоо жана калыбына келтирүү

Инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүү иштерине 80 жергиликтүү тургун катышып, 25 тонна азык-түлүк (байытылган ун жана өсүмдүк майы) жардамын алышмакчы.

БУУ ДАТП жабыр тарткан жамааттарды колдоп, аларды калыбына келтирүүгө жана келечектеги тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга жардам берүүсүн улантмакчы.
***
ВПП ООН отслеживает ситуацию и последствия селевых потоков в пострадавших районах Кыргызстана, оказывая поддержку сообществам в процессе восстановления.

28 апреля 2026 года селевой поток в селе Гулчо (Алайский район) привёл к подтоплению 92 домов и 5 социальных объектов, а также повреждению важной инфраструктуры.

По запросу местных властей ВПП ООН поддержит восстановление ключевых объектов в рамках проекта «Продовольственная помощь за работу»:
🔹 1 общественный мост
🔹 2,8 км водопровода
🔹 4 точки водопоя для скота
🔹 очистка и восстановление селевых каналов

80 местных жителей примут участие в восстановительных работах. В качестве поддержки они получат продовольственную помощь в объёме 25 тонн (обогащенная мука и растительное масло).

ВПП ООН поддерживает пострадавшие сообщества, помогая им восстановиться и повысить устойчивость к будущим рискам.

Address

52-54 Orozbekov Street
Bishkek
720040

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996312660033

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when World Food Programme in Kyrgyzstan posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to World Food Programme in Kyrgyzstan:

Share