28/02/2025
Перизат Асылбаева , клиникалык психолог
УЛГАЙГАН АДАМДАРДЫН ПСИХОЛОГИЯЛЫК ПРОБЛЕМАЛАР ТУУРАЛУУ
Акыркы убакта улгайган ата энелерине жардам сурап кайрылгандар көп болуп жатат. Бул жакшы тенденция, себеби жаштардын өзүнө эле кам көрбөстөн, ата энелерине менталдык жардам көрсөтүү, жакындарына кам көрүү маданияты өсүп жатканын айгинелейт.
❇️ Улгайган адамдарды кандай көйгөйлөр тынчсыздандырат:
• 📌Баарлашуунун жоктугу. Баарлашуу - бул улгайган адамдар үчүн негизги муктаждык, анткени алардын бай турмуштук тажрыйбасы, көптөгөн эскерүүлөрү жана талкуулоону каалаган темалары бар, бирок күнүмдүк турмуш менен алектенген балдары ата энелери менен баарлашууга убакыт таба бербейт.
• 📌Улгайгандарга көңүл буруунун жоктугу жана алардын кадырын билбөө. Улгайган адамдар өздөрүн пайдалуу, керектүү сезип, турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп кеңеш бергилери келет. Көбүнчө балачакасына кеп-кеңешин айтып, мени укса деп ойлойт, бирок укпай жаткандарын байкап капа болуп калышат.
• 📌Санаа тартуу жана өкүнүчтөр. Жаш куракка байланыштуу болгон өзгөрүүлөр жаңы кыйынчылыктарды, коркууларды жана тынчсызданууларды алып келет. Мунун баарын алсыздык сезимдер курчутат, анткени ал кетип, колдон көп нерсе келбей калат.
• 📌Кайгы жана жоготуулар. Карыган адамдардын достору, жубайлары, тууган-уруктары, жакындары акырындык менен “кете” башташат, айрымдары балдарынан ажырайт. Улгайгандарды уйкунун качышы, начар ден соолук, көз жаш, кыжырдануу коштоп, көнүмүш адатка айланат. Баласынан айрылгандар: «Баламдын алдына кетпей, мен калдым..» деп өкүнүп жашайт.
• 📌Пенсияга чыгуу кризиси (бул темада кийинчерээк өзүнчө пост жазам). Кээ бирөөлөр үчүн пенсия эс алуу жана эркиндикти билдирсе, башкалары үчүн жашоонун маанисин жоготууну билдирет. Айрыкча жетекчилик кызматтарды аркалап, жигердүү профессионалдык турмушта жүргөндөр үчүн кыйын. Пенсияга чыккандан кийин алар потенциалга, тажрыйбага жана энергияга толгонуна карабастан, өздөрүн эч нерсеге жарамсыз деп жана социалдык жактан обочолонушу мүмкүн.
📍Биздин команда улгайгандар категориясы менен иштейт!