08/06/2026
🔹 Аткаруучу директор бөлүмдөр жана долбоордук топтор менен алгачкы таанышуу жолугушууларын өткөрдү
АРИСтин Аткаруучу директору Калыбек Жумадылов Ички аудит бөлүмү жана НПИС, ПУСВС БТ, ПУРСВС долбоорлорунун командалары менен алгачкы таанышуу жолугушууларын өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү, негизги жетишкендиктер жана учурдагы милдеттер талкууланды. Өзгөчө көңүл долбоорлорду өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырууга, финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгын камсыздоого бурулду.
Калыбек Жумадылов коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу, подрядчы уюмдардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү жана бардык деңгээлдерде жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча так милдеттерди койду. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
ПУРСВС долбоорунун командасы менен болгон жолугушууда долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары каралып, жамааттын долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы белгиленди. Аткаруучу директор АРИСтин ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери болуп ачыктык, натыйжалуулук жана жоопкерчилик кала берерин баса белгиледи.
📌 Жолугушуулар боюнча толук пресс-релиз менен АРИСтин расмий сайтынан таанышууга болот:
https://www.aris.kg/index.php?/news/ispolnitelnyj-direktor-provel-oznakomitelnye-vstrechi-s-komandami-realizuemyh-proektov-i-otdelov
**
🔹 Исполнительный директор провел первые ознакомительные встречи с подразделениями и проектными командами
Исполнительный директор АРИС Калыбек Жумадылов провел первые ознакомительные встречи с сотрудниками Отдела внутреннего аудита, а также командами проектов НПИС, ПУСВС БТ и ПУРСВС.
В ходе встреч были обсуждены ход реализации проектов, ключевые результаты и текущие задачи. Особое внимание было уделено соблюдению сроков реализации проектов, эффективному использованию финансовых ресурсов и обеспечению прозрачности закупочных процедур.
Калыбек Жумадылов поставил задачи по усилению мер предупреждения коррупционных рисков, повышению контроля за деятельностью подрядных организаций и укреплению персональной ответственности на всех этапах реализации проектов. Также была подчеркнута важность эффективного взаимодействия с органами местного самоуправления.
На встрече с командой проекта ПУРСВС были рассмотрены итоги реализации проекта, отмечены результаты работы коллектива и его вклад в реализацию проекта. Исполнительный директор подчеркнул, что ключевыми принципами деятельности АРИС остаются прозрачность, эффективность и ответственность.
📌 С полной версией пресс-релиза можно ознакомиться на официальном сайте АРИС:
https://www.aris.kg/index.php?/news/ispolnitelnyj-direktor-provel-oznakomitelnye-vstrechi-s-komandami-realizuemyh-proektov-i-otdelov
#АРИСКР #БИЗБИРГЕБИЗ #МЫВМЕСТЕ