04/05/2026
Достор! «Кыргыз кайрык» 2026 жайкы чыгармачылык резиденциясына кабыл алуу ачылды!
«Кыргыз кайрык» — бул 1 жума бою музыкага, экспериментке, импровизацияга толгон убакыт. Бул жерде сен өз стилиңден чыгып, жаңы үндөрдү издеп, салт менен жаңычa иштеп көрсөң болот.
Кимдерди чакырабыз:
— 18–35 жаштагы музыканттар
— ар кандай багыттагы (салттуу, классика, джаз, электрондук ж.б.)
— аспапчылар, композиторлор, обончулар, диджейлер, төкмө музыканттар
— жаңы нерсеге ачык, изденген адамдар
Программада:
-бирге ойноо, импровизация
-лекциялар
-менторлор (устаттар) менен иштөө
-жаңы чыгармаларды жаратуу
-2026-ж. күзкү концерт (октябрь)
Ысык-Көл, Тон (түштүк жээги)
«Бел Там» боз үй лагери
1–8-июль, 2026 ж.
Орундар чектелүү
Өзүңдүн
— портфолио / резюмеңди
— соц. тармакка шилтемени
— чыгармаларыңды (эгер бар болсо)
[email protected] почтасында 10-июнга чейин кутобуз.